Menu

Казакстан-Кытай

Астана Бээжинге визасыз режим келишиминин жол-жоболору даяр болгонун кабарлады

Казакстан Кытай менен өз ара визасыз режимдин күчүнө кириши үчүн бардык зарыл болгон юридикалык процедураларды бүтүрдү жана бул тууралуу Бээжинге кабарлады.

«Учурда казак тарап бардык ички процедураларды бүтүрдү. Азыр биз кытай тараптан ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу тиешелүү билдирүүнү күтүп жатабыз», – деди Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров.

17-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 30 күнгө өз ара визасыз каттамдарга жол ачкан келишимге кол коюлган.

Казак бийлиги бул келишим эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого түрткү берерин билдирген. Келишимге каршы чыккандар, тактап айтканда, Кытайдагы этникалык казактар бул артыкчылыкты колдонууга мүмкүнчүлүктөрү жок экенин, анткени алардын эркин жүрүү укугу чектелгенин белгилешкен.

Былтыр июль айында Казакстан бир тараптуу түрдө Кытай, Индия жана Ирандан келген туристтер үчүн 14 күндүк визасыз режим киргизген.

Алматыда Кытай менен визасыз режим киргизүүгө каршы акцияга чыккандар кармалды

1-май күнү Алматы шаарында Горький атындагы сейил бакка митингге чыккан онго жакын киши кармалды. Бул тууралуу казак ММКлары кабарлады.

Буга чейин жарандарды митингге чыгууга өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын жетекчиси, чет өлкөдө жашаган Мухтар Аблязов үндөгөн. Ал Кытай жарандарынын Казакстанга визасыз киришине каршы болуп, Астананы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан жана Евразия экономикалык биримдигинен чыгууга чакырган.

Маалыматка караганда, 1-майдагы акцияга жалпысынан 20га жакын киши катышты. Полиция кызматкерлери алардын эмне себептен кармалганы боюнча маалымат берген жок.

Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн “Казакстан менен Кытайдын ортосундагы виза талаптарын жоюу жөнүндөгү келишимге кол коюу” тууралуу мыйзам долбоорун апрелде коомдук талкууга чыгарган. Келишимге 18-19-майда президент Касым-Жомарт Токаев Бээжинге мамлекеттик сапар менен барганда кол коюлары пландалууда.

Казакстанда жарандар ар кандай нааразылык акцияларына чыгуу үчүн акимчиликтен уруксат алышы керек. Уруксат берилбеген акциялар мыйзамсыз деп табылып, катышуучуларды полиция кармайт.

Казакстан менен Кытай өз жарандарына визасыз режим киргизүү келишимине май айында кол коюу күтүлүүдө

Казакстан менен Кытайдын ортосундагы пландалган визасыз режим шинжандык этникалык казактарды камоо же мүмкүн болгон башка куунутуктан коргой албайт.

Бул тууралуу 17-апрелде Казакстандын Тышкы иштер министрнинин атайын өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Кабарчылар суроо узатып, Казакстан жарандыгын алган “кандастар” Кытайга барганда Бээжин аларга иш ачып, камакка алган учурлар болгонун эске салды. Кабарчы эки өлкө ортосунда визасыз режимди киргизүүдө бул жагдай эске алынабы жана бул өлкөгө барганда Кытайда төрөлгөн Казакстан жарандарынын коопсуздугуна кепилдик берилеби деп сурады.

” Кеп Казакстандын жараны жөнүндө болсо да, бул логикага туура келбейт. Ал Кытайга келгенде “Мен Казакстан жаранымын, мага тийбегиле” деп айта албайт. Кылмыш жасаган болсо, албетте, ал үчүн жооп бериши керек”, – деди Айбек Смадияров.

2017-жылдан тартып Кытайдын Шинжаң аймагында мусулман этникалык азчылык өкүлдөрү жабык жайларда кармалган учурлар көбөйгөн. Дүйнө коомчулугу бул жагдайды сынга алып келет. Бээжин ал жайларды “тарбиялоо лагерлери” деп атайт.

Өткөн аптада Казакстан менен Кытай өз ара визасыз режим киргизүүнү пландап жатканы кабарланган. Келишимге ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып, отуз күнгө чейин, 180 күндүк аралыкта жалпы 90 күн визасы жок жүрө алат.

Келишимге 18-19-майда, казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайга мамлекеттик визит менен барганда кол коюлары күтүлүүдө.

Казакстан менен Кытай өз ара визасыз режим киргизүүдө

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Казакстан менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара визалык талаптарды жоюу тууралуу макулдашууга кол коюу жөнүндөгү” токтомду коомдук талкууга алып чыкты.

Бул макулдашууга эки өлкөнүн ТИМ башчылары быйыл май айында, казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коет деп күтүлүүдө.

Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн жарандары чек арадан өткөндөн тарта 30 күн жана андан кийинки 180 күндүк мөөнөттө 90 күн бири-биринин аймагында визасыз жүрө алышат. Бул туристтик, жеке жана ишкердик сапарларга тиешелүү.

Токтом долбоору коомдук талкууда 26-апрелге чейин болот.

Казакстан өткөн жылы июлда Кытайдын, Индиянын жана Ирандын жарандары үчүн 14 күндүк визасыз режим киргизген.

Быйыл февралда Казакстанда каттоодон өтпөгөн “Ата-Журт” партиясы Кытай жарандары үчүн 14 күндүк визасыз режимди жоюуну талап кылган. Партиянын өкүлдөрү иш жүзүндө визасыз режим Кытайдын бардык жарандарына тиешелүү эмес экенин айтышкан.

“Шинжаңдагы казактар бул артыкчылык менен пайдалана алышпайт. Алардын айрымдарынын паспорттору да жок. Алар эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан. Визасыз режим кытай улутундагылар үчүн гана иштейт. “Казактардын ортосундагы өз ара байланышты жакшыртат” деген бийликтин билдирүүсү жалган”, – деген партиянын өкүлү Капар Акат.

Казакстандын бийлиги бул макулдашууга кол коюу – эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө түрткү болорун билдирүүдө.

Меню