Menu

Казак жарандыгы

Казакстанда мамлекеттик тилди билбегендерге жарандык бербөө сунушталууда

Казак өкмөтү “Казакстан Республикасынын жарандыгы тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштеп чыкты. Ага ылайык, казак тилин, Казакстандын тарыхын жана улуттук мыйзамдарын билбөө – жарандык берүүдөн баш тартуу же жарандыгын калыбына келтирбөө үчүн кошумча негиз болуп калат.

Бул тууралуу жергиликтүү Kursiv.Media басылмасы премьер-министр Алихан Смаиловдун депутатка берген жообуна таянып кабарлады.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө Казакстандын аймагында туруктуу жашаган жана билим алган этникалык казактарга гана жарандыкты жеңилдетилген тартипте берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Азыркы мыйзамда жарандык берүүдөн баш тартууга 14 негиз бар. Анын көпчүлүгү мыйзам бузууга байланыштуу. “Казак тилин билбегендерге жарандык берилбейт” деген норма азыр иштеп жаткан мыйзамда жок.

Казакстандын жарандыгына жана мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө байланыштуу тема Орусияда мобилизациядан качкан мигранттардын агымы көбөйгөндөн бери талкууланып жатат.

Орус жергесинде мобилизация башталган 21-сентябрдан октябрдын аягына чейин Казакстанда 200 миңдей чет элдик ИНН (индивидуалдык идентификациялык номер) алууга арыз берген. Муну албаган чет элдиктер өлкөдө мамлекеттик кызматтарды пайдалана албайт жана банктык эсеп ача албайт.

Меню