Menu

Кайрат Иманалиев

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду.

Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды.

Вице-премьер Жылдыз Бакашова, министрлер Дастан Догоев, Асел Чынбаева, Кайрат Иманалиевдер кызматтарынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен, Мамлекет башчысынын 2021-жылдын 12-октябрындагы № 422 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылынат:

Төмөнкүлөр мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулсун:

— Бакашова Жылдыз Кемеловна — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

— Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри;

— Чынбаева Асель Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Токио-2020 32-Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты

2021-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев башында турган, курамына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, министрдин орун басары – Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев кирген Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Токио-2020 32-Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Токиодогу Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын өткөрүү боюнча Япониянын министри Тамайо Марукава, ошондой эле Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технологиялар министри Хагиуда Коити менен эл аралык жана эки тараптуу спорт тармагындагы күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүү тууралуу кыска жолугушуулары болуп өттү.

2021-жылдын 26-июлунда кыргыз делегациясынын Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргыз Республикасы менен достук лигасынын лидери Ген Накатани менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда байланыштарды орнотуу жана чыңдоо маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Сапардын алкагында, ү.ж. 27-июлунда Кыргыз Республикасынын делегациясы Япониянын “Muroo Systems Co. Ltd” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда тараптар маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында япониялык компаниянын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу жана КРнын тиешелүү органдары менен кеңейтилген жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашылды.

Меню