Menu

Кайрат Осмоналиев

Президент Садыр Жапаров Азербайжандагы элчи Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады

Sputnik Азербайжандын пресс-борборундагы маалымат жыйынына шилтеме кылуу менен Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиевдин “Кыргызстан Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Россиядан өзүнчө жолугушууну сунуштады”, – деп бир катар ЖМКларга жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөзгө ээ. Бул тууралу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жогоруда белгиленген маекте бул тууралуу сөз да болгон эмес.

Аны менен бирге, ЖМКда бул сыяктуу бурмаланган чечмелөөгө жана ЖМКларда айың-кептерге жол берген, борбор менен макулдашылбаган билдирүүсү үчүн Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады.

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Осмоналиев Кайрат Медербекович Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Меню