Menu

Кайсын Абакиров

Кайсын Абакиров, адвокат: Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралу видеосун блогер монтаждап, мааниси жана мазмунун бурмалап тараткан

Жетим-Тоо кенин иштетүүнүн айланасында А.К.Сегизбаев катышкан видеотасманы таратуу фактысы боюнча адвокат Кайсын Абакировдун расмий билдирүүсү.
Социалдык түйүндөрдө А.К.Сегизбаевдин сөзүн чагылдырган Жетим-Тоо кенин иштетүүгө байланыштуу видеотасма тарап жатат.
Эскерте кетсек, бул видеотасма эки жыл мурун Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо компаниясы учурунда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жарыяланган, видеотасма толугу менен көрсөтүлбөй, монтаждалган жана Жетим-Тоону иштетүүнүн айланасында А.К.Сегизбаевдин сөзүнүн мааниси жана мазмуну бурмаланган контекстте берилген.
А.К.Сегизбаев видеонун таркатылышына эч кандай тиешеси жок жана биз блоггерлерди, журналисттерди жана ЖМКларды автордун макулдугусуз текшерилбеген жана анык эмес маалыматтарды жарыялабоого чакырабыз, анткени мындай маалыматтарды таратуу сот аркылуу материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга негиз болуп саналат.
Урматтоом менен адвокат Абакиров Кайсын.
Меню