Menu

Камбар-Ата – 1 ГЭСи

"Камбар-Ата-1" ГЭСин үч өлкө түзгөн ишкана башкарат

“Камбар-Ата-1” ГЭСин башкаруу үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди.

Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт.

“Ал ишкана Кыргызстанда катталат жана баары тең биздин колдо болот”, – деди Жакыпов.

6-январда Бишкекте Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу өтүп, анда “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга кол коюлган.

Макулдашууга Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов кол койду.

Министрдин орун басарынын сөзүнө караганда, картада иштин кандай жүрүшү, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, тендерлер кандай өткөрүлөт, алардын шарттарын, убактысын аныктоо жазылган.

Бишкек буга чейин “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынып бүтсө, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлө турганын билдирген. Энергетиктер эки ГЭС тең иштесе, жалпы кубаттуулугу 1000 мегаваттка жете турганын белгилешет.

Президент Садыр Жапаров бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин айткан.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.

Жапаров менен Мирзиёев Камбар-Ата - 1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев 15-сентябрда Самарканд шаарында жолугуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата – 1 ГЭСинин долбоору жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу Жапаровдун администрациясы маалымдады.

Эки президент бул ири долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азиянын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилешти. Алар эки өлкөнүн бардык тараптан кызматташуусун өнүктүрүү жана өзгөчө чек арага жакын облустардын ортосундагы алаканы жакшыртууга көңүл бурушту.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда башталган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду.

Жапаров ШКУнун 15-16-сентябрь күндөрү өтүп жаткан саммитине катышууда. Президенттин басма сөз кызматы жыйында көп тараптуу кызматташуу, аймактык жана эл аралык саясий маселелер талкууланарын буга чейин билдирген.

Садыр Жапаров бул иш-чаранын алкагында Өзбекстандын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Пакистандын лидерлери менен жолукту.

Касым-Жоомарт Токаев: "Камбар-Ата-1" ГЭСи Борбор Азияда энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жардам берет

Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аймактагы гидроэнергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине токтолду.

Анда саммитти утурлай Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга байланыштуу алдын ала макулдашуу болгонун билдирди.

“Казакстан транс чек аралык дарыялардагы суу ресурстарын бири-бирине пайдалуу шартта пайдалануунун алкагында биргелешкен гидроэнергетикалык стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Ушул аспектен алып караганда Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1″ ГЭСин куруу долбоорун белгилесе болот. Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетикалык коопсуздук камсыздоого, айы чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет”,-деди Токаев.

Өткөн айда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Жалал-Абад облусундагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келерин билдирген.

Аталган ГЭСтин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннел түшчү жерде жардыруу болгон. Ага президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстан 30 жыл мурда электр энергиясын экспорттогон өлкө болгонун, азыр тескерисинче аны сатып алып жатканын айткан.

Анын сөзүнө караганда, “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынып бүтсө, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлөт. Эки ГЭС тең иштесе, жалпы кубаттуулугу 1000 мВт жетет.

Президент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин кошумчалаган. Бул каражат ГЭС курула турган аймакка транспорттук тоннел Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө, электр чубалгыларын жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөт. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.

ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Айрым эксперттер бул абдан дымактуу аракет экенин, бирок аны толук ишке ашыруу үчүн негиздүү долбоор, техника-экономикалык олуттуу негиздеме жана чоң суммадагы каражат керектигин айтып жатышат.

Борбор Азия аймагындагы эң ири гидроэлектростанциянын бири “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу башталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө чогулгандарды өлкө үчүн бүгүнкү кубанычтуу окуя менен куттуктап, бул долбоорду ишке ашыруу менен ата мекендик энергетиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин өлкөнүн жана Борбордук Азиянын энергетика системасы үчүн маанисин баса белгилеп, бардыгын биргеликте иш алып барууга, өз салымын кошууга чакырды.

“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналары белгиленет.

Ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана  орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу  5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³  суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун жалпы сметалык баасы 2 миллиард 916 миллион 600 миң долларды түзөт. Курулуш алты этаптан турат.

Долбоор бюджеттик каражаттардын жана тартылган инвестициялардын эсебинен каржыланат.

Бүгүн “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоого арналган расмий иш-чара болот

Бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” гидроэлектростанциясынын курулушу башталат. Расмий иш-чара улуттук телеэфир аркылуу түз көрсөтүлүп, ага президент Садыр Жапаров катышат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ГЭС салына турган жерге көпүрө куруп, туннелди аягына чейин казуу керектигин билдирип, “бул иштерди өкмөт өз күчү менен жасайт” деп айткан. Өкмөт башчы бюджетте 18,8 миллион доллар бар экенин, курулуштун биринчи этабын бүтүрүш үчүн 3,5-5 жыл талап кылынарын, 640 МВт гидроэлектростанцияны беш жылда бүтүрүү планы бар экенин билдирген.

2012-жылы Кыргызстан Орусия менен келишим түзүп, орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан. Кийин Орусия «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турган.

30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин Техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун биринчи этабына даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Нарын дайрасындагы Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясынын курулушуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымдагандай, 2 жыл аралыгында жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктураларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Анын айтымында, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын 8 жылдан соң ишке киргизүү пландаштырылууда.

Сапардын жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров объектидеги даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүүнү камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Маалыматтарга ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын-ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жакында берген маегинде Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга кызыгуусун билдирип жатканын маалымдаган.

Министрлер Кабинетинде Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу жана бир катар энергетикалык объектилерди реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Анда Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу, Камбар-Ата – 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорлору тууралуу кеп жүрдү.

Министрлер Кабинети улуттук энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча бардык кызыкдар инвесторлор, өнөктөштөр жана эл аралык каржы институттары менен кызматташууга даяр экендиги белгиленди.

Азиз Алиев белгилегендей, Энертетика министрлиги Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу аракетин активдештирүүсү зарыл. Ошондой эле ал Финансы министрлигине долбоордун биринчи фазасын ишке ашыруу үчүн каржы булагын аныктоо жана стратегиялык инвесторду тартуу боюнча ишти активдештирүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Буга катар Энергетика министрлигине Токтогул ГЭСинин №4 гидроагрегатын ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Камбар-Ата-2 ГЭСинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелерди иштеп чыгуусу, ошондой эле Евразия өнүктүрүү банкы менен долбоорду узак мөөнөттүү каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү тапшырылды.

Меню