Menu

Камчыбек Ташиев в Баткене

УКМК: кыргыз-тажик чек арасындагы чагымды кара түстөгү аскер кийимчен, аскерлерге таандык эч белгиси жок сакалчан белгисиз адамдар жасаган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуу боюнча жаңжал дагы бир жолу тажик тарабынан тутанганын билдирет. Буга мурда, 2022-жылдын 8-сентябрынан тартып Тажикстан Республикасынын эгемендүүлүк күнүндө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу шылтоосу менен тажик тарап өзүнүн атайын күчтөрүн Ворух анклавына өткөрүп берген чагымчыл аракеттери, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын шарттуу сызыгына жакын жерде ок атуу позицияларын (окоп казуучу) даярдашканы далил болот.

Тажик тараптын уланып жаткан чагымчыл, мыйзамсыз аракеттерине жооп кылып, кыргыз тарап ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө үчүн бир нече жолу ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Мурда болгон сүйлөшүүлөргө карабастан, 2022-жылдын 14-сентябрында саат 08.00дө УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен отрядынын “Булак-Башы” чек ара заставасынын (Тажик Республикасынын Ворух анклавынын түштүк тарабы) жанында тажик тарап ок атуучу куралдарды жана минометторду колдонуу менен бир эле учурда 5 багытта, анын ичинде бир калктуу конушта (Баткен районунун Самаркандек айыл аймагы) куралдуу агрессия көрсөттү.

Кезектеги куралдуу баскынчылык акциясынын натыйжасында 10 жарандык объектиге жана 3 жергиликтүү тургунга зыян келтирилип, алар ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан, алардын бири 11 жаштагы бала.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүнө жана жарандык турак-жай объектилерине куралдуу кол салууда, аскерлердин курамына кирген адамдарга сыртынан окшош, кара түстөгү аскер кийимин кийген, эч кандай аскерлерге таандык белгиси жок сакалчан белгисиз адамдар тарабынан жасалган.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болуп өткөн окуяларга байланыштуу, сырттан жасалган ар кандай чагымчыл аракеттерге карабастан, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү тиешелүү деңгээлде жооп бере аларын билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүнүн бузулушуна коркунуч келтирген Тажикстан Республикасы менен мурда жетишилген макулдашуулардын ар кандай бузулушуна жооп берүүгө даярбыз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тажик тарапты дагы бир жолу бардык чек ара көйгөйлөрүн жана маселелерди тынчтык жолу менен жана сүйлөшүү үстөлүндө чечүүгө чакырат.

Меню