Menu

Камыш өрттөө

Ысык-Көлдүн тургуну 3 бодо малын жоготуп, көлдүн жээгиндеги камыштарды өрттөгөн

6-февраль күнү болжол менен саат 15.00 чамаларында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Тоң районуна караштуу Боз-Бармак участкасында кайгуул кызматын өтөп жатышканда, көлдүн жээгиндеги камыш күйүп жатканын байкашат.

Бул факты боюнча Балыкчы ШРИИБне жана КР ӨКМнин аймактык өрт өчүрүү кызматына билдирүү берилет. Окуя болгон жерге келишкен өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери, милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн жардамы менен өрттү өчүрүүгө жетише алышты. Орун алган өрт, болжол менен бир гектардан ашык аянттагы камышты жок кылган.

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көпкө узабай, камышты өртөгөн жаран аныкталган. Ал, Балыкчы шаарынын 62-жаштагы тургуну М.Д. болуп чыгып, жаран өз күнөсүн толугу менен мойнуна алган. Анын айтымында, 3 бодо малы камыштардын ичине кирип кетип, жок болгондуктан, аларды издөө максатында камыштарга өрт койгон.

Аталган факты боюнча юридикалык баа берүү үчүн, материалдар Тоң РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.   

Меню