Menu

Канатбек Исаев

Камактагы Канатбек Исаев үй камагына чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын карап, аны 20-февралга чейин үй камагына чыгарды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу былтыр 23-октябрда камакка алынган болчу.

Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анын тергөө абагындагы мөөнөтү андан кийин эки жолу эки айга узартылган.

2017-жылы Исаев “мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган” деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгарган.

ИИМ "бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн" саясатчыларды суракка алды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн” деген шек менен камалды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты.

ИИМ Курсан Асанов 14-сентябрда Жазык кодексинин 309-беренеси (“бийликти күч менен басып алуу аракети”) менен сотко чейинки териштирүүнүн негизинде камалганын маалымдады. Билдирүүдө ал “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деп айтылат.

Бул иштин алкагында Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев да кармалды. Журналисттер жеринен орган кызматкерлери Сарыбаевди колуна кишен салып, машинеге отургузуп алып кетишкенин айтты.

Жанарбек Акаев Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген интернетке жарыяланган видео боюнча төрт саат сурак берип чыкты.

“Бийликти басып алууга коомчулукка чакырык жасаган эмесмин. Кыргызстанда бир дагы киши аны далилдеп бере албайт. Суроо-жоопту ачыкка чыгарбоо тууралуу катка кол коюп бергеним үчүн көп нерсени айта албай турам. Суракка чакырган мөөнөттө келип туруу боюнча катка дагы кол коюп бердим”.

Алтынбек Сулайманов сурактан чыккандан кийин бийлик шайлоо алдында биригүү ниети бар топторду алсыратуу аракетин кылып жатышы мүмкүн экенин белгиледи.

“Менин жеке пикиримде, шайлоо алдында чоң командаларды алсыратуу түшүнүгү болуп жатат окшойт. Бизге келе тургандар качышы керекпи же башкабы?.. Мени чакырууга эч себеп жок эле. Эмнеге чакырышканы өзүмө да түшүнүксүз болууда”, – деди ал.

Акматбек Келдибеков менен Исмаил Исаков дагы сурак берип чыгышты.

“Биз сурак берип жатканда Сонунбүбү Кадырованын видеокайрылуусу чыкты. Ал андай жазбаганын, биринчи бет алмаштырылганын, фамилиялар жоктугун, көпчүлүк текст өзгөргөнүн айтты. Бул боюнча сөзсүз изилдөө жүргүзүү керек. Суракта маданият кызматкерлеринин кайрылуусу дегендеги түшкө кирбеген, ойго келбеген нерселер боюнча суроолор берилди. Ким фальсификация кылса, ошону ким жасаган болсо жоопко тартылышы керек”, – деди Келдибеков.

Ал эми Исмаил Исаков бул аракеттерди өзүм билемдик, мыйзам бузуу, коркутуу катары баалады.

“Адамдарды коркутуп, эркиндикти кысып, басып, бардыгын дудук кылуу аракети деп ойлойм. Шайлоого бардырбай же болбосо “бул командага кирбегиле” деген аракеттер болушу ыктымал”, – деди ал.

Исаков кайсы бир билдирүүнү “Ак үйдө же Көк үйдө отуруп бурмалап жазып койсо, башкаларды камап жок кылганга бүгүн мүмкүнчүлүк түзүлүп калганы өтө коркунучтуу” экенин кошумчалады.

Туйгуналы Абдраимов суракка чейин журналисттерге аны “каралоо” аракети жүрүп жатканын билдирген.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылардын суракка чакырылышы боюнча расмий маалымат бере элек.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы “Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү” деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда “Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз” деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты.

Меню