Menu

Кандаштар

Казакстан 2023-жылга кандаштарды кабыл алуу квотасын көбөйттү

Казакстандын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги 2023-жылга карата кандаштарды кабыл алуунун аймактык квотасы жөнүндө маалымат жарыялады.

Ага ылайык, кайрылмандарды жана кандаштарды кабыл алуу боюнча эң көп квота Павлодар облусуна берилди – 3 773 киши. Былтыр бул облуста квота 3 600дү түзгөн.

Эмгек министринин буйругу менен 2023-жылы кандаштар менен кайрылмандарды кабыл алуунун аймактык квотасы 8 652 киши деп белгиленди. Бул былтыркыга салыштырмалуу 566га көп.

Кандаш макамы жана кандаш күбөлүгү чет өлкөлөрдөн бир жылдык мөөнөткө келген этникалык казактарга берилет. Алар бул мөөнөттү дагы алты айга чейин узартып алуу мүмкүндүгүнө ээ.

Былтыр Түркмөнстандан Казакстанга көчүп келген жүздөгөн этникалык казактын он-чактысына гана Маңгыстау облусунда калуу укугу берилгени белгилүү болгон. Калгандары Казакстандын эмгекке жарамдуу кишилер аз жашаган түндүгүнө же чыгышына жер которууга аргасыз болгон.

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 1991-жылдан баштап 2023-жылдын 1-январына чейин тарыхый мекенине 107 миң этникалык казак кайтып келди. Алардын ичинен 19 178 киши 2022-жылы “кандаш” макамын алды.

Меню