Menu

Капиталды легалдаштыруу

Министрлер кабинети капиталды легалдаштыруу кампаниясынын катышуучуларына мурдагы декларациялары жокко чыгарыларын убадалоодо

Экономика жана коммерция министрлиги Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул документ бир катар мамлекеттик кепилдиктерди берүү менен буга чейинки аналогдорунан айырмаланып турат. Алардын ичинде мүлктү жана кирешени мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартууну камсыздоо үчүн салык декларацияларын бир жолу жок кылуу каралган.

Экономика министрлиги жеке жактардын көбү азыркыга чейин салык милдеттенмелерин аткарбай жатканы – аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга түрткөнүн белгилейт.

“Мындай кырдаалда кирешелердин чыгашаларга дал келүүсүнө байкоо жүргүзүү жана байлыгынын өзгөрүшүн салыштыруу менен жалпы декларацияга өтүү – өлкөнүн салык төлөөгө жетилгенинин далили болот”, – деп айтылат маалыматта.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов парламентте сүйлөп жатып, Кыргызстанда мурда үч жолу – 2008, 2009 жана 2013-2014-жылдары капиталды легалдаштыруу кампаниясы болгонун билдирген.

Сунушталып жаткан кампания номиналдуу түрдө башка кишилерге же чет жерде катталган активдерге тиешелүү. Активдердин ээлерин жазадан коргоо үчүн Кылмыш, Кылмыш-жазык, Салык кодекстерине жана “Жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Талкуу учурунда депутаттардын бири каржы пирамидасын уюштургандар бул мыйзамдан пайдаланып кетиши ыктымал экенин белгиледи. Министрлер кабинетинин өкүлү документтин соттук териштирүүсү бар жарандарга тиешеси жокутугун айтты.

Депутат Дастан Бекешов бул мыйзамдын шарапаты менен коррупционерлер уурдап алган мүлктөрүн легалдаштырып аларын айтып, документти четке кагууга үндөп жатат.

Меню