Menu

Карагай уурдоо

Ысык-Көлдө токойдон 19 даана Тянь-Шань карагайын кыйып, уурдап кеткен жаран кармалды

Ак-Суу районунан Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу учуру аныкталды.

Рейд учурунда милиция кызматкерлери Кайырма-Арык айылынын 41 жаштагы У.Ж. аттуу тургунунун үйүнөн 19 даана тилинген Тянь-Шань карагайларын табышкан. Турак жай курулуп жаткан үйдүн ээси бак-дарактарды кыюуга уруксат документтерин милиция кызматкерлерине текшерүү учурунда көрсөтө алган эмес.

Аталган факт, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, материалдык зыянды аныктоо үчүн тиешелүү материалдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Экспертизанын корутундусунун жыйынтыгы боюнча аталган фактыга юридикалык баа берилмекчи.

Ысык-Көлдүн тургуну токойдон 3 куб метр тянь-шан карагайларын мыйзамсыз кыйып, уурдап кеткен

18-майда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлерине, Каракол шаарындагы пилорамалардын биринде мыйзамсыз кыйылган тянь-шань карагайлары тактайга кесилип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Түшкөн маалымат боюнча, аталган кызматтын кызматкерлери, айтылып жаткан пилораманын ордун аныктоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзө башташат. Көп узабай, милиция кызматкерлери «Садус» пилорамасында мыйзамсыз кыйылган карагайлар тактайларга араланып жаткандыгын аныктоого үлгүрүшөт. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Түп районунун Корумду айылынын 36 жаштагы тургуну Ж.Н., тиешелүү уруксаат документтери жок тянь-шань карагайларын өткөн түнү пилорамга алып келип, анын жумушчуларына, документтерди кийинчерээк көрсөтөрүн айтып, кыйылган карагайларды тактай кылып аралаткан. 

Каракол токой чарбасынан чакырылган адистер кесилген тактайлардын көлөмү 3 куб метрди түзөрүн аныкташкан.

Аталган факты Каракол ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар шаардык милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Меню