Menu

Каракалпакстан

Казак бийлиги Өзбекстандан качып келген каракалпакстандык активисттерге качкын макамын берүүдөн баш тартты

Казакстандын бийлиги былтыр Өзбекстандын өтүнүчү менен Алматыда кармалган каракалпакстандык активисттер Кошкарбай Торемуратов менен Жангелди Жаксымбетовго качкын макамын берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Казакстандагы каракалпак диаспорасынын мүчөсү Акылбек Муратбай билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү чечимди Казакстандын жарандык мамилелер боюнча комиссиясы 31-июлда эле кабыл алган. Бирок бул жөнүндө эми гана белгилүү болду.

Торемуратов менен Жаксымбетов 2022-жылы сентябрда өзбек бийлигинин өтүнүчү менен Алматыда кармалган. Өзбекстанда аларга “Өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салуу” беренеси боюнча айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган.

Былтыр октябрда Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму активисттер башпаанек берүү өтүнүчү менен казак бийлигине кайрылганын билдирген. Уюм өз билдирүүсүндө Астананы каракалпак активисттерин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырып, мекенинде алар саясий куугунтукка жана кыйноого кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Былтыр 1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылып, кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жай тургун, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген. Башкы прокуратура кармалган 14 кишиге “Өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салуу” беренеси менен айып тагылганын маалымдаган.

 

16 жылга соттолгон каракалпакстандык активисттин адвокаты Жогорку сотко кайрылды

Каракалпакстандагы окуяларга байланыштуу соттолгон Даулетмурат Тажимуратовдун иниси жана адвокаты Ринат Тажимуратов Өзбекстандын Жогорку сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал “Газете.uz” басылмасына билдирди.

Каракалпакстандын биринчи инстанциядагы соту 31-январда “Эл хызметинде” гезитинин адвокаты жана гезиттин мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан. Ал “Бийликти басып алуу же Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу үчүн кутумга баруу”, “Ири өлчөмдөгү каражатты коромжуга учуратуу же уурдоо”, “Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу”, “Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон жапырт башаламандыктарды уюштуруу” жана “Коомдун коопсуздугу менен тартибине коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тажимуратовдун адвокаты агасына тагылган айыптардын дээрлик баары тергөө жана сот учурунда далилденбегенин белгиледи.

Адвокат “Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу” беренеси менен гана макул болуп, бирок муну ким болбосун колдонсо болорун айтты.

Ринат Тажимуратов Жогорку соттон агасынын ишин карап, жеңил жаза берүүнү сурады.

Бухаранын тергөө абагында өлгөн Каракалпакстандын акыркы президентинин уулу Полат Шамшетов Нукус окуяларында курал колдонулганы боюнча негизги күбө болчу

Каракалпакстандык активист Акылбек Муратов Нукус окуялары боюнча соттолгон Полат Шамшетовдун Бухара шаарынын тергөө абагындагы өлүмүн “таң калычтуу” деп атады.

Анын айтымында, Шамшетов былтыр 1-2-июль күндөрү Каракалпакстанда болгон окуяларда укук коргоо органдарынын курал колдонгон-колдонбогону боюнча негизги күбөлөрдүн бири болчу.

“Өзбекстандын бийлиги курал колдонулбаганын билдирүүдө. Бирок эл аралык Human Rights Watch уюму нааразылыктар учурунда ок атуучу куралдар жана гранаталар колдонулганы тууралуу укук коргоочулардын билдирүүлөрүн жарыялады. Полат Шамшетов Каракалпакстандагы окуялардын маанилүү бөлүгү деп эсептелген ал учурдун негизги күбөлөрүнүн бири болчу”, – деди Муратов.

Быйыл 31-январда жапырт башаламандыктарды уюштуруу айыбы менен алты жылга соттолгон Полат Шамшетов 4-февралда Бухарадагы тергөө абагында өлгөнү кабарланган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарына таянып, Шамшетов курч жүрөк кемтигинен улам каза болгонун билдирген.

Нукустагы окуяларды уюштурду деп камалган Каракалпакстандын биринчи жана акыркы президентинин уулу Полат Шамшетов абакта өлгөнү кабарланды

Каракалпакстандагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия Каракалпакстан ИИМинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Каракалпакстандын биринчи жана акыркы президентинин уулу Полат Шамшетовдун өлүмүнүн жагдайларын иликтей турганын билдирди.

Былтыр 31-январда жапырт башаламандыктарды уюштуруу айыбы менен 6 жылга соттолгон Полат Шамшетов 4-февралда өлгөнү кабарланган. Анын жүрөгү токтоп калганы айтылган.

Комиссиянын мүчөлөрү 6-февралда Бухара облусуна келет. Алар Шамшетовдун өлүмүн, тергөө абагынын абалын текшерип чыгышат.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Өзбекстан казак жараны, каракалпак диаспорасынын Мангистау облусундагы лидери Ниетбай Уразбаевге издөө жарыялады

Өзбекстан Казакстандын Маңгыстау облусундагы каракалпактардын “Аллаяр жолы – Актау” этномаданий биримдигинин төрагасы Ниетбай Уразбаевге мамлекеттер аралык издөө жарыялады. Бул тууралуу каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбай Муратбай билдирди.

Анын айтымында, Уразбаев “Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн бузууга аракет кылган” деп айыпталууда.

“Өзбекстандын өтүнүчү менен Казакстандын Ички иштер министрлиги Уразбаевди издөөдөгү адамдардын тизмесине киргизди. Мындан улам анын Казакстанда эркин жүрүүсү оорлоп калды”, – деп жазды Муратбай Twitter баракчасына.

Казакстандын 53 жаштагы жараны Ниетбай Уразбаев Өзбекстандын бул аракетин быйыл июль айынын башында Каракалпакстанда болгон окуялар менен байланыштырууда.

“Мага карата куугунтуктун себептеринин бири каракалпактарды бириктирген бардык уюмдарды жабуу болушу мүмкүн. Каракалпактардын “Аллаяр жолы” этномаданий биримдиги Казакстан элдеринин ассамблеясына кирет”, – деди Уразбаев.

“Власть” сайтынын маалыматына караганда, Уразбаев июль окуяларынын алдында видеокайрылуу жасап, Каракалпакстанга референдум жолу менен Өзбекстандын курамынан чыгууга укук берген Өзбекстан Конституциясындагы 74-беренени өзгөртүүгө каршы экенин айткан.

Быйыл сентябрь-октябрь айларында Казакстанда туруктуу жашаган төрт каракалпакстандык активист кармалып, тергөө аяктаганга чейин камакка алынды: Зиуар Мирманбетова, Раиса Худайбергенова, Жангельды Жаксымбетов жана Кошкарбай Торемуратов. Алар да бул куугунтукту Каракалпакстандагы окуяларга байланыштырып жатышат.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жай тургун, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

Каракалпакстанда өзгөчө абал режими алынды

Бүгүн, 21-июлдан тартып Каракалпакстан аймагында өзгөчө абал режими жоюлду.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев республиканын Жогорку Кеңешинин кайрылуусун жана аймакта коомдук тартиптин калыбына келгенин эске алуу менен өзгөчө абал режимин мөөнөтүнөн мурда жоюу боюнча жарлыкка кол койду.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары президенттен Каракалпакстанда өзгөчө абалды жоюуну жана толкундоолорго катышы жок жарандарга ырайым берүүнү сурашкан.

Каракалпакстан автономдуу жумуриятынын борбору Нукуста демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышканда 18 киши каза тапты, 243 киши, арасында 38 тартип коргоочу жарадар болду. 516 киши кармалган, кийин бир нечесин кое беришкен.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы “суверендүү республика” деген макамы алынган эле.

Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген. Аймакта августтун башына чейин өзгөчө абал жарыяланган.

Каракалпакстандын көз карансыздыгы үчүн толкундоолордо жараланган дагы 3 киши көз жумду

1-2-июлда Нукуста өлгөн кишилердин саны 21ге жетти. Бул тууралуу 18-июлда өткөн брифингде Өзбекстан Башкы прокуратурасынын маалымат катчысы Хаёт Шамсутдинов билдирди.

“Дарыгерлердин аракетине карабай, абалы өтө оор болгон дагы үч киши көз жумду”, – деп белгиледи ал.

Буга чейин толкундоолор учурунда 18 киши өлгөнү, арасынан төртөө укук коргоо органдарынын кызматкерлери экени айтылган. Шамсутдинов ооруканаларда 16 киши бар экенин кошумчалады. Жалпысынан 274 адам медициналык жардам сурап кайрылган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, укук коргоо органдарынын 141 кызматкери жабыркаган.

Каракалпакстанда нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы “суверендүү республика” деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдогон.

Каракалпакстандагы окуялар боюнча түз линия ишке кирди

Каракалпакстандагы трагедиялуу окуяларды иликтөө боюнча парламенттик комиссия түз линияны ишке киргизди.

Жарандар 1374 кыска номери менен байланышып, июлдун алгачкы күндөрүндө көргөн-билгендерин айтып беришсе болот. Бул тууралуу Газета.уз Акыйкатчы кеңсесине шилтеме берүү менен билдирди.

15-июлда түзүлгөн комиссияны Омбудсмен Феруза Эшматова жетектейт. Ал кийинки күнү эле Каракалпакстанда өз ишин баштаган.

Каракалпакстандын борбору Нукуста демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышканда 18 киши каза тапты, 243 киши, арасында 38 тартип коргоочу жарадар болду. 516 киши кармалган, кийин бир нечесин кое беришкен.

8-июлда Башкы прокуратура 14 киши “бийликти басып алуу үчүн кутумга баруу же конституциялык түзүмдү кулатууга аракет жасоо” айыбы менен 14 киши кармалганын билдирген.

Эл аралык уюмдар, Батыш өлкөлөрү расмий Ташкентти кан төгүүнү көз карандысыз жана адилет иликтөөгө үндөшүүдө.

Каракалпакстандагы өзгөчө абал режими жумшартылды

Өзбекстан президентинин жарлыгы менен киргизилген Каракалпакстандын аймагындагы өзгөчө абал режими жумшартылды.

“Каракалпакстан Республикасындагы абал турукташканын эске алуу менен аймактагы өзгөчө абал режими жумшартылып, коменданттык сааттын убактысы 21:00-07:00дөн 23:00-05:00гө чейин өзгөртүлдү”, – деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Шавкат Мирзиёев 2-июлда кол койгон жарлыкка тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ Олий Мажлистин кароосуна жөнөтүлдү.

Июлдун башында Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында Өзбекстан Конституциясындагы автоном республиканын макамын өзгөртүүгө каршы өткөн жапырт акциялар башаламандыктарга айланып, адамдар өлүп, көп киши жараат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 1-2-июль күндөрү 18 киши өлүп, 243ү жараат алган. Жарадар болгондордун арасында 38 укук коргоо кызматкери болгон. Нааразылык акциялардан кийин 516 киши камакка алынганы кабарланган.

Бул окуялардан соң Каракалпакстанда бир айга өзгөчө абал режими киргизилген.

Каракалпакстандагы окуялар тууралуу баяндама АКШ Конгрессине берилет

Каракалпакстанда 1-2-июль күндөрү болгон окуялар боюнча баяндама АКШ Конгрессине берилет. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) караштуу “Дунё” маалымат агенттиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Өзбекстандын АКШдагы элчиси Жавлон Вахобов “Каракалпакстандагы кырдаал тууралуу объективдүү маалымат берүү үчүн” Конгресс мүчөлөрү менен видеоконференция өткөргөн. Анын жыйынтыгында өзбек тараптын Конгресске баяндама берүүгө даяр экени айтылды. Конгресстин протоколу мыйзам чыгаруу органынын расмий документи катары сенаторлор менен конгрессмендердин бардык кеңселерине тарайт.

“Конгрессмендер Каракалпакстан тууралуу маалыматтардын бул документке киргизилиши Конгресс мүчөлөрүнүн бул маселеде тилектеш экенин көрсөттү”, – деп жазды агенттик.

5-июлда АКШнын Мамлекеттик департаменти Каракалпакстандагы окуялар тууралуу билдирүү жасап, өзбек өкмөтүн бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган. Мекеменин билдирүүсүндө АКШ Өзбекстандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганы жазылган.

Өзбекстандын өкмөтү 1-2-июль күндөрү Каракалпакстанда 18 киши өлүп (анын ичинде 4 укук коргоо кызматкери), 240тан ашык адам жараат алганын билдирген. Өзбек бийлиги коопсуздук күчтөрү нааразылык акцияга чыккандарга карата ок атканын четке кагууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев окуя боюнча толук, анын ичинде күч органдарынын пропорционалдуу күч колдонуусу боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн айткан.

Меню