«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому «Каракол» эл аралык аэропортунда курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүү үчүн потенциалдуу бөдрөтчүлөрдү (подрядчик) 3 лот боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
– №1 лот – «Каракол» эл аралык аэропортунун жаны аэробекетин куруу» долбоору боюнча курулуш-монтаждык иштери»;
– №2 лот – «Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин (УКТ) 400 метрге узартуу менен бирге аэродромдун элементтеринин төшөлмөсүн реконструкциялоо»;
– №3 лот – «Каракол» эл аралык аэропортун жогорку интенсивдүү жарыктандыруу системасы менен жабдуу боюнча жабдыктарды жеткирүү, курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү жумуштарды жүргүзүү, аэродромдогу шамалдын багытын аныктоочу жабдыктарды жана перрондук жарык берүүчү мачталарды орнотуу».
Конкурстук табыштамаларды – 1 түпнуска, 2 көчүрмө – толугу менен чапталган конвертте берилиши зарыл (дареги көрсөтүлгөн конверт электрондук түрдө конкурстук табыштаманын толук пакетинин мазмунун камтууга тийиш). Конкурстук табыштамаларды төмөнкү дарекке жеткизүү талап кылынат: Бишкек ш., «МЭА» ААК, Административдик имарат. Телефон: 0312 69 34 06.
Конкурс тууралуу маалымат www.tenders.kg, www.tender-smart.com сайттарында жарыяланган.
Конкурстук документтер 2022-жылдын 23-августунда саат 15.00 ачылат.