Menu

Каракчылык

УКМК: Араванда дүкөнчүнү уруп-сабап, 19 миң сомун алып, дагы 31 миң сом талап кылган милиционер кармалды

КР УКМК тарабынан ИИМнын Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 25-сентябрында 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Араван райондук милициясынын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты Ж.у.К. кармалды, ал Араван районундагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринен 26 миң сомдук азык-түлүк уурдалды деген факты менен арыздануучусу жок ишти токтотуу үчүн 31 миң сом талап кылган. 

Буга чейин, 2023-жылдын 21-сентябрында участкалык инспектор Ж.у.К. шектүүнү Д.О. аттуу досу менен бирге кеңсесине чакырып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу менен физикалык күч колдонуп, опузалап акча талап кылып, 19 миң сом алганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сузакта түн жамынып жөнөкөй адамды уурдап кетишип, 5 күн уруп-сабап акча талап кылган каракчылар кармалышты

Үстүбүздөгү жылдын 16-август күнү Ош облусунун Алай районунун тургуну К. уулу Т. арыз менен кайрылган.  Анда 2023-жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл
аймагында аны «Өткүр», «Алмаз», «Байэл», «Арзыбек» аттуу балдар бети-башына жана денесинин ар кайсыл жерлерине урушуп, күч колдонуп автоунаага салышып, 3500 сом акчасын тартып алышкан. Андан соң 2023-жылдын 13-август күнү саат 11:00 чамасына чейин аны Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Атабеков айыл аймагында караштуу бейтааныш үйдө мыйзамсыз коркутуп, акча талап кылып, кармап ур-токмокко
алышкандыктарын билдирген.
Аталган маалымат 2023-жылдын 16-август күнү Сузак РИИБдин электрондук журналына катталып, 2023-жылдын 17-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Сузак РИИБдин оперкызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштын бети ачылып, кылмышка тиешеси бар атуулдарды аныктап андан кийин кармоо максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада төмөндөгү атуулдар кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди:
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, мурун соттолгон 2002-жылы туулган С.Б., ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М.уулу А. жана 2000-жылы туулган А.А..
Азыркы учурда жогорудагы кармалган атуулдардын үстүнөн мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Жалал-Абадда ишкерди уурдап кетип, ээн жерде коркутуп 630.000 рубль акчасын алып койгон каракчылар кармалды

Үстүбүздөгү жылдын май айында ички иштер органдарына криминалдык элементтер ишкерлерди опузалап, коркутуулар болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Ушул  жылдын апрель айынын аягында Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече адамдар жергиликтүү тургунга күч колдонушуп, анын “Лексус” үлгүсүндөгү унаасына салып, ээн жерге алып кетишкен. Шектүүлөр  жайытта жабырлануучуну  коркутуп, андан акча талап кыла башташкан. Алгач алар 12 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан. Кийинчерээк жабырлануучуну алар өздөрүнүн эсептерине 630 миң рублдан ашык суммадагы каражатты которууга аргасыз кылышкан.
Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмү «Адам уурдоо» боюнча кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жарандар кармалды.
Кармалгандардын бири Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1986-жылы туулган Э.М. (аты-жөнүн өзгөрткөн К.М.)  мурда Россия Федерациясында тоноо жана опузалап талап кылуу фактылары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Кармалган экинчи жаран Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1995-жылы туулган Т.Б.  мурда бир нече жолу соттолгон, Кыргызстанда жана Россияда мал уурулук, каракчылык, опузалап талап кылуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен аталган жарандарга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Ички иштер министрлиги бизнести коргоо жана ишкерлер алардын ишмердүүлүгү корголгондугун сезиши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн коопсуздугун, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмышкерлерден коргоо маселелеринде укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуусу керек.

ИИМ: Ош шаарында акча алмаштыруучу жайга кол салып, 3 миллион 600 миң сомду карактап кеткен каракчылар кармалды

Жакында, Ош шаарында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте ыкчам-иликтөө
иш-чараларын жүргүзүшүп, мурда жасалган оор кылмыштарга тиешеси бар адамдарды кармашты.
Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде таңкы саат 08.10 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайда каракчылык фактысы катталган.  Медициналык беткап кийген үч белгисиз адам акча алмаштыруучу жайга кирип, акча алмаштыруучу жайдын элүү тогуз жаштагы кызматкеринин денесине залал келтирип, андан соң курал (тапанча) менен коркутушуп, 3 миллион 600 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алышкан. Андан соң кол салгандар аларды күтүп турган ак түстөгү “Деу-Нубира” үлгүсүндөгү унаа менен изин жашырып качып кетишкен.
Жабырлануучу ар кандай оордуктагы жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле, 2023-жылдын 27-январында саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айылында “Мерседес-Вито” үлгүсүндөгү унаада бара жаткан кара беткапчан жана камуфляж кийимчен белгисиз адамдар автоматтан жана тапанчадан үйдүн короосунда токтоп турган “Тойота-Ландкрузер 200” үлгүсүндөгү унаа тарапка ок атышкан.
Кол салгандар акчаны ээлеп алууга аракет кылышкан, бирок алар көздөгөн жыйынтыкка жетпей калгандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн унаасы менен белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмыштарга бир кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тиешеси бар экени аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыктарынын жана УКМКнын кызматкерлери тартылган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында куралдуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү аныкталып кармалды.
Төмөнкү адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган:
-1997-жылы туулган М.Б., Өзбекстан Республикасынын жараны;
-1986-жылы туулган Э.Ж., Өзбекстан Республикасынын жараны,
-1993-жылы туулган А.Т., Өзбекстан Республикасынын жараны, мамлекеттер аралык издөөгө алынган;
– 1986-жылы туулган А.И., Кыргыз Республикасынын жараны;
– 1971-жылы туулган М.Н., Кыргыз Республикасынын жараны;
-1971-жылы туулган Б.Э., Кыргыз Республикасынын жараны;
-1976-жылы туулган А.Ш., Кыргыз Республикасынын жараны;
-2003-жылы туулган С.А., Кыргыз Республикасынын жараны.
Кармалгандардын арасында эл аралык террористтик уюмдун бир нече мүчөлөрү, анын ичинде Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандар жана мурда соттолгондор  да бар.
Кармоо учурунда кармалгандардан белгисиз үлгүдөгү автомат, травматикалык тапанча, ошондой эле так салмагы такталып жаткан «гашиш» баңгизаты алынды. Ошондой эле, колго жасалган бычактар, кастет, ок даары жазоочу жабдыктар, жардыруучу зат – граната табылып алынып, аларга экспертиза дайындалды.
Иликтөө иштери уланууда.

Караколдо 19 жаштагы жигит бир түн ичинде дүкөн карактап, көчөдө бараткан айымга кол салып, акырында бирөөнүн унаасын уурдай качкан

9-февраль күнү, түнкү саат 20:50 чамасында Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө дүкөнгө каракчылык болгондугу тууралуу телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошол замат окуя болгон жерге келген шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу күбөлөрдү суракка алып, азия улутундагы белгисиз жигит дүкөндүн сатуучусуна айнек бөтөлкөнүн сыныгы менен коркутуп, 2000 сом акча каражатын ээлеп алганын, андан кийин белгисиз тарапка жашырынып кеткенин аныкташкан.

Бир нече сааттан кийин Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө бир айым кайрылып, шаардын көчөлөрүнүн биринде белгисиз жаран артынан келип, мойнуна темирге окшош нерсени такап, акча талап кылып жаткан учурда, өтүп бара жаткан адамдарды байкап, кылмыш болгон жерден качып кетткендигин билдирген.

Дагы бир-нече сааттан кийин, шаардык милициянын нөөмөт бөлүгүнүн 102 байланыш телефон номуруна автотранспорт каражаты уурдалганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Унаанын ээси милиция кызматкерлерине “Деу-Нексия” унаасын оталдырып, бир нече мүнөткө үйүнө кирип кеткенде, азия улутундагы белгисиз жигит анын жоктугунан пайдаланып, автоунаасын айдап уурдап кеткендиги жөнүндө билдирген. 

Бардык үч факт Каракол ШИИБдин маалыматтарды каттоо   электрондук журналына катталып, шектүүнүн белгилери милициянын мобилдик топторуна маалымдалган. Милициянын посттору шаардын чыга бериштерине коюлуп, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын командалык борборунун видеобайкоо камералары изилденген. Каракол шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  кызматкерлери бардык жагдайларды иликтеп чыгып, үч кылмышка тең бир эле жарандын тиешеси бар экендигин ыкчам түрдө аныкташкан.

Тергөө-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, көп өтпөй милиционерлер шектүүнү колго түшүрүшкөн. Ал Каракол шаарынын 19 жаштагы туругуну  М.К. болуп чыккан.

Кармалган жаран Каракол шаардык ИИБнүн тергөө кызматына жеткирилип, алар тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 207 (Каракчылык), 208 (Опузалоо) жана 211 (Автомототранспорт каражаттарын уурдоо) беренелеринин негизинде кылмыш иштери козголгон.

Шаардык соту тарабынан кармалган шектүүгө карата тергөө иш-чараларын жүргүзүү учуруна 2 айлык мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

УКМК: Ош шаарынын тургунун балка менен сабап, бычак, тапанча такап, 600.000 сом талап кылган спортсмендер кармалды

КР УКМК тарабынан Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылуу фактысы боюнча аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган – К.у.Б., Х.у.М. жана M.X.A. кылмыштуу топ кармалды.  

2023-жылдын 4-февралында Ош шаарынын аймагында Н.у.М. жана М.Х.А., алар менен бирге Ош шаарынын “Нага Грэпплинг” федерациясынын президенти — К.у.Б. жергиликтүү Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип аны белгисиз багытта алып кетишкени аныкталды. Андан кийин темир балка менен Н.Ш.М.ны сабап, белгисиз маркадагы тапанчаны башына такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан.

Учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана коомдоштукка каршы аракеттенүү, ошондой эле жаш спортчулардын кылмыштуу элементтерге катышуусу боюнча иштерди улантууда.

Ошондой эле, КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери уланууда.

ИИМ: Бишкектин тургунунун эшигин бузуп кирип сабап, $4000 тоноп, дагы акча талап кыла баштаган кылмышкерлер кармалды

Бишкек шаарынын тургуну Ички иштер органдарына кайрылып, мыйзамсыз иш аракеттерин жасаган адамга карата тийиштүү чараларды көрүүнү өтүнгөн.
Маалым болгондой, ушул жылдын 31-январы күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн кире бериш эшигин бузуп киришип, ага карата күч колдонуп, коркутуу жолу менен акча талап кылып, 4 миң АКШ долларын алып кетишкен.
Алар ошону менен токтоп калбастан, кайрадан акча каражатын талап кыла башташкан.
Аталган факты боюнча КР КЖКнын 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнү аныктоо жана колго түшүрүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча УКККБ (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын) кызматкерлери жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ишке ашырылган.
2023-жылдын 3-февралында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүнөн опузалап талап кылынган каражатынын бир бөлүгүн, тактап айтканда 24 000 сом өлчөмүндөгү акча алып жаткан учурунда кылмышка шектүү адамдардын бири кармалган. Бул атайын иш чарага АБПнын (атайын багыттага полктун) жоокерлери да тартылган.
Кармалган жаран мурда бейбаштык, каракчылык жана баңгизатына байланышкан кылмыштар боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган, 1985-жылы Талас облусунда туулган Р.М. экендиги аныкталган.
Ал, шектүү адам катарында убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сот тарабынан бөгөт коюу чарасы эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган.
Учурда аталган кылмыш ишине катыштыгы бар башка өнөктөштөрүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абадда 16 жаштагы өспүрүмдү тоноп кеткен 40 жаштагы жаран кармалды

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун  1961-жылы туулган тургуну М.Г. арыз менен кайрылган, себеби 2022-жылдын 25-август күнү саат 15:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын  Токтогул эс алуу багында жайгашкан “Гулзада” кафесинде А.Н. аттуу 16 жаштагы небересинин базар баасы 19000 сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы жаран чалып алайын деп колунан жулуп алып кетип калган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КБРне катталып,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.И. экендиги такталган. 

2023-жылдын 2-февраль күнү облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын кызматкерлери менен биргеликте шектүү А.И. кармалып, тергөө бөлүмүнө камсыздалган.

Учурда шектүүнүң мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча да кылмыш иштин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

ИИМ: Жалал-Абадда жарандарды уруп-тепкилеп, бычак такап, ири суммадыгы акчаларын карактап жүргөн тургун кармалды

Үстүбуздөгү жылдын 24-январь күнү Сузак районунун 29 жаштагы тургуну М.М. Жалал-Абад ШИИБге арыз менен кайрылган. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Арыздануучунун айтуусунда, 2023-жылдын  21-январь күнү саат 19:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө “Бека”  аттуу жигит  эки досу менен уруп тепкилешип, бычак менен коркутуп, 29 000 сомдук “Поко М4” үлгүсүндөгү телефонун тартып алган. Ошондой эле, жабырлануучуга “15 000 сом менен дагы бир телефон берсең, телефонуңду берем” – деп  “Бека”  аттуу жигит дагы акча каражатын талап кылган.
Чогултулган материал 2023-жылдын 24-январь күнү Жалал-Абад ШИИБдин КБРне катталып, Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматынын тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча берилген тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында “Бека” аттуу жигиттин өздүгү такталган. Ал  мурда бир нече соттолгон Сузак районунун тургуну 2000-ж.т. Т.Б. экендиги такталган.
Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн жана  ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2023-жылдын 24-январь күнү болжол менен саат 21:40 чамаларда Жалал-Абад шаарынын аймагында “ДЭУ Матис” үлгүсүндөгү автоунаасына тинтүү жүргүзүү жана кылмышка шектүү 2000-ж.т. Т.Б. кечиктирилгис түрдө кармоо иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн колунан талап кылган акчалар жана 1 даана кайышка салынган бычак табылып алынган.
Жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда карама-каршылыктар болгондуктан, аларды беттештирип, далил буюмдарга кароо жүргүзүлүп, далил буюм деп табылып кылмыш ишине тиркелген.
Ал эми  шектүү Т.Б. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМ: Жеке ишканага каракчылык менен кол салып, 650.000 сомун уурдап кеткендер кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери каракчылык менен кол салууга шектелген жаранды  кармашты.
2023-жылдын 9-январь күнү ички иштер органдарына чет өлкөнүн жарандары кайрылып, мүлктү ээлеп алуу максатында каракчылык менен кол салгандарга карата  тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. 9-январь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында Сокулук районунда жайгашкан жеке ишкананын имаратына куралданган  бет капчан белгисиз  адамдар кирип келишип, күч колдонушуп, курал менен коркутушуп, 650 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Кылмыш жасалган учурда имараттын ичинде фирманын төрт кызматкери болгон.
Бул факты Чүй облусунун Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүмүндө (Каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин иликтөөгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери дагы тартылган.
Жогорудагы кылмыш ишин уюштурууга шектелген жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары дагы жүргүзүлгөн.
Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1989-жылы туулган Ш.А. кармашты.
Аны кармоо учурунда 9 мм калибрдеги “Макаров”  тапанчасына окшош курал табылып алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Андан сырткары, Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси бар үч жаранды кармашты.
Кармалган жарандардын бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Меню