Menu

Каракчылык Таласта

Таласта 2008-жылы оор кылмыш жасап, качып жүргөн каракчы кармалды

Талас ОИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 2010-жылдан бери оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

2008-жылдын 29-май күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунун жашоочусунун үйүнө белгисиз адамдар киришип, үй ээсин уруп сабап, акча талап кылышып, аялын, баласын жана келинин колу-буттарын байлап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Натыйжада жабырлануучуга олуттуу өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча 2008-жылдын 30-май күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, ал Токтогул районунун Кара-Көл шаарында 1978- жылы туулган М.У. экендиги аныкталган. Ага 2010-жылдын 5-июль күнү сырттан айыбы угузулуп, издөөгө жарыяланган.
Талас ОИИБнын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 2010-жылдан бери оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн кылмышка шектүү жаран М.Унын кайда экендиги аныкталып, Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө кармалган шектүү жаранга карата Талас шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралып, камакка алуу түрү тандалды. Аталган кылмыш иши боюнча учурда тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Меню