Menu

Кара-Балта

УКМК: Дыйканды коркутуп, 150.000 сом талап кылган Кара-Балтадагы кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

УКМК тарабынан иликтөө жана ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында, 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында  узак убакыт бою денесине жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуу жолу менен «Р.С.» аттуу айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылган Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган К.Б. жана Т.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.

Аталган адамдар 2023-жылдын 1-июнунда 130 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, статьясына ылайык келет. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы $2000 пара алып жаткан жеринен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын ортосунда ИИМдин Тергөө кызматына кызмат адамы пара талап кылып жаткан факты боюнча чара көрүү өтүнүчү менен Чүй облусунун тургуну кайрылган. Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкери жер маселесин чечип берүү жана коммерциялык объекттин оң чечилишине көмөк көрсөтүү максатында бир нече айдан бери 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон. Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.
Бир күн мурда Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармашты. Кармалган жаран Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы болуп иштеп келген. Кармалган жаран К.Т. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда пара талап кылуу фактысы иликтенүүдө.
Соттун чечими менен кармалган жаранга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Меню