Menu

Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы

7 жылдан бери иштебей турган «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы "Люкс" этил спиртин өндүрүүнү баштады

«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы крахмал камтыган сырьенун негизинде этил спиртин өндүрүүнү баштады (3,4,5-класстагы буудай).

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, токтоп турган «Кара-Балта спирт заводу» ишке киргизилген.

Бул заводдо акыркы жолу 2015-жылы крахмал камтыган сырга (буудай данына) этил спирти өндүрүлүп, 7 жылдан бери «Люкс» классындагы спирт өндүрүлгөн эмес.

Бүгүнкү күндө 5800 декалитр «Люкс» классындагы спирт даярдалды.

Заводдун үзгүлтүксүз иштеши үчүн 878 миң 640 тонна буудай даны алынып, сырье сатып алуу үзгүлтүксүз жүрүүдө. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен 5 миң тонна буудай данын карыз алуу тартибинде берүү боюнча келишим түзүлдү.

Маалымдама:

«Кара-Балта спирт заводу» МИ – этил спиртин өндүрүү боюнча толук жабдылган ишкана. Негизги багыты спирт өндүрүшү болуп саналат. Ишкана курамында крахмал бар сырьену (3, 4, 5-класстагы буудай) да, кант камтыган сырьену да (кызылча патока, чийки кант) кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бүгүнкү күндө ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 2800 декалитрди түзөт. Ремонт-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, жабдууларды жарым-жартылай жаңырткандан кийин ишкана суткасына 5000 декалитр өндүрүштүк кубаттуулукка жетет.

Меню