Menu

Каржы пирамидалары

ИИМ: Каржы пирамидаларынын Бир баскычтуу Понци схемаларынан, Көп баскычтуу жана Матрица түрлөрүнөн этият болуңуздар

Ички иштер министрлиги жарандарды пирамидалык схемалардын мыйзамсыздыгы тууралуу эскертип, “инвестициялардын” ордуна жеңил жана тез киреше алып келүүчү операцияларга катышпоону сунуштайт.
Каржы пирамидасын өз убагында таанып, акчаңызды “булуттук технологияларга” салбоо үчүн сизде каржы пирамидаларынын негизги түрлөрү кандай экендиги жөнүндө түшүнүк болушу керек:
Бир тепкичтүү (Понци схемалары).
Бул типтеги пирамидаларда бирдиктүү уюштуруучу бар. Ал жогорку киреше алуу үчүн схемага акча салууну сунуштайт. Биринчи инвесторлор кийинки катышуучулардын салымдарынан киреше алышат. Мындай схемалар кадимки
пирамидаларга караганда туруктуу жана узакка созулат.
Пирамиданын катышуучулары кайра инвестициялоону улантууну жана теңтуштарын, тааныштарын тартууга үгүттөшөт.
Схема Карл Понцинин атынан аталган. 1919-жылы ал почта купондоруна инвестициялоону жана валюта курсунун айырмасынан киреше алууну сунуш кылган (Европада купонду бир маркага, ал эми АКШда 6 маркага алмаштырууга болот).
Көп баскычтуу. Бул модель кызматтарды же буюмдарды сатууга ылайыкталып түзүлгөн жана көп баскычтуу пирамиданын ар бир мүчөсү жаңы агенттерди тартуу менен алектенет. Мында буюмдун өзү эч кандай баалуулукка ээ эмес же анын баасы өтө жогору болот.
Пирамиданын катышуучусунун милдети сатып алуучуга буюмдун уникалдуу касиеттери жөнүндө айтып берүү, ошондуктан ал сатып алууну инвестиция катары эсептейт. Бирок, чындыгында, бул пирамидага кирүү акысынын аналогу гана.
Матрица. Бул пирамиданын туруксуз түрү. Мүчө болуу үчүн сиз белгилүү бир сумманы салышыңыз керек. Андан кийин, адам күтүү тизмесинин төмөнкү сабына катталат. Анын артынан канчалык көп адамдар тартылып катталса, тизмедеги статусу ошончолук жогору болот жана керектүү суммага жеткенде ал убада кылынган бонусту алат. Эреже катары, бул баалуу нерсе: электроника, саякаттоо же ал тургай, унаалар. Бул абдан кооптуу схема.
Катышуучулар товарлар үчүн базар баасынан көбүрөөк төлөшөт. Алар уюлдук телефонду, электрондук китепти же программалык компакт-дискти сатып алганда, алар баалуу бонус алууга үмүттөнүшөт. Бирок пирамида кулаганда, алар ашыкча бааланган керексиз буюмдар менен калат.
Ички иштер министрлиги жарандарды мүмкүн болушунча сак болууга, шашылыш чечимдерди кабыл албоого чакырат. Жарандар кырдаалды талдап, туура чечимдерди кабыл алууга тийиш.
Ар кандай маалымат текшерүүнү талап кылат, эң жакшысы ачык булактардан кеңеш жана маалымат алуу туура болот.

ИИМ: Ысык-Көл жана Талас облусунун аймактарында каржы пирамидаларды түзүү учурлары көп катталууда

Көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы каржылык пирамидаларды түзгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 6 айында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында жалпысынан 906 факт аныкталып иликтенген (Ош шаары – 16, Ысык-Көл облусу – 886, Баткен облусу – 1, Талас облусу-3), алардын ичинен сотко жөнөтүлгөн – 875 (Ош шаары – 14, Ысык-Көл облусу – 861), токтотулган – 1 (Ош-1), сотко чейинки өндүрүштө – 30 (Ош шаары – 1, Ысык-Көл облусу – 25, Баткен облусу – 1, Талас облусу-3). Жарандарга келтирилген материалдык чыгым 34 731 331 сомду түзгөн (Ош шаары – 2 529 431 сом, Ысык-Көл облусу – 19 055 000 сом, Баткен облусу – 79 400 сом, Талас облусу – 13067500 сом).
Азыркы учурда Ысык-Көл жана Талас облусунун аймактарында каржы пирамидаларды түзүү учурлары көп катталууда. Азыр Ысык-Көл жана Талас облустарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматтарынын өндүрүшүндө каржы пирамидасынын принцибинде иштеген уюмдарга карата бир нече кылмыш иштери бар. Алсак: “Улан-Амал”, “Балыкчы-Ынтымак”, “Ырыскы”, “Аккуу”, “Ак-Тилек”, “Жүрөккө-Жүрөк”, “Жүрөккө-Жүрөк Тоң”, “Кут”, “Нью-Миллениум”, “Манийклуб” жана акыркы факт Талас облусундагы “Эл Биримдиги”.
Мисалы, Балыкчы шаарында каржы пирамидаларынын ишине байланыштуу бир нече фактылар катталды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, каржы пирамидалары мөөнөтсүз түзүлүп алып, кыска убакыттын ичинде алар өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Тергөөнүн жүрүшүндө 2021-жылы аныкталган маалыматтар боюнча гана жалпы чыгым 19 миллион сомдон ашкан. 2021-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Балыкчы шаарында КЖБРде 863 материал катталып, анын 861 материалы сотко өткөрүлүп берилген.
Мисалы, Талас облусунда “Эл Биримдиги” фондунун алдындагы “каржы пирамидасын” уюштурган адам жакында кармалган. Ал Талас облусунун 1984-жылы туулган тургуну Т.К. болуп чыккан. Ага карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалган адамга карата тергөө кызматына 200дөн ашык арыз келип түшкөн. Жалпы материалдык чыгым 13 миллион сомдон ашкан.
Кармалган адамга байланыштуу тергөө кызматтарына 200дөн ашык арыз келип түшкөн. Жалпы материалдык чыгым 13 миллион сомдон ашты.
Ош шаары боюнча “Нью-Миллениум” каржылык пирамидасы боюнча 2020-жылы өндүрүшкө 16 факт катталып, анын ичинен 14 кылмыш иши сотко кароого жөнөтүлүп, 1 кылмыш иши токтотулуп, учурда 1 кылмыш иши тергелип жатат. Жалпы материалдык чыгым 2,5 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.
Баткен облусунда “Маниийклуб” каржы пирамидасы боюнча бир кылмыш иши тергелип жатат, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 79 миң сомдон ашты.
Каржы пирамидасынын моделинин азыркыга чейин бар экендигинин жана эч качан жоголбой тургандыгынын башкы себеби – адамдардын ачкөздүгү, тез арада байып кетүүгө умтулуусу. Биздин өлкөдө адамдар тез арада байууну эңсешет.
Ички иштер министрлиги дагы бир жолу эскертет! Эгерде сизге жогорку киреше жана акча табуунун оңой жолдорун сунуштап жатышса, анда токтоосуз аргументтерди укпастан кетишиңиз керек – алдамчылар адатта жакшы манипулятор болушат жана адамга психологиялык жана эмоционалдык таасир көрсөтүүнү мыкты өздөштүрүшкөн. Сизди тез эле алдап, акчага козүңузду кызатышы толук мүмкүн. Сиз мунун бардыгы кезектеги “алдоо” экендигин түшүнүшүңүз кажет. Мындай мыйзамсыз иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 214-беренеси (Финансылык пирамидаларды уюштуруу) боюнча ылайык иликтенет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга каржы алдамчыларынан этият болууга чакырат, ЭСИҢИЗДЕРДЕ БОЛСУН:
Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болуп калса, же сизге каршы мыйзамсыз иш-аракеттер пландалып жатат деп шектенип жатсаңыз, дароо милицияга кайрылыңыз! Урматтуу жарандар! Каржылык пирамидасынын алдамчыларынын курмандыгы болуп калбаңыз! Куру кыял мас кылат! Бекер тамак капканда гана болоорун эстен чыгарбаңыз. Сактыкка кордук жок! Алдамчыларга ишенбеңиз!

Меню