Menu

Каржы пирамидасы

Каржы пирамидасын жарнама кылган ырчылар, диний аалымдар, блогерлер жана тамадалар эми 200.000 сомго чейин айып пул төлөшөт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда адамдарга көп суммада зыян келтирип, каржы пирамидасын жалпыга маалымдоо каражаттарынан, Интернеттен ачык жарнама кылгандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболоруна киргизилген өзгөртүүгө ылайык, адамдарга зыян алып келген каржы пирамидасын жарнама кылгандар 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пулга жыгылат.

Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов жазып чыгып, парламент быйыл 5-апрелде колдогон.

Кыргызстанда каржы пирамидаларына акчасын алдаткандар көп. Белгилүү эстрада ырчылары, диний аалымдар, блогерлер жана тамада, алып баруучулар каржы пирамидасын жарнамалаган учурлар да кездешүүдө. Милиция элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылгандарга алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин эскертип келет.

Ысык-Көл облусунда милиция тургундарды каржы пирамидасынын жана алдамчылыктын курмандыгы болбоого чакырат

Каржы пирамидасынын жана алдамчылыктын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн алдын алуу максатында, Ысык-Көл облусунун шаардык. раондук милициянын кызматкерлери, шаардын жаштарынын активдүү катмары менен бирдикте профилактикалык иш-чараларды турмушка ашырууда. Аталган иш чаранын жүрүшүндө, шаардыктарга турмушта орун алган финансалык жана алдамчылык схемалары боюнча кеӊири маалыматтарды беришип, жарандардын акча каражаттарын  алуу үчүн  кандай алдоо жолдору бар экендигин түшүндүрүп кетишти.

Шаарды кыдыруу учурунда, иш-чаранын катышуучулары шаардыктарга, өзгөчө улгайган адамдарга каржы пирамиданын жана алдамчылыктын кандай түрлөрү өзгөчө көп кездешерин айтышып, шектүү каржы уюмдарына акчаларын аманат иретинде салбоону түшүндүрүштү. Милиция кызматкерлери белгилегендей, жаңы катышуучуларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү (пайщиктер, аманатчылар) сарпталганда, каржы пирамидасы сөзсүз түрдө жабылат. Ошол эле учурда, мындай схеманы уюштургандар акча каражаттын олуттуу бөлүгүн өздөрү ээлеп калышат. Ал эми, өз акчаларын салышкан аманатчылар, каражаттарын жоготууга дуушар болушат.

Милиция кызматкерлери эскертишкендей, жөнөкөй коопсуздуктун чараларын сактоо менен, жарандар каржы пирамидасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин таасирине алданбай, өздөрүнүн акча каражаттарын сактыкта алып калышат. Иш чаранын катышуучулары шаардыктарга алдамчылыктын курмандыгы болбоо үчүн атайын даярдалган эскертмелерди таратышты.

Ысык-Көл ОИИБгы бардыгыңыздарды сак болууга жана алдамчылардын чагымчыл аракеттерине берилбөөгө чакырат. Алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн жана аманаттарыңызды жоготпош үчүн финансылык пирамиданын негизги белгилерин эсиңиздерден чыгарбаңыздар:

№ 1 белги. Кепилденген  жогорку кирешени убада кылуу

Алдамчылдар кирешени жылдык 50, 100 жана керек болсо 200 пайыз менен оңой эле кепилдик беришет. Инвестициялоонун ишенимдүү куралы боюнча оптималдуу киреше депозиттер боюнча  чендердин жана банктын кредиттеринин орточо пайыздарынын ортосунда болушу керек. Эгерде сизге сунуштаган киреше банк кредиттеринин чендеринен жогору болсо  (Кыргызстандын рыногунда улуттук валютада 22-25%) мындай уюм финансылык пирамида болушу мүмкүн.

№ 2 белги. Продуктунун жоктугу

Эгерде сизди чакырып жаткан уюмда эч кандай продукт болбосо, бул финансылык пирамида. Жашырынган финансылык пирамидалар да болушу мүмкүн. Продуктусу бар, бирок, аларды эч ким колдонбойт: бул туристтик кызматтар (элиталык эс алуу), компьютердик сабаттуулук, чет тилдери ж.б.у.с. боюнча программалар. Бул продуктуларды сунуштаган компания улам келген адамдардын акчаларынан киреше алат.

№ 3 белги. Башка адамдарды тартуунун эсебинен киреше алуу

Эгерде сиздин негизги тапшырмаңыз башка адамдарды тартуу болсо жана сиздин кирешеңиз ошол адамдар алып келген акчалардан түзүлсө, бул керемет уюмду финансылык пирамида деп айтууга болот.

№ 4 белги. Топ менеджмент жана финансылык отчеттулук жөнүндө маалыматтарга кирүүгө болбой тургандыгы

Эгерде жетекчилик тууралуу маалыматтар жашыруун болсо, сизге финансылык отчеттуулукту бербесе, ага акчаңызды салаардан мурда терең ойлонууңуз керек. Ишенимдүү компанияларда бардыгы ачык-айкын жана жеткиликтүү болот.

№ 5 белги. Финансылык көз карандысыздыкка ишенимдүү  убада берүү

Көбүнчө финансылык пирамидалардын уюштуруучулары жаңы катышуучуларды зомбирлөөнү колдонушат. Финансылык көз карандысыздык жана эркиндик жөнүндө сүйлөшүп, ишенимдүү убадаларды беришет. Оратор катары башка адамдардын эмоцияларын башкара алган адамдар сүйлөшөт.

№ 6 белги. Жыйналыш, байгелерди ойнотуу

Жамааттык иш-чараларга, бардык байгелерди, жолдомолорду  ойнотууларга чакырууларды кабыл албагыла. Финансылык пирамидалар муну ийгиликтүү жана кирешелүү компаниянын образын түзүү үчүн жасашат.

Эң негизги кеңеш: Финансылык пирамиданын курмандыгы болбош үчүн эң эле жөңөкөй нерсе – этият болуу керек: кепилденген жогорку кирешени убада кылууларга ишенбегиле, каражаттарыңарды күмөндүү компанияларга жана адамдарга ишенип бербегиле.  Финансы рыногунун кесипкөй адамдары менен кеңешкиле.  Эмоциялардын жана убадалардын Сиздерге ээлик кылуусуна  жол бербеңиздер, өзүңүздөрдү башкара билиңиздер!

Акчаларыңарды берээрден мурун сөзсүз бардык уюштуруу жана уруксат берилген документтерин текшергиле (лицензия, күбөлүк ж.б.у.с.). Финансылык отчеттулугун жана жетекчилик тууралуу маалыматтарды сурагыла.  Компаниянын кирешеси эмненин эсебинен түзүлөөрүн, ошондой эле сиздин аманатыңыздын кайтарылуу мүмкүндүгүн билгиле  (сиздин акчаларыңыз кайда кетет).

Белгилеп кетсек, 2020-2021 жылдардын аралыгында Балыкчы шаарында жана Каракол шаарында уюшулган 8 каржы пирамидасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн улам, көптөгөн аманатчылар жабыр тартышкан. Үстүбүздөгү жылдын башынан соттун кароосуна 50 миллион сомдон ашык зыян келтирилген 870ке жакын кылмыштар жана жоруктар боюнча иштер жиберилген.

Меню