Menu

Карим Масимов

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов 18 жылга соттолду

Астана шаарынын район аралык соту Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку башчысы Карим Масимовду 18 жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнө ылайык, Масимовдун мүлкү конфискацияланат, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштей албайт.

Масимов мамлекетке чыккынчылык кылууга, бийликти күч менен басып алууга аракет жасоого, кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталган.

Масимовдун орун басарлары – Ануар Садыкулов 16 жылга, Даулет Ергожин 15 жылга, Марат Осипов 3 жылга соттолду. Сот төртөөнө тең мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салды. Алар генерал наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды.

“Мамлекеттин эсебине 10 миллиард теңге, 24 миллион АКШ доллары кайтарылды”, – деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Жараян жабык эшик артында өттү. Сот иши былтыр ноябрда карала баштаган. Ишке “жашыруун” деген мөөр коюлган. Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Масимов 2022-жылы Казакстандагы кандуу январь окуясында кызматтан алынып, 6-январда камалган. Бул иш боюнча анын орун басарлары Ануар Садыкулов, Даулет Ергожин жана Марат Осипов да камалган.

Масимов Казакстандын мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары белгилүү. 57 жаштагы Карим Масимов атайын кызматты 2016-жылдан тарта жетектеген. Ага чейин 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары казак өкмөтүн башкарган.

Казакстандын экс-премьер-министри Карим Масимов чет мамлекеттин өкүлүнөн $2 млн пара алууга шектелүүдө

Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, экс-премьер-министр Карим Масимов жабык келишим аркылуу чет мамлекеттин өкүлдөрүнөн эки миллион доллар пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу 10-мартта комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул каражат Гонконг аркылуу Казакстандын Улуттук банкына кайтарылган.

Билдирүүдө Масимов премьер-министр болуп турганда бизнес-түзүмдөрдүн биринен 2,5 миллиард теңге турган элиталык конок үй жана жер тилкесин алганы боюнча да иликтөө башталганы айтылат.

Атайын кызматтын билдиришинче, Масимов кармалгандан кийин аталган конок үйдөн 17,2 миллион доллар жана алтын куймалар алынган. Мындан тышкары Масимовго таандык бизнес-класстагы кымбат баалуу 11 автоунаа, Нур-Султандагы элиталык эки батир, Алматыдагы хансарай, Акмоло облусундагы курорттук зонадагы жер тилкеси да конфискацияланды.

Масимовдун жакындарынан 5,1 миллион АКШ доллары алынган.

Карим Масимов Казакстандагы соңку нааразылыктардын фонунда 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган.

56 жаштагы Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүргөн. Ал атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

Меню