Menu

Катар

Катар өлкөсү кыргыз түрмөлөрүндө тигүү жана бут кийим өндүрүү ишканаларын, навайкана ачууга жардам берди

Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, ички кызматтын генерал-майору Аскат Эгембердиев  Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту.

Төрага жана Катар Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумун реформалоонун бир нече актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү чөйрөсүн аныктоонун зарылдыгын талкуулашты.

Белгилей кетүүчү нерсе, өз кезегинде,  Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн колдоосу менен, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы өз ара аракеттенүү планын ишке ашыруу алкагында, киреше алып келүүчү өндүрүштү колдоп түзөтүү мекемелеринде тигүү жана бут кийим өндүрүү ишканалары ачылган, ошондой эле нан бышыруучу навайкана модернизацияланган.

Меню