Menu

Киноиндустрия

Бегалы Наргозуев, кинорежисcер: “Киностудияда жыйнаган тажрыйбам аябай жардам берди”

-Бегалы мырза, “Жылкычы чымчык” деп аталган жаңы тасмаңыздын бет ачаары болду. Көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алышты. Тасма канча убакта, кайсыл жерлерде  тартылды?

-Бул мен эчактан бери эле кыялданып жүргөн кыялдагы чыгарма  болчу. Ал эми кинону тартууга болсо бир жарым жыл убакыт кетти. Адегенде Алайда тарталы дегенбиз, кино тартуучу топтун айрым мүчөлөрүн алып алып, атайын кыдырып келгенбиз, Кубат акенин үйүндө да болгонбуз. Сары-Могол айылынан жогору Ленин чокусуна кеткен жолдо атайын жерлерди тандаган болчубуз. Бирок, башкы ролду ойногон эжебиз “ден соолугума байланыштуу алыска бара албайм, кан басымым жогору” дегени кайра башка жактарды издөөгө туура келди. Анан Кумтөрдүн жанында Ара-Бел деген жер бар. Ошол жерде тарттык алгачкы сьемкаларды. Алгач бизге бир топозчу 300 топозун киного тартууга  бермек болгон. Бирок, кээ бир “достор” айнытып коюп, ал тартуу үчүн келгенибизде топозун бербей койгондуктан, башка  бир жакшы топозчуну  таптык. Ошол киши аялы экөө жардам беришти. 2022-жылы март-апрелде толуктоочу эпизоддор Кара-Кужурдан тартылды. Себеби, топоз тууп-төлдөгөн маал ошого туш келет экен. Бийик тоонун шартында иштедик. Бир-эки кишибиз кычкылтек жетишпей, түтөктөн жыгылып калган күндөр болду. Дагы бир  нерсе, ошол жылы кар аз түшүп, ал да бизди бир топ түйүшүккө салды.

-Буга чейин кино чөйрөсүндө 10 жыл иштегенсиз да. Ошол кезде жыйнаган тажрыйбаңыз жардам бергендир?

-Албетте. Мен киностудияга барганда Океев, Шамшиевдердин чыгармачылыгы гүлдөп турган маалы эле, каалаган киносун тартышчу. Алардын артында Убукеев, Базаров, Замир Эралиев, Шамил Жапаровдор кезекке турган мезгил эле. Ондон ашуун ВГИКтин режиссерлук факультетин бүтүрүп келгендер бар болчу. Ошон үчүн бизге режиссердун жардамчысы, ассисенти деген сыяктуу гана кызматтар тийчү. Бирок, ошого да кайыл болуп, мэтрлердин кино тартканын көрөм, үйрөнөм деген ниет менен  жүрдүк. Ошол кишилердин жакшы нерсесин алганга аракет кылып, актерлор менен иштешкенди үйрөндүк. Бизди киностудия СССРдин Госкиносунун, ВГИКтин, Жогорку режиссердук курстардын алдындагы киночулардын квалификациясын жогорулатуучу 3 айлык же 6 айлык курстарына жиберип турчу. ”Мосфильмге”, “Ленфильмге” көп жолу командировкаларга бардым. Дүйнөлүк кинолорду ошол жерден көрүп, чыныгы киноискусство деген эмне экенин ошондо түшүндүм. Ошон үчүн кинодо жыйнаган тажрыйбам аябай жардам берди деп ойлойм.

Сыр болбосо, кино тартканга каражат көп кетет бекен?

-Союз тараганда киностудиядан баарыбыз эле “акча жыйнап келип, кино тартабыз” деген ниет менен кеткенбиз да. Ал кезде кино тартуу аябай кымбатка турчу. Мен андан кийин кино тартканга канча акча керек деп көпкө чейин сурап жүрдүм. Чоң суммалар айтылып аткан. Анан былтыр менин алым жете турган суммалар айтылып калды. Себеби, азыр санариптик кинолор келди. Пленка сатып алыштын кереги жок. Камерага флешка салып алып эле тарта бересиң. Пленка жуумай жок, брак болуп калыптыр,  кайра тартабыз деген жок. Азыр 100 миң долларга тартса болот. Мен киностудияда иштеп жүргөндө 1 млн.долларга тартылчу кинолор.

Тартуу процессинде сиз үчүн эң кыйын нерсе эмне болду?

-Мен  дебютант режиссер болгонум үчүн кандай болоор экен деген күдүктөнүү кыйнады. Сен өзүңө өзүң ишенбей жатсаң ал атмосфера жалпы кино тартуучу топко да таркайт экен. Режиссер негизинен мизансцена түзгөндү билип, актерлордун оюнун көзөмөлдөшү  керек. Мен бул маселени кантип чечтим? Өзү дүйнөлүк профессионал кинодо мизансценаны коюучу оператор менен сүрөтчү жасайт. Бирок, бизде сүрөтчү ооруп, катыша албай калгандыктан, мен көбүнчө кинооператорубуз Хасан Кыдыралиевдин тажырыйбасына таяндым. Ал эми актерлор менен иштешүүдө экинчи режиссер катары Бусурманкул Одуракаевди алгам. Ал иштеп атты. Өзүм дагы актерлорго “мен актерлук искусствону окуган эмесмин, силерге кыйын билем деп үйрөтө  албайм. Болгон суранычым, реалдуу турмушта адам ушундай кырдаалда өзүн кандай сезет, ошол образга кирип ойногула” дедим. Алар да дароо эле түшүнүшүп, образга кирип кетишти.

Дегеле биздин кинодо режиссерго аябай көп милдет жүктөлөт. Монтаж да режиссердун мойнунда. А дүйнөлүк практикада кинорежиссер тартып койгонду гана белет. Калганын бүт башка адистер жасайт.

Фильмге өзүңүз канчалык деңгээлде канааттандыңыз? Тасма тартылып бүткөндөн кийин эми жаңы пландар пайда болгондур?

-Мен өзүм каалагандын 70 пайызын гана аткара алдым деп ойлойм. Ага ар түрдүү себептер болду. Шартка, мүмкүнчүлүккө байланыштуу жасайбыз деп туруп жасай албай калып аттык. Бирок, көрөрмандар жакшы кабыл алгандан кийин, айрыкча Кубат аке “ишке ашыптыр” дегенден кийин санаам бир аз тынчып калды.

Пландар албетте, бар. Менин өзүмдүн бир сценарийим бар. Бала менен эненин мамилеси жөнүндө. Быйыл тартам деп ойлодум эле, бирок, үлгүрбөй калып, кийинки жылга өтүп кетет окшойт. Андан сырткары, Кубат акенин мен кызыгып жүргөн эки-үч чыгармасы бар, эгер өзү макул болсо ошону экрандаштырсамбы деп жүрөм. Кокон хандыгынын, Полот хандын, Алымбек датканын, Нүзүп бийдин тагдыры, дегеле хандыктагы кыргыздардын ролу  кызыктырат.

Тасма кеңири экранга качан чыгат?

-Биз  өзүбүз көрсөткөнгө шашып атабыз, бирок, дүйнөлүк кинофестивалдардын бир шарты бар: ар бир фестиваль жаңы кино кеңири тарап кетпесин, биринчи бизден көрсөтүлсүн деген талап коюшат. Экинчи талабы, интернетке чыкпашы керек. Бизге да кинофестивалдарга катышкыла деген сунуштар болуп атат, ошон үчүн бет ачаарын кинотеатрларда эмес, Кино үйүндө өткөрдүк. Алты айдан кийин, кинофестивалдарга катышып келген соң кинотеатрларга чыгарабыз.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс” гезити

"Кыргызсериал" мамлекеттик мекемесин түзүү тууралу президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыкты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Улуттук киноискусствону мындан ары өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, бул тармакты мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү, дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде өлкөдө киноөндүрүшүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү, ошондой эле киноиндустриянын заманбап инфратүзүмүн түзүү максатында, өсүп келе жаткан муунду руханий жана адеп-ахлактык тарбиялоодо киноискусствонун маанисин эске алып, токтом кылынат: 

  1. Улуттук кинематографияны колдоо маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын маанилүү милдеттеринин бири деп таанылсын.
  2. Улуттук кинематографияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталсын:

– улуттук кинофильмдерди, сериалдарды, анимациялык фильмдерди өндүрүүнү финансылык камсыз кылуу;

– рыноктук принциптердин негизинде улуттук кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү, өлкөгө чет өлкөлүк кинокомпанияларды тартуу жана биргелешкен кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүүнү өнүктүрүү;

– экономиканын өзүнчө тармагы катары киноиндустрияны өнүктүрүү, заманбап жана жогорку технологиялык материалдык-техникалык базасы бар инфратүзүмдү түзүү;

– төмөнкүлөрдү түзүү:

кинематография чөйрөсүнүн кадрларын даярдоонун, чыгармачыл ишмерлердин жана техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуу системасын;

улуттук кинематографияны дүйнөлүк кинопроцесстерге интеграциялоо, кинопрокат системасын өнүктүрүү жана улуттук фильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди дүйнөлүк кинорынокто илгерилетүү үчүн шарттарды.

  1. Кинематография чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн төмөнкүлөр боюнча сунуштары колдоого алынсын:

– 2023-жылдан баштап ар жылдык негизде Бишкек эл аралык кинофестивалын уюштуруу жана өткөрүү;

– жогорку билим берүү мекемелеринде “Кинематография” багыты боюнча окуп жаткан студенттерди колдоо максатында мамлекеттик стипендияны уюштуруу;

– өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин түзүмүндө кинокомиссиянын иштөөсү;

– өнүккөн киноиндустриясы бар өлкөлөрдүн кинематографисттери менен тажрыйба алмашуу жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо, окутуу;

– кинематография чөйрөсүн динамикалуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү.

  1. Төмөнкүлөрдү түзүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин:

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесин (мындан ары – “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси);

– Кино фондун.

  1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги төмөнкүлөрдү даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин:

– бир айлык мөөнөттө:

Кино фонду жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жоболордун долбоорлорун;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесинин жана Кино фондунун түзүмүнүн, штаттык санынын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарынын долбоорлорун;

– эки айлык мөөнөттө эл аралык стандарттарга ылайык мамлекеттик кинематография мекемелеринин материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштарды;

– үч айлык мөөнөттө:

каржылоонун кошумча булактарын аныктоо менен улуттук кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун;

“Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык улуттук кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүү тартибин;

улуттук кинематографияны дүйнөлүк кинопроцесстерге интеграциялоону эске алуу менен ченемдик укуктук актыларды актуалдаштыруу боюнча сунуштарды.

  1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

– “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесин каржылоону 2023-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттен карасын;

– “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын каржылоо бөлүгүндө толук көлөмдө аткарууну камсыз кылсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечсин;

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыктан келип чыгуучу улуттук кинематографиянын, анын ичинде “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесинин жана Кино фондунун уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка камсыздоо маселелерин белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө чечсин.
Меню