Menu

Киноискусство

Бүгүн кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын Баатыры Болот Шамшиевдин эстелигинин ачылыш салтанаты өтөт

Бүгүн, 5-июлда “Ала-Арча” көрүстөнүндө кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, СССРдин жана Кыргызстандын Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Толонович Шамшиевдин эстелигинин ачылыш салтанаты өткөрүлөт.
Болотбек Шамшиевдин ысымы Кыргызстан эле эмес бүт дүйнөгө кеңири таанымал. Анын чыгармачылыгы айтылуу “Кыргыз керемети” атка конгон ата мекендик кинематографиянын өткөн кылымдын 60-жылдарындагы  өнүгүшүндөгү феномен менен тыгыз байланыштуу. Ошол мезгилде жаш кыргыз режиссерлорунун эмгектери бүткүл союздук жана Эл аралык кинофестивалдардын чокуларын багынта баштаган.
Болотбек Шамшиев – “Манасчы” жана “Чабан” документалдык тасмаларынын, “Караш-Караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Бөрү зындан”, “Мергенчилер” көркөм тасмаларынын режиссёр-постановщиги. Болот Толоновичтин чыгармачылыгында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасамалар өзгөчө орунда турат: “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Фудзиямадагы кадыр түн”. Анын эмгектери ар кандай Эл аралык жана ата мекендик кинофестивалдардын жана мамлекеттик сыйлыктарга татыган.
Ачылышы күтүлүп жаткан эстелик “Кыргыздын керемет жаратуучусу” деп аталып, кинорежиссердун уулу Чыңгыз Шамшиевдин идеясы менен жаралган. Идеяны айкелчи Тамила Маматова жана Багдад Калчаев баштаган кыргыз чеберлери тарабынан ишке ашырылды. Айкелчи Болотбек Шамшиевди 40 жаш кезиндеги чагын сүрөттөйт. Дал ушул жаш курак кыргыздардын жашоосунда маанилүү учур болуп саналат эмеспи. Ал кезде адам өз өмүр жолу менен чыгармачылыгын аңдап-сезип түшүнүп, жаңы пландарды жаратат. Чебер колунда кыргыз элинин акылмандыгы менен духунун кенчи болгон улуу “Манас” эпосунун алгачкы басылып чыгарылган китептеринин бирин кармап турат.
Иш-чарада кинорежиссердун үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын эң жогорку сыйлыгы болгон “Ак Шумкар” ордени тапшырылат. Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен чыгармачылыктагы бийик жетишкендиктери жана кыргыз элинин маданиятына кошкон баа жеткис салымы үчүн Болотбек Шамшиевге “Ак Шумкар” өзгөчө наамын тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.

Режиссер Бегалы Наргозуев: "Жылкычы чымчык - бул башкы каарман Алтындын духу..."

Тасма – бул жан дүйнө! Тасманын сценаристи, режиссёпу, оператору жана каарманын жылдын төрт мезгилиндей бир-биринен ажыратып кароого такыр болбойт. Эгер көрүүчү тасма менен кошо жашай алса, анда ошол таланттын актёрдук зор чеберчилиги деп билели. Ал эми мыкты режиссёрго камера Николла Паганнини, Витторио Монти, Эннио Морреконе сыяктуу улуу композиторлордун кыягындай, баа жеткис курал. Канткен менен ийгилик – мүмкүнчүлүктү ишке ашыруудан көз каранды. Бу каарманымдын почеркине күбө болуңуздар. 

-“Жылкычы чымчык” жан дүйнөңүздө канча убакыт жашады?

-1986-87-жылдары “Кыргызфильм” киностудиясында белгилүү актриса жана режиссер Клара Жусупжанованын “Өрөөн жана адамдар” аттуу даректүү фильмине деректир болуп иштеп калдым. Ал киши менин чыгармачылыгыма кызыгып, “жазган аңгемелериң болсо алып келчи, мен окуп көрөйүн” деп калды. Мен онго жакын аңгемемди алып келип бердим. Клара Жусупжанованын күйөөсү белгилүү авангард жазуучу Кубатбек Жусубалиев болчу. Ал киши Москвадан сценаристтердин 2 жылдык жогорку курсун бүтүрүп келип, жазгандары көп адамдарды тамшантып турган учуру. Мен да ал кишинин чыгармачылыгын аябай сыйлачумун. Бир күнү үчөөбүз жолукканда Клара эже “Кубат, бул жигиттин аңгемелерин окуп көрчү, мага аябай жакты, өзүнчө эле кыргыздын Шукшини экен” деп мактап, менин аңгемелеримди мага эмес, Кубат акеге берди. Ал киши  бир жумага жетпей эле окуп чыгып “Бегалы, сен эмнеге бизди колдоп, бирге иштешип жүргөнүңдү эми түшүндүм. Аңгемелериң жакты. Ошолордун ичинен бирөөсү – алиги мыкты күйөө издеп, жигиттен жигит тандап, акырында төрөп койгон кыз тууралу аңгемең аябай жакты. Ошол аңгемеңди кыска метраждуу көркөм фильмдин сценарийи кылып кайра жазбайлыбы, мен жардам берем. Анан өзүң тартасың” деп калды. Мен албетте дароо макул болдум. Ошол күндөн баштап мен күн сайын жумуштан кийин Кубат акенин үйүнө келип, түн бир окуумга чейин сценарийди талкуулайбыз. Кубат аке менден студенттик күндөрдөгү кызыктуу окуяларды айтып берүүмдү сурайт. Мен студенттик жатаканадагы кыздардын балдарды шейшеп менен тартып алган окуяларын же кыздардын ашканада бышып жаткан тамагын уурдап кетишкен жигиттер кастрюлдун капкагын ачса анда тамак эмес эле башка нерсе чыкканы сыяктуу күлкүлүү окуяларды айтып берем. Анан Кубат аке аны кантип сценарийге айлантууну көрсөтүп берет. Ошентип эки жумадай убакытта баягы менин орточо аңгемемден кыска метраждуу көркөм фильмдин жакшы сценарийи жазылып бүттү. Албетте таланттуу жана тажрыйбалуу жазуучу, кесипкөй сценарчы Кубат аке менин чыгармамды өз таланты менен бийик деңгээлге көтөрүп салды. Сценарийдин атын “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” (“Вдоль дороги большой я прошла”) деп атадык. Мен аны тартам деп оолугуп киностудияга чуркадым. Ал жакта “сен тургай ВГИКтин режиссердук факультетин бүтүргөндөргө каражат жетишпей жатат” деп кыялымды суу сепкендей муздатып салышты. ВГИКтин оператордук факультетин бүтүргөн ыраматылык Бекжан Айткулуев ушул сценарийибиз тууралу угуп калып, “мага бер, мен тартайын” деп көпкө суранып жүрдү. “Өзүм тартам” деп кызганып бербей койдум. ВГИКтин дагы бир бүтүрүүчүсү Бекболот Айдаралиевге “Кыргызфильм” киностудиясынын редакциялык куржунунда жаткан менин “Кызыл уйдан чыккан өрт” аттуу аңгемем жагып калып, ал да аны тартам деп бир топко аракеттенип, бирок каражат таба алган жок.

Мен болсо “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” сценарийибизди толук метраждуу фильмге ылайыктап кайра жазууну чечтим да Кубат акеге кайрылдым. Ал киши макул болду. Бирок такыр колу бошобой койду. Колу бошобосо илхому келбей жатты. Ошондуктан мен өзүм жазып кирдим. 2008-жылы Актан Арым Кубатты жардамга чакырдым, 2021-жылы кайрадан Актан Арым Кубатты, Марат Сарулуну, Жамбы Жусубалиеваны чакырып,  акыры бүтүрдүк.  Албетте Кубат аке менен жазгандарыбыздан көп сценалар кийин кыскарып кетти. Ошентсе да мени бул кадамга Кубат аке сүрөп чыгарды.

-Эмнеге атын мындай атадыңыз?

-Атын аябай көп жолу өзгөрттүк. Кубат аке менен жазганда сценарийдин атын “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” (“Вдоль дороги большой я прошла”) деп атаганбыз. Менин аңгемемдин каарманынын аты Сейдеке болчу. Кубат акенин сунушу боюнча Алтын деп өзгөрткөнбүз. Анан Актан Арым Кубат менен иштеп жатканда ал сценарийди да, башкы каармандын атын да Жанай деп өзгөртүүнү сунуштады. Ал эми Марат Сарулу “Мөнгү-Ата” же “Тоонун жылкычы чымчыгы” деп атоого үндөдү. Быйыл фильмдин монтажы аяктап баратканда Актан Арым Кубат биздин тасманы “Эне мээрими” деп атоо ылайыктуу деп ишендирди. Бирок мен жөн эле “Жылкычы чымчык” атоону чечтим. Анткени бул ат менин оюмча фильмдин ички мазмунуна төп келет. Жылкычы чымчык фильмдин визуалдык жана моралдык символу катары негизги сюжетти жана башкы каармандын балалык кезден тартып, шаардагы алгачкы сүйүүсүн, турмуштук сыноолор менен чыккынчылыктарды, акырында ак кар көк муз баскан Мөңгү-Атага кайтып келгенге чейин коштоп жүрүп олтурат. Жылкычы чымчык – бул башкы каарман Алтындын духу.

-Тасма кайсы чөлкөмдө тартылды, канча убакытта толук бүттү?

-Алгач, 2021-жылы августта кино тартуучу топ Алайдын Сары-Могол айылынын жайлоолорундагы топозчуларга барып, ошол жерде тартабыз деп чечип келгенбиз. Бирок ноябрда, биз жолго чыгарда, бизге саай турган, мине турган топоздорун берип, жардамдашам деп убада кылган Замир деген топозчу жигит биздин телефон чалууларыбызды такыр албай, байланышпай туруп алды. Анан башкы ролдордун бириндеги актриса эжебиз да “Алай алыс, мен ооруп калсам эмне болот, жакыныраак жерге барбайлыбы” деп туруп алганынан Ысык-Көлдүн Сырт аймагына чыгып кетип, Кумтөр тараптагы Арабелде, Ак-Шыйрак тараптагы Караколкада, кийин Нарындын Кара-Кужур өрөөнүнө, Ысык-Атага барып, шаардагы сценаларды албетте Бишкектен эле тарттык. Жалпысынан фильм тартууга жана монтаждоого бир жарым жылдай убакыт кетти. Анткени биздин сюжетте төрт сезон: жаз, жай, күз жана кыштагы сценалар бар болчу. Сезондорду күтүп, консервацияга да чыгып жаттык. Бирок биз монтажер экөөбүз тынбай бир жарым жыл иштедик десем болот.

-Өзүңүзгө жактыбы?

-Эми ага эл баа берсин, адистер баа берсин.

-Турмуштагы, Кыргызстандагы көп көйгөйлөрдү көзгө сайып көрсөтүптүрсүз…

-Киноискусствонун негизги милдеттеринин бири ошол да – кинонун тили менен, көркөм каражаттар аркылуу коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүү…

-Кышында карда ат менен жүрүү, аны тартуу канчалык оор болду? Актёрлор ооруп калган жокпу тартып бүткүчө?

-Бийик тоолуу Сыртта жүргөнүбүздө алгачкы күндөрү аба жетишпей көбү кыйналышты, алтургай бир сүрөтчү-декораторубуз эси ооп жыгылып, тырышып жатып калды. Аны тезинен Бишкекке кетирдик. Эртеси экинчи режиссерубуз ооруп калып, аны да тез шаарга жөнөттүк. 2021-жылдын 23-ноябрынан 4-декабрына чейин Арабелде кечинде катуу суук түшүп, аябай эле жүдөтүп жатты. Бирок кино тартуучу топ да, актерлорубуз да тырышып жүрүп, чыдап беришти.

-Семичке саткан эже баарынын көңүлүн бурду окшойт…

-Ооба, ал персонаждын аты биздин картинада – Зарылкан. Ал каарман айылдагы бекер ВайФай орнотулган аялдаманын алдында майда соода кылып, айылдагы аялдарга “жарымы жалган, жарымы чын” маалыматтарды ыкчам жеткирип, ушак таратып турган “маалыматтык борбордун” ролун аткарат. Адистердин айтымында актриса Айнура Эсеналиеванын аткаруусундагы Зарылкан фильмдин олуттуу интонациясына ирониялык сүртүмдөрдү берип, картинанын фактурасын контрастуу нюанстар менен байытып, тасманын өзөгүнө кошумча эмоционалдык таасир берет.

Дегеле фильмдин актердук ансамблине адистер жакшы баа берип жатышат. Айрыкча Шекер тайэненин ролундагы КР Эл артисти Жамила Сыдыкбаеванын, Баялы таятанын ролундагы Асан Амановдун, Алманбеттин ролундагы Руслан Орозакуновдун, Сайранын ролундагы Таазим Үмөталиеванын Гүлнаранын ролундагы Албина Имашеванын, Эркиндин ролундагы Курманбек Мамыровдун жана экинчи пландагы персонаждарды аткарган Марат Ибраевдин, Айсанат Эдигееванын, Алтынай Муканбетованын, Жамила Дыйканбаеванын актердук чеберчиликтерине жогорку бааларды беришүүдө.

-Тасма тартууда кандай оорчулуктарга тушуктуңуз?

-Оорчулук көп деле болгон жок. Болгону мен өзүм режиссер-коюучу катары дебютант болгондуктан фильм кандай чыгып калат деп аябай коркуп, этияттык менен аракеттенип жаттым. Өзүмө-өзүм ишенбей, шектенип, айрым актерлор менен оператор-коюучу Хасан Кыдыралиевге таянып жаттым. Хасан мага мизансценаларды койгонго аябай жардам берди. Ал өмүр бою оператор катары кино тартып, бай тажрыйба топтогон КР Эл артисти эмеспи. Ошондой эле актерлор менен иштөөдө, кино тартуу процессин уюштурууда КР Эл артисти Бусурман Одуракаев досум да жакшы жардамын берди.

-Кино тартууну улантасызбы?

-Албетте, Кудай буюруса. Азыр мурун жазылган экинчи сценарийимди оңдоп-түздөп, тартууга даярдай баштадым. Ал бала менен эненин ортосундагы мамиле тууралу болот. Андан сырткары тарыхый окуялар, тарыхый каармандар боюнча пландарым бар. Жаңы кыргыз тарыхындагы 2005-жыл, 2010-жыл жана 2020-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөр темасы, Кутумчулар темасы кызыктырат. Кубат аке уруксат берсе анын эки-үч чыгармасын экрандаштырууга кызыкдармын. Бусурман Одуракаев досум бир кызыктуу теманы сунуштап жатат. Кыскасы пландар көп, калганын турмуш көрсөтөт.

Төлөбүбү Касымалиева, журналист

“Жетиген журналынын 12-саны.

Меню