Menu

Киров

Казакстан Кыргызстандан макулдашылган көлөмдөгү суунун жарымын гана алууда

Кыргызстандагы суу таңкыстыгына байланыштуу Казакстандын Жамбыл облусунда сугат суу тартыш болууда. Бул тууралуу облус башчысы Бердибек Сапарбаев билдирди.

– Сууну Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынан алып жатабыз. Бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда кол коюлган келишимде көрсөтүлгөн суу көлөмүнүн болгону 50% гана келүүдө. Азыр Кыргызстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатабыз. Алар суунун көлөмүн бир канча пайызга көбөйтүштү, бирок тилекке каршы ал да азырынча жетишсиз болууда, – деди Сапарбаев.

Ал буга байланыштуу Казакстан өзүнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланышы керек деп эсептейт.

– Ошондуктан биз өзүбүздүн суу ресурстарыбызды натыйжалуу пайдаланып, кошумча жайылмаларды курушубуз зарыл. Мындан тышкары скважиналарды оңдоп, күздөн баштап көлдөрдү толтуруп, булактардын сууларын пайдаланышыбыз керек. Азырынча биз Кыргызстандан 80% көз карандыбыз. Бүгүнкү күндө Чүй жана Талас дарыяларынын эсебинен суроо-талапты болгону 50% гана камсыз кылып жатабыз, – деди Сапарбаев.

Анын айтымында, Жамбыл облусундагы 200 миң гектарга жакын айдоо жерге 1,1 миллиард куб суу керек.

Өткөн жумада суу тартыш болуп жатканына байланыштуу Кыргызстандын Чүй облусундагы үч райондун дыйкандары эки жолу митингге чыгышкан. Өкмөт бул абалды суу жылдагыдан аз келип жатканы менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню