Menu

Киши өлтүрүү

Жайыл районунда мыкаачылык менен киши өлтүрүү фактысына шектүү кармалды

Жайыл районунда мыкаачылык менен киши өлтүрүү фактысына шектүү кармалды 2021-жылдын 11-август күнү болжол менен саат 00:45 чамаларында Жайыл районунун ИИБнө телефон чалуу болуп Степное айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тоюбу чыгышып, кароо учурунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин жансыз денеси табылып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал 1972-жылы туулган Л.В. экендиги такталган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде бул кылмышка шектелип, мурда соттолгон 1977-жылы туулган Д.А. кармалган.
Ал каза болгон жарандын үйүндө 10 жылдай убакыт жашагына маалым болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон жаран менен кылмышка шектүү окуя болгон түнү спирт ичимдигин ичишип, ортодо пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, жыйынтыгында Л.В. окуя болгон жерден каза болгон.
Кылмышты жашыруу масатында шектүү окуя болгон бөлмөгө өрт коюп өзү башка бөлмөгө кирип уктап калаган. Үйдөгү чыккан түтүндү байкап калышкан кошуналар каза болгон жаран мене шектүүнү үйдөн алып чыгарышкан. Кийин шектүү ал жерден из жашырып кетүүгө үлгүргөн. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринен улам шектүү колго түшүрүлгөн.
Кармалган жаран Жайыл РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүй районунда жарандык никедеги аялын атып өлтүрүгөн жаран кармалды

2021-жылдын 30-июнь күнү Чүй районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө Чүй районундагы жайлоолордун биринде бир аял ок атуучу курал менен атылып, өз өмүрүн кыйгандыгы тууралу  маалымат келип түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын  басма сөз кызматы билдирет.

Бул маалыматтын негизинде Чүй районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, анын дене-жаракаттары аныкталып, ал 1976-жылы туулган У.Н. аттуу жаран экендигин такталган.  Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон аялдын жарандык никедеги жолдошу 1976-жылы туулган Т.О. кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Алар жайлоодо малчы болуп иштеп жүргөнү аныкталып, окуя мас абаланда жубайлардын ортосунда чыккан пикир келишпестиктен улам болгону маалым болгон.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню