Menu

ККМге каршы митинг

Бишкекте жаңы салык эрежелерине каршы нааразылык акциясы өттү

2-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта “Дордой-Дыйкан”, “Дордой-Моторс”, “Азиз базар”, Ош базарында соода кылган ишкерлер нааразылык акциясына чыгышты.

Алар салык төлөөдөгү жаңы эрежелер – товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН), көзөмөл-кассалык аппараттарга (ККМ) жана соода ишмердигине бирдиктүү салык киргизүүгө каршы экенин билдирүүдө.

Нааразы болгондор тамак-аштын дүң соодасы үчүн жаңы киргизилген салык мыйзамы шайкеш келбегенин айтып, “бийлик талап кылгандай суммадагы киреше таппайбыз” деп жатышат.

Алар салык саясаты боюнча талаптарын Жогорку Кеңештин депутаты жана президенттин угуусун талап кылышты. Акцияга чыккандарга Салык кызматынын төрага орун басары Ислам Кыдыргычев чыкты. Бирок акциянын катышуучулары депутаттар талаптарын укпаса, акция Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уланарын айтышты.

Быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү болушу шарт, буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ишкерлер буга чейин да жаңы салык эрежелерине нааразы болуп бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Министрлер кабинети салык саясатын реформа кылуудан 2022-жылы 207 млрд. 901,6 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултканын, бул белгиленген пландан 3,7 млрд. сомго көп экенин кабарлаган.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) – бул жөнөкөй тил менен айтканда, товарларды жөнөтүүчү, алуучу тарап жана жеткирген автоунаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ. Өкмөт бул товарларды көзөмөлдөөгө, атаандаштыкка шарт түзүп аткезчилик жана контрафакттык товарларды ташууга бөгөт коёрун билдирүүдө.

Акылбек Жапаров: ККМди коюуну убактылуу токтотуп турабыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-июнда өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акцияга чыккан соодагерлер менен жолукту.

Дүкөн иштеткендер ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюшту. Бишкектен жана өлкөнүн башка аймактарынан келген соодагерлер ККМ колдонбогондорго айып салынып жатканын айтып арызданышты.

Акылбек Жапаров митингге чыккандардын арасынан он чакты өкүлдү кошуп алып маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айтты. Ал ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын кошумчалады.

“Мен эсеп-фактураны өндүрүүчүлөрдөн сурап атам. Эгерде арак завод 12 машина арак чыгарып, мага бир фураныкын көрсөтүп койсо мен эмне кылам? Мага силер жардам бергиле. Азыр “Кока коласын” да, “Шоросун” да ирээттейбиз. Эсеп-фактура ошолордо. Товар таза, туура экенин ошолор далилдеп бериши керек. Эсеп-фактура өзүнчө – бул байлардыкы. Арак, тамеки, дары-дармек, нефти саткандар ККМди да, эсеп-фактураны да колдонот. Ал эми тамак-аш, ун, шекер саткандарды ККМден керек болсо бошотуп койгонго да даярмын. Мага он кишини бергиле. Биз иштейли. Ага чейин ККМди коюуну, айып пулду салууну да токтото турабыз. Анан ар бир аймакка карата патенттин баасын карап чыгабыз”, – деди Жапаров.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Акылбек Жапаров 11-июнда Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугуп ККМ көмүскө экономиканы жана аткезчиликти азайтууга жардам бере турганын айткан. Ал эсеп-фактура мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендерди аныктоого жардам берерин түшүндүргөн.

Өкмөт үйүнүн алдында ККМге каршы акция өтүүдө

Бүгүн 30-майда Өкмөт үйүнүн алдында ишкерлердин көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акциясы өтүп жатат. Алар колуна “ККМге каршыбыз”, “Счет-фактурага каршыбыз”, “Патент калсын” деген жазууларды кармап турушат. Журналисттер жеринен маалымдагандай, акцияга жүздөй адам катышууда.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош” базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.

Экономика жана коммерция министрлиги базарда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселесин атайын түзүлгөн жумуш тобу талкуулап жатканын, алар үчүн салыктын өзүнчө түрүн киргизүү маселеси караларын, чечим кабыл алына электигин 18-майда билдирген.

Меню