Menu

Климаттын өзгөрүүсү

Садыр Жапаров: Биз климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы туруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз

“Биз климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы туруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз, көзөмөлүбүздө”,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «The Independent» британ басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде.

Мамлекет башчысы экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөрдүн эрип, дарыялардын кургап кетүүсүнөн сактап калуу максатында 2022-жылды “Тоо экосистемасын коргоо жана климаттын туруктуулугун камсыздоо жылы» деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун билдирди.

“Суу ресурстарынын таңкыстыгын эске алуу менен айыл чарбасына жана эл чарбасынын башка тармактарына сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле калктын ичүүчү таза сууга жетимдүүлүгүн арттырып, каржылык стимул көрсөтүү жана эл арасына маалыматты көбүрөөк жеткирүү аркылуу сууну күнүмдүк турмушта сарамжалдуу пайдалануу аракеттерин көбөйтүп жатабыз”,- деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров интервьюсунда эгер эл аралык коомчулук Кыргыз Республикасы сыяктуу өлкөлөрдө глобалдык жылып кетүүнүн айынан келип чыккан конкреттүү көйгөйлөрдү тааныбаса жана колдобосо, жогорудагы иш-аракеттер жетишсиз болорун эскертти.

Кыргызстан эл аралык коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан кесепеттерди жумшартуу жана аларга ыңгайлашуу боюнча биздин күч-аракетибизге тирек боло турган бардык шартсыз жардамдарын кубаттайт.

“Бала кезимде атам менен тоого көп барчумун. Ал токойчу болчу, анын иши – чөп чабуу эле. Эсимде, атамды ээрчип жүргөн ошондой балалык күндөрдүн биринде ал капысынан: “Балам, токточу, карачы”,- деп калды. Анын дүрбүсү боло турган. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу ак илбирсти көргөм.

Биз Кыргызстанда ошол мен көргөндөгүдөй илбирстерди коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз, бирок эл аралык коомчулук чара көрбөсө, менин неберелерим бала кезимде атам менен көргөндү эч качан көрбөй калабы деп корком”,- деп сөзүн жыйынтыктаган Президент Садыр Жапаров.

Меню