Menu

Кой-Таш окуялары

Сот Алмаз Атамбаевдин Кой-Ташка салган хансарайын конфискациялап мамлекетке өткөрүүгө чечим чыгарды

Бүгүн, 30-майда Алмаз Атамбаевдин Кой-Таш айылына салган хан сарайын мамлкеттин эсебине конфискациялап, өткөрүп алуу тууралу сот чечим кабыл алганы белгилүү болду. Бул тууралу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Бүгүн, 2 жыл 9 ай 22 күн өткөндөн кийин гана КР Генпрокуратурасы Кой-Таш окуялары боюнча айыптоо актысын жарыя кылды”, – деп жазат адвокат Замир Жоошев.

“Атамбаевге каршы козголгон “Батукаевдин иши” боюнча Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов, Бишкек шаардык сотунун жана КР Жогорку сотунун судьялары Алмаз Атамбаевге тиешелүү делген көптөгөн мүлктөрдү конфискациялоо тууралу чечим кабыл алышкан…” – деп улантат адвокат.

“Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келип, 3 күндүн ичинде үйдү бошотуп коюуну талап кылып ултиматум коюп кетти. Прокуратура органдары Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү Канат Рыскуловдун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюусу керек”, – дейт андан ары Жоошев.

“Алмаз Атамбаев бул үйдө 2016-жылдан бери жашап келгенин элдин баары билет, ал эми анын жубайы Раиса Атамбаева менен уулу Кадыр Атамбаев ал үйдө бүгүнкү күнгө чейин жашап жатышат. Кийин Алмаз Атамбаев түрмөдөн чыкканда каякка кайтып келет? Анын мүнөзүн билгендер ал эч качан балдарынын үйүнө да баш калкалап барбасын билишет. Же бийликтегилер ал түрмөдөн тирүү чыкпайт деп ойлошобу? ” – деп жыйынтыктайт Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов ал үй балдардын саламаттыгын чыңдоочу мамлекеттик комплекс болорун билдирген.

Андан көп өтпөй эле КСДПнын жаш лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков абакта жаткан Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө балдардын саламаттыгын чыңдоочу комплекс жана 7-апрель баатырларынын музейин ачуу чечимин кабыл алганын жарыя кылды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Меню