Menu

Колледждер

Республиканын 8 колледжи 800 миң долларга техника менен жабдылды

КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында республиканын 8 колледжине жалпы суммасы 883 677 АКШ долларга 94 аталыштагы компьютердик жана кеңсе техникасы жеткирилди.

Долбоордун алкагында өлкөнүн аймактарынын алдыңкы колледждеринин базасында 8 Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн:

  1. Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи, Бишкек ш.;
  2. ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи, Жалал-Абад ш.;
  3. Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновациялар жана экономика колледжи, Кызыл-Кыя ш.;
  4. К.Скрябин атындагы КУАУнун Токмок агроэкономикалык колледжи, Токмок ш.;
  5. С.Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледжи, Нарын ш.;
  6. Кара-Балта техникалык-экономикалык колледж, Кара-Балта ш.;
  7. Индустриалдык-педагогикалык колледж, Балыкчы ш.;
  8. ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи, Ош ш.;

8 Алдыңкы тажрыйба борборуна жатаканалар үчүн, анын ичинде санариптик инновациялык окутуу үчүн кеңсе жана компьютердик жабдуулардын 7 148 предмети, окутуучулар жана студенттер үчүн лэптоптор, компьютердик жабдуулар, КФК, принтерлер, акустикалык жана радио системалар, видеокамералар, телевизорлор берилди. Жатаканалардагы жашоо шартын жакшыртуу максатында медициналык бөлмөлөр үчүн жабдуулар, муздаткычтар, LED экрандар ж.б. жеткирилип берилди.

Бул Борборлордун базасында республиканын калган колледждери үчүн окуу жайлардын потенциалын талдоонун жана алар жайгашкан аймактын социалдык-экономикалык чөйрөсүнүн мүнөздөмөлөрүнүн негизинде окуу жайларды стратегиялык инновациялык өнүктүрүү боюнча моделди түзүү пландалууда.

АТБ аймактык эмгек рынокторунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоого багытталган. Долбоордун алкагында бардык Алдыңкы тажрыйба борборлорунда заманбап окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлүүдө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын керектөөлөрүн эске алуу менен имараттарды жана жатканаларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Алдыңкы тажрыйба борборлорунда эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон керектүү компетенцияларды калыптандырууга багытталган модулдук окутуу пилоттолууда. Компетенттүүлүк негизде эксперименталдык билим берүү программасы, жумуш ордунда окутуу, ишкердиктин негиздерине окутуу – бул бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусун камсыздоо жана калктын жумуштуулугун жогорулатуу үчүн бардык Алдыңкы тажрыйба борборлорунда пилоттолуп жаткан жаңылык. Ошондой эле пилоттук колледждердин базасында Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу борборлору түзүлүүдө, бул да АТБнын натыйжалуу ишинин зарыл шарты болуп саналат.

Колледждердин жана кесиптик лицейлердин 825 окутуучусу квалификациясын жогорулатты

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Сектордү өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында БКБ жана ОКБ системаларынын окутуучуларынын жана өндүрүштүк мастерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлдү.

Апрель-май айларында “Өндүрүштүк окутууну жакшыртуу” темасы боюнча башталгыч кесиптик билим берүү (БКБ) системасынын бардык окуу жайлары боюнча 175 өндүрүштүк мастер окутулду.

Окутуунун максаты – өз алдынча пландоо, аткаруу жана окуучуларды баалоону камтуучу активдүү окутуу формасын колдонуу менен өндүрүштүк окутуу мастерлеринин көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Өндүрүштүк окутуу мастерлери кабыл алынган сапат стандарттарына ылайык практикалык сабактарды аткаруу үчүн активдүү окутуу формалары менен таанышты. Катышуучуларга өндүрүштүк окутуу сабагына, түзүмүнө жана натыйжалуу сабактарды уюштурууга карата педагогикалык талаптар жөнүндө айтып беришти.

Мындан тышкары, кредиттик технологиялар боюнча БКБнын 50 окутуучусу жана “Аккредитация жана билим берүүнүн сапатын камсыздоонун актуалдуу көйгөйлөрү” темасы боюнча БКБнын 150 окутуучусу окутулду.

Башталгыч кесиптик билим берүү системасынын 425 окутуучусу квалификациясын жогорулатуу курстарынан өттү.

Ошондой эле, орто кесиптик билим берүү системасынын 400 окутуучусу квалификациясын жогорулатты. Алардын ичинен 150 окутуучу – “Аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапатын камсыздоонун актуалдуу көйгөйлөрү”, 100 окутуучу – “Окутуудагы компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу технологиясы жана ыкмалары” темасы боюнча, 100 окутуучу – “Окуу материалдарын санариптештирүү жана Google Дискте көндүмдөрдү өнүктүрүү” темасы боюнча, Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледждинин 25 окутуучусу “Курулуш адистиги боюнча окуу материалдарын иштеп чыгуу” темасы боюнча жана Токмок агроэкономикалык колледждин 25 окутуучусу “Педагогикалык изилдөө” темасы боюнча квалификациясын жогорулатты.

Меню