Menu

“Конкуренттүү ишкана” долбоору

USAID колдоосу менен Баткен облусунда эң чоң кийим тигүү фабрикасы иштеп жатат

Баткен облусу – 2021-жылдын 28-сентябрында Cool Bros компаниясы Кызыл-Кыядагы фабриканын ийгиликтүү биринчи жылын майрамдоону уюштурган. Кыргызстандын түштүгүндөгү эң ири тигүү фабрикаларынын бири АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен 2020-жылы иштеп баштаган. USAID өзүнүн “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында заманбап тигүү жабдууларына 214 миң АКШ долларын бөлүп берсе, Cool Bros компаниясы оңдоо жана башка капиталдык чыгымдарга 260 миң АКШ долларын инвестициялаган.

500дөн ашык адам иштеген фабрика Баткен облусундагы эң ири жумуш берүүчү ишканалардан болуп калды. Жумушчулардын көбү жергиликтүү аялдар жана жаштар. Жакынкы келечекте, фабрика эки нөөмөттүк ишке өтүп, жумушчулардын санын эки эсе көбөйүшү күтүлүүдө. 

“Быйыл биз Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ушул өткөн жылдар бою экономиканы өнүктүрүү жана кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүү – биздин башкы приоритет болуп келет.”, – деди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Кит Симмонс. “Ал эми биздин жардам Баткен облусун өнүктүрүүгө салым кошуп жатканынына биз өзгөчө кубанычтабыз. Баарыбыз билгендей эле, бул областтын өнүгүшү азыр Кыргыз Республикасынын өкмөтү үчүн өзгөчө маанилүү”.

Фабрика айына 500 миң бирдикке чейин кийимди өндүрө алат. Өндүрүмдүн сапаты эл аралык стандарттарга жооп бергендиктен, Cool Bros компаниясы экспорттоого чоң тапшырыктарды аткара алат. Компания өндүрүмдү учурда коңшу өлкөлөргө экспорттоодо жана европалык кардарлар менен келишим түзүүнү көздөп жатат.

“Биздин кызматкерлер негизинен Кызыл-Кыя шаарынын жана жакынкы шаарлардын тургундары: Ноокат, Кадамжай жана Айдаркен. Биз транспорт кызматтарын уюштуруу жана күнүнө эки маал тамак берүү менен кызматкерлерибизге жакшы эмгек шарттарын түзүп беребиз”, – дейт Кызыл-Кыядагы шаарындагы Cool Bros фабрикасынын директору Улукбек Кожоев.

Салтанатту аземге катышкан Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бул ишкананын иштеши иш орундары көбөйүп, миграциянын азайышына көмөк болушун белгилеп кетти. “Баткен облусунун экономикалык жаатында колдоо көрсөтүп жатканыңыздарга мен өтө кубанычтамын. Мен мындан ары да USAID жана Кыргыз Республикасы биргелешип, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө кызматташат деп ишенем”,- деди Абдикарим Алимбаев.

Cool Bros компаниясы – 14 жылдан ашуун тажрыйбасы бар өлкөдөгү эң ири кийимдерди өндүрүүчүлөрдүн бири. Компания токулган кийимдердин кеңири ассортиментин, анын ичинде ички жана эл аралык рынок үчүн балдар, эркектер жана аялдар кийимдерин өндүрөт.

Маалымат иретинде: USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоору текстиль, тамак-аш өндүрүшү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, финансы жана башка чөйрөлөрдөгү чакан жана орто ишканалардын өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет. Долбоордун негизги максаты, ишканаларды кеңейтүү аркылуу Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүү. Программа буга чейин жалпы өлкө боюнча 90дон ашык ишкананы колдогон.

Меню