Menu

Контрабанда

УКМК: Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып бараткан баасы $288.000 турган “Зардакс” жана 5,8 млн сомдук “Тропикамид” дарылары кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, дарыгердин көрсөтмөсү боюнча берилүүчү, өзгөчө көп өлчөмдөгү дары-дармектерди Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алып кирүү жана Өзбекстан Республикасынын аймагына алып чыгуу боюнча КР жарандарынын кылмыштуу аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.

2023-жылдын 5-июлунда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында КР жараны Р.С.Г. тарабынан 9600 даана “Зардекс” (Индияда жасалган) дарылары ыктыярдуу түрдө  берилди, анын баасы Өзбекстандагы көмүскө базарында 288 миң АКШ долларын түзөт.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда бул каналдын уюштуруучусу Г.И.Н. жашаган дареги: Ош облусу, Кара-Суу району, Шарк айылы, Мадумаров көчөсү боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 591 даана “Тропикамид” (көзгө тамчылатчу) дарылары алынды.

Келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион 867 миң сомдун тегерегин түздү.

Белгилей кетсек, жогоруда табылып алынган дары-дармектер Өзбекстан Республикасынын аймагына жөнөтүү үчүн эч кандай уруксаат кагаздары жок Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келинген, ал жакта жаштар бул дары-дармектерди жеңил баңгизат катары колдонушат.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында, жаран Г.И.Н. Ош облусунун Кара-Суу районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

  

Кыргыздын малын уурдап коңшу өлкөлөргө саткан ууруларга жардам берген чек арачылар менен милиционерлер кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында мал уурулук фактылары көп катталып, коңшу өлкөгө өткөрүү аракеттери көбөйүп кеткендигине байланыштуу КР УКМК чек ара кызматы менен биргеликте Аксы районунун чек ара кызматынын жана ички иштер органдарынын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө текшерүү иштерин жүргүздү. 

Жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгында Аксы РИИБнин жана чек ара заставаларынын жетекчилеринин аткезчиликке катыштыгы бар экендиги тууралуу тактоочу маалыматтар алынды.

Чек ара заставаларынын жайгашкан жерлеринде, Аксы районунун милиция кызматкерлеринин жана айрым жарандардын даректеринде ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында ири суммадагы акча каражаты, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, ошондой эле жөнөтүүгө даярдалып турган эл керектөөчү товарлар жана бодо малдар табылды.

Ошондой эле, чек ара кызматынын атайын дрондорун колдонуу менен мүмкүн болгон контрабанда жолдорун текшерүү учурунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган учурда жалпы суммасы 1 миллион 200 миң сомдук 31 коробка тамеки буюмдарын ташып бара жаткан унаа кармалды.

Иликтөөнүн жыйынтыгында Аксы РИИБнин үч кызматкерине, анын ичинде башчысынын орун басары А.И., ошондой эле чек ара кызматынын заставаларынын 3 командирине аткезчиликти уюштуруу жана колдоо кылгандыгы үчүн айып тагылды. 

Мындан тышкары, Аксы районунун аймагында контрабанданын мындан аркы өнүгүшүнө жол бербөө жана аны чек ара соодасынын ченемдерине жана стандарттарына ылайык келтирүү максатында, чек арасы аркылуу эл керектөөчү товарларды жана бодо малды/майда малды мыйзамдуу өткөрүү үчүн УКМК тарабынан коңшу Ала-Бука районундагы “Баймак” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жөнөкөйлөтүлгөн ишин уюштуруу маселеси көтөрүлүүдө.

УКМК: Өзбекстандан зыгыр жип деп бажыдан өткөн 80.000.000 сомдук “Platinum” контрабандалык тамеки кармалды

КР УКМК тарабынан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында “Достук унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү товарларды аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. 

КР УКМК КР Финансы министрлигине караштуу жана Түштүк-батыш бажысынын контрабандага каршы күрөшүү жана бажы жол-жоболорун бузуу башкармалыгы менен биргеликте Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына Туштук-Батыш бажысынын “Достук” посту аркылуу Тундук-Чыгыш бажысынын “Кыргызмебель” БТЖга багыт алган эки жүк ташуучу унаа токтотулган. 

Бул товарлар бажы шартында Зыгыр буласынан жип деп жасалма түрдө декларацияланган. Бирок жүк салынуучу жайларын текшерүү учурунда 3059 коробка чет элдик “Platinum” маркасындагы “тамеки” табылган. Жалпысынан 1 миллион 529 миң 500 куту тамеки табылып, эң одоно эсеп боюнча алганда кармалган товардын баасы 80 миллион сомдон ашат.

Азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, жүктүн чыныгы ээлерин жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Баткенде аткезчилик менен жүк ташып кармалган «Hyundai Porter» унаасы мамлекетке конфискацияланды

«Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын жараны «И.М.А.» башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Бажылык текшрип кароодо унаанын жүк бөлүгүнөн 25 кап өлчөмүндө желим каптарга салынган карниз үчүн пластик шакекчелер товарлары, карниз үчүн кармагычтар 5 кап өлчөмдө табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 522,2 кг түзгөн. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.

Аталган кылмыш иши боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим чыгаруу үчүн Баткен райондук сотуна жөнөтүлдү. Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 1-мартындагы чечими менен унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланган.

УКМК: Тажикстандын 500.000 сомдук электр зымдарын Кыргызстанга контрабандалык жол менен алып келе жаткан кыргыз жараны кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери  тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 7-март күнү КР С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстан Республикасынан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргыз Республикасынын аймагына тереңдеп кирип келе жаткан.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Баткенде 30 тонна минералдык жер семирткичти контрабандалык жол менен коңшу өлкөгө алып өтүүгө аракет кылган аткезчилер кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, И.Акыбаевдин башкаруусунда 08KG155AKT мамлекеттик номурлуу «Volvo FH» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 30 тонна (карбамид) минералдык жер семирткич менен коңшу тарапка алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

  Айдоочунун айтымында, ал бул жүктү Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан кампалардын биринен Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылына алып келген.

  Жүктү таразага тартууда «Кольцо» транспорттук контролдоо пунктунун кызматкерлерине ашыкча салмагы үчүн 113 миң 500 сом айып салынды.

  Көрсөтүлгөн жүктүн чыныгы ээси – Кулунду айылынын тургуну жана аткезчилик менен алектенген Жолчиев Артык Бакирдинович экендиги аныкталды.

  Аталган факты Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталып, ишти аныктоо боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тажикстандан Кыргызстанга 2 млн 750 миң АКШ долларын аткезчилик менен ташып келе жаткандар кармалды

5-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында экономикалык контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү), КР жараны 1981-жылы туулган Т.А.М. башкаруусундагы мамлекеттик номуру О9240AG «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны тинтүү учурунда жүк салгычынан, желим баштыктарга тангакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет, Тажикстан Республикасынан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон 4 Кыргыз Республикасынын жараны кармалып, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси 4-бөлүмүндө (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Өзбекстандан контрабандалык коон ташыган «Форд Транзит» автоунаасы мамлекетке конфискацияланды

Баткен райондук сотунун чечими менен буга чейин Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда кармалган «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды.

Эске салсак, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте КР жараны «К.У.О.» башкаруусундагы ««Ford Transit» үлгүсүндөгү унаасы кармалган.

Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 1200 кг, баасы 30 000 сомду түзгөн коондор табылган. «К.У.О. » Өзбекстан Республикасынан КРдагы ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылган.

Автоунаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Оперативдүү бажы Кыргыз «К.У.О.» жаранга карата Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Товар 7400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Контрабандалык товарларды ташып баратып колго түшкөн машина да конфискацияланат. Жаңы мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 18-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташуу жана өткөрүү, белгиленген башка жерлерден тышкары товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып келүүгө жана алып чыгууга каршы күрөштү күчөтүүгө, ошондой эле жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн натыйжалуу, пропорционалдуу жана бөгөт коюучу жаза чараларын белгилөөгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жогоруда аталган жолдор менен аткезчилик буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген.

УКМК: Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде баасы 1 млн сомдук 6000 даана энергетикалык суусундукту аткезчилик менен ташып бараткандар кармалды

КР УКМК аткезчилике каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 8-майында Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында, Сох анклавына жакын жерде, КР УКМК ЧК кызматкерлери менен биргеликте жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык болгон 6060 банка энергетикалык суусундуктарды ташып бара жаткан “Мерседес Бенц Спринтер” жана “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү  автоуналардын айдоочулары Б.Н. жана С.М. менен кармалган.

Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Меню