Menu

Контрабандалык жүк ташыган авто

УКМК: Контрабандалык насвай ташыган “Хонда-Фит” унаасы конфискацияланды

УКМК тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында 2022-жылдын 7-октябрында Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын И.К.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы  “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кармалып, анын ичинен көп сандагы “насвай” табылып алынган.

Аталган фактынын негизинде КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысы тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 9-ноябрында Баткен райондук соту Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К.А. күнөөлүү деп таап, унаасын мамлекетке чегерүү чечимин чыгарды.

Меню