Menu

Коронавирус

ФБРдин башчысы COVID-19дун чыгышына Кытайдагы лаборатория себеп болушу мүмкүн деп эсептейт

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФБР) директору Кристофер Рэй Fox News телеканалына берген маегинде COVID-19 кытай лабораториясынан тараган деген версияга көбүрөөк ыктап жатканын билдирди.

Апта башында АКШнын Энергетика министрлиги да коронавирус кытайлык лабораториядан келип чыккан деген жыйынтык жасаган. The Wall Street Journal басылмасы бул эки мекеменин позицияларынын дал келүүсүнө карабастан, алар мындай гипотезага түрдүү себептерден улам келишкенин белгиледи.

Кристофер Рэй Кытай өкмөтү пандемиянын себептерин иликтөө боюнча АКШнын аракеттерин токтотууга умтулганын билдирди. “Кытайдын өкмөтү АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн өкмөттөрү аткарып жаткан иштерге тоскоолдук кылып, аларды адаштыруу үчүн болгон аракетин жумшады”, – деди ал.

Буга чейин вирустун пайда болушун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да изилдеген. Бирок Кытайдан маалымат чогултуу кыйындаганда ал иш токтогон.

Коронавирустун алгачкы учуру 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган. Уюмдун кызматкерлери 2021-жылы Ухандагы лабораторияга барып кеткенден кийин вирус ал жактан тарады деген ыктымалдык аз экенин билдиришкен. Бирок сынга кабылган уюм инфекция лабораториядан келип чыккан деген версияны жокко чыгаруу эрте экенин моюнга алган.

Кытай өз кезегинде андай божомолдорго “негиз жоктугун” айтып, АКШ да коронавирусту изилдегенин, вирус ошол жактан жайылганын билдирген.

Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө COVID-19га 700 миллионго жакын киши кабылып, көз жумгандар 7 миллионго чукулдады.

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб өзгөчө кырдаал режимин сактоо чечимин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылдын 7-июлуна карата республикадагы коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал жана калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө кандайдыр-бир чектөө киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу окуянын ар кандай өнүгүү сценарийине жооп кайтаруу үчүн жетиштүү күчтөр жана каражаттар бар.

Эдил Байсалов белгилегендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча бир нече толкун менен жайыла турган COVID-19 менен жашоону үйрөнүү зарыл. Түзүлгөн шартта коронавирустук инфекцияга каршы вакцина албагандар, коронавирустук инфекцияга каршы эмделбеген калктын бөлүгү өлүмгө дуушар болуу тобокелдигине кабылат.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары тийиштүү мамлекеттик органдарга өлкө калкын эмдөөнү активдештирүү багытындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Оперативдүү штабдын мүчөлөрү өлкөдө 2020-жылдын март айында киргизилген коронавирустук инфекция боюнча өзгөчө кырдаал режимин сактоо чечимин кабыл алышты.

Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн кошумча дозасын алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эмдөө бөлмөсүндө коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын кошумча дозасын алды.

Белгилей кетсек, Эдил Байсалов буга чейин үстүбүздөгү жылдын башында коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн кошумча дозасын алган. Учурда ал вакцинанын экинчи бустердик дозасын алууда.
Буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн толук курсунан (2 доза) өткөн.

Маалымат үчүн: толук эмдөөдөн кийин адамдарда COVID-19дан коргонуунун жогорку деңгээли иштелип чыгат. Убакыттын өтүшү менен инфекциядан коргонуу начарлайт, бирок вакциналар оорунун күчөп кетүүсү, ооруканага кабылуу жана өлүм коркунучун азайтууда натыйжалуу болуп саналат.

Вакцинадан баштапкы коргонуу азая баштаганда, коргоону жогорулатуу үчүн вакцинанын кошумча дозасы талап кылынат, ал бустердик доза деп аталат. Бул кошумча доза адамды оорудан коргоо үчүн көбүрөөк антителолорду пайда кылат. Бустердик доза вакцинанын эффективдүүлүгүн жогорулатат жана коронавирустук инфекциянын жаңы штаммдарынан жакшыраак коргоону камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эмдөө коронавирус инфекциясында жеке жана жамааттык иммунитетти түзүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы экенин эскертет. Мындан тышкары, эмдөө – жарандарды коронавирустун күчөп кетүүсүнөн жана зыяндуу кесепеттеринен коргоонун эң ишенимдүү жолу болуп саналат.

Президент элди вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров 20-июлда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчы Кыргызстанда ушуну менен экинчи жолу коронавируска байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен өтүп жатканын белгилеп, жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө, ден соолукту бекемдөөгө чакырды.

“Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга жакындоо максатында курмандык чалышып, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жана муктаждарга таратышат. Ушул себептен Курман айт аруулуктун жана кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат”, – деп айтылат куттуктоодо.

Дүйнө мусулмандары 20-июлда Ислам дининдеги чоң майрамдардын бири – Курман айтты белгилешти.

Коронавирус пандемиясынан улам эки жылдан бери Сауд Арабия падышалыгы өзүнүн жарандарына гана ажылык амалдарын аткарууга уруксат берген.

Кыргызстанда айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулду. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынды. Ар бир адам дааратты үйүнөн алып, өзүнүн жайнамазын көтөрө келиши керектиги эскертилген.

Дүйнө калкынын 1,7 миллиардын мусулмандар түзөт.

Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 20-июль – дем алыш деп жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ДССУ: Дүйнөдө коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталды

Дүйнө COVID-19 пандемиясынын үчүнчү толкунунун алдында турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди.

“Дүйнөдө COVID-19га чалдыккандардын саны төрт жума катары менен өсүп жатат. Биз дүйнөнүн баардык аймактарында ооруканалар толуп жатканы тууралуу кабарларды угуп жатабыз. Коронавирустун “дельта” вариантынан улам ооругандардын жана каза болгондордун саны көбөйүүдө”, – деди Гебрейсус.

Акыркы учурда эң жугуштуу саналган коронавирустун “дельта” варианты 111 өлкөдө аныкталды. Жакынкы мезгилде вирустун бул түрү дүйнөдө басымдуулук кылышы мүмкүн экени айтылууда.

Акыркы күндөрдөгү коронавирустун жайылышынан Аргентинада курмандыктардын саны 100 миңден ашса, Орусияда каза болгондордун бир күндүк көрсөткүчү рекорддук чекке жетти. Ал эми Британияда алты айдан бери алгачкы жолу бир суткада вирус жугузгандардын саны 40 миңден ашты.

Индонезияда вирустан каза болгондордун сөөгүн жашыруу үчүн адамдар мүрзөлөрдү казууга катышып жатса, Бирмада крематорийлер күнү-түнү иштеп жатат.

Австралиянын Сидней шаары июлдун соңуна чейин карантинге жабылды. Ал эми Испанияда түнкү коменданттык саат жарыяланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БИМ: Билим берүү жана илим министри Болот Купешов кызматкерлери менен чоогу коронавируска каршы эмдөө алышты

Бүгүн, 13-июлда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы вакцина алууну улантып жатышат. Бүгүн министрликке Бишкек шаарынын №1 поликлиникасынын мобилдик тобу келди. Министрликтин жетекчилиги биринчилерден болуп «Синофарм» вакцинасын алды. Бул тууралу БИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүнкү күнгө карата министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомство алдындагы уюмдардын кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмделишти.

ИИМ: Министр Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

Бүгүнкү күнү өлкөнүн бардык аймагында жарандар COVID-19 каршы эмдөөдөн өтүшүүдө.  Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков орун басарлары Нурбек Абдиев, Октябрь Урмамбетов жана  Эркебек Аширходжаев менен бирге коронавирус илдетине каршы вакцина  алышты. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми, министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков эмгек өргүүсүндө болгондуктан, ал кызматка келгенден кийин коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына вакцинаны алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өлкөдө калкты жапырт эмдөө башталганын жарыялады.

Коронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылды. Алардын 599у медициналык мекемелерде, 100ү мектеп, окуу жайлардын имараттарында, 12си чоң соода борборлорунда, 30у базарларда жана 12 мобилдик бригада иштейт.

“11-июлдан баштап вируска каршы массалык эмдөө башталды жана биринчи кезекте, 1 миллион 312 450 адамды түзгөн, тобокел топтор эмделет. Алар медициналык, социалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 60 жаштан жогорку жана өнөкөт оорулары бар адамдар, калктын социалдык жактан аярлуу катмары”, – деп билдирди Бакашова.

Вакцина акысыз, 18 жаштан улуу бардык жарандар ала алышат.

Эмдөөнү ырааттуу уюштуруу үчүн Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай эл аралык уюмдары 900 ыктыярчыны даярдады. Алар өлкө боюнча убактылуу эмдөө пункттарына барган адамдарды каттоо жана башка иштерге жардам бермекчи.

11-июль күнү Кыргызстанга Кытайдан бир миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келди. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калган вакцинаны бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алды.

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнө өлкө боюнча 130 миңге чукул адам катышты.

Республикалык штаб: Бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүлөрү зарыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги отурумун өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн медициналык мекемелердин айрым корпустарын бошотуу, 118 номерлүү кызматтын ишин өркүндөтүү, амбулатордук деңгээлде диагностикалык жана дарылоо иштерин күчөтүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, коронавирустук инфекция менен ооруган бейтаптарды аныктоо жана кайра жиберүү үчүн бөлүштүрүү пункттарын уюштуруу, ошондой эле медициналык мекемелердин жана жеке лабораториялардын биргелешкен иши жөнүндө маселелер талкууланды.

“Коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны тез өсүүдө. Эч ким былтыркы жылдагы экономикалык ишмердүүлүктү чектөө, ошондой эле жарандардын өлүмгө учуроо деңгээли боюнча сценарийдин кайталанышын каалабайт. Бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүлөрү зарыл. Саламаттык сактоо системасы бейтаптардын саны дагы өсүшүнө даяр болушу керек. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн тийиштүү медициналык жабдуусу каралган кошумча керебеттерди жайгаштыруу жана көбөйтүү боюнча ыкчам чараларды кабыл алышы зарыл. Республикада дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, дарыкана тармактарында жана саламаттык сактоо уюмдарында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттарынын жетиштүү запасы болушу керек. Бул маселелер туруктуу контролдо болууга тийиш”, – деди Жылдыз Бакашова.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

– Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте электрондук саламаттык сактоо системасын ишке киргизүүнү, дары-дармек каражаттар жана медициналык буюмдар боюнча улуттук маалыматтар базасын, ошондой эле коронавирус оорусунан айыккан бейтаптардын бирдиктүү реестрин түзүүнү тездетсин;

– ооруканаларда кошумча керебеттерди жайгаштырууда реанимациялык бөлүмдүн милдеттүү болуусу менен өзүнчө корпусту же имаратты бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштырсын;

– облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус менен ооруган кош бойлуу аялдарды дарылоо үчүн өз алдынча саламаттык сактоо мекемелерин, ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарды дарылоо үчүн гемодиализ борборлорун аныктасын;

– Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте 118 номерлүү кызматтын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын (зарыл болгондо кызматкерлердин санын көбөйтүү менен);

– шаар жана облустардын аймактарында күндүзгү же күнү-түнү иштөөчү стационарларды ачуу учурунда кире бериште медициналык персоналдын тийиштүү штатын камсыз кылуу менен бөлүштүрүү зоналарын милдеттүү түрдө уюштурсун;

– 10 күндүк мөөнөттө медициналык мекемелер менен жеке лабораториялардын ортосунда келишимдик мамилелерди түзүү жөнүндө маселени иштеп чыксын;

– вакцинациялоо темпин күчөтсүн.

Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына рейддик иш-чараларды өткөрүүнү күчөтүү тапшырылды.

«МЭА» ААК «Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшыруучу жүргүнчүлөр учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет

«Манас» эл аралык аэропорту» эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр «Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшырмак болушса, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет.

Эске салсак, Кыргызстандын негизги аба дарбазасынан 2021 жылдын 31 майынан тартып

COVID-19ду тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР лабораториясы ишке кирген.

ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун 2 кабатынан күндүзгү саат 8:00ден 18:00ге чейин тапшырууга мүмкүн.

AMSBIO лабораториясынын артыкчылыктары:

  • Буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда жок заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 %  так жыйынтык берет.
  • Заманбап жабдуулардын аркасында ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3499 сом) 4-5 саат үчүн (2399 сом).
  • ПЦР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү. (Россия Федерациясынан башка өкөлөргө, анткени компания азырынча « COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кире элек).
  • ПЦР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин аккредитациясынан өткөн.
  • ПЦР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1 кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн.
  • Корей AMSBIO компаниясы Кыргызстанда лаборатория түйүндөрүн жайылтууну көздөөдө.  Бул компаниянын ПЦР лабораториялык изилдөөлөрү акыркы муундун заманбап жабдууларын колдонуу жана импорттук реагенттердин жардамы менен өткөрүлгөндүктөн, COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт. АКШ, Корея, БАЭ жана башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.
Меню