Menu

Космос

Видео - Жефф Безос жеке ракетасы менен космоско учту

Дүйнөдөгү эң бай адам, америкалык миллиардер Жефф Безос космосту багындырды. 20-июлда ал иниси Марк Безос, 82 жаштагы америкалык алгачкы аял авиаторлордун бири Уолли Фанк жана 18 жаштагы Оливер Деймен менен космоско учуп барып келди.

Аларды Безос негиздеген Blue Origin компаниясы жасап чыккан New Shepard кемеси “космостун чеги” деп мүнөздөлгөн Карман тилкесине алып чыкты. Бул тилке деңиз деңгээлинен 100 чакырым бийиктикте жайгашкан.

АКШнын Техас штатындагы Ван Хорн шаарчасынын четинен учуп чыккан New Shepard кемесинин Жерден эң бийик көтөрүлгөн чеги 106 чакырым болду. Экипаждын жалпы сапары 10 мүнөт 20 секундага созулду. Жүргүнчүлөр 3-4 мүнөттөй космостук кеменин ичинде калкыган абалды сезе алышты. Андан соң астронавттар отурган капсула АКШнын Техас штатындагы чөлгө ийгиликтүү конду.

Дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безос Blue Origin компаниясын 2000-жылы түптөп, андан бери космос туризмин жүзөгө ашырууну пландап келген. Эми компания космоско учуп барып келүүнү каалагандарга билеттерди сатуу алдында турат. Бирок бир билеттин баасы канча болоору так айтыла элек.

Тогуз күн мурда британиялык миллиардер бизнесмен Ричард Брэнсон Virgin Galactic компаниясы курган аппарат менен космоско учкан.

57 жаштагы Жефф Безос Blue Origin компаниясынан мурда, 1994-жылы электрондук соодага ыңгайлашкан Amazon компаниясын түптөгөн.

Ал Forbes журналынын ааламдагы эң бай адамдардын тизмесинде бир нече жылдан бери сап башында. Анын байлыгы пандемияга карабастан 2020-жылы 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда америкалык бизнесмендин жалпы байлыгы 200 миллиард доллардан ашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кытай үч астронавтын биринчи жолу жаңы космостук станциясына учурду

56 жаштагы Не Хайшэн, 54 жаштагы Лю Бомин жана 45теги Тан Хунбо “Тяньгун” (“Асмандагы хансарай”) деп аталган жаңы станцияда үч ай болушат. Үч астронавтын ичинен Хунбо гана буга чейин космоско учкан эмес.

Кытай үч астронавттан турган экипажын алгач ирет жарым-жартылай курулуп бүткөн жаңы космостук станциясына учурду. “Шэньчжоу-12” космостук кемесин “Чанчжэн-2F” ракетасы 17-июнда Гоби чөлүндөгү космодромдон орбитага алып чыкты. Бул Кытайдын соңку беш жыл ичиндеги биринчи космостук миссиясы болуп калды.

Бул миссиянын алкагында австронавттар эки жолу ачык космоско чыгып, станциянын ишин камсыз кылуучу технологияларды жана таштандыларды жок кылуучу системаны текшерүү сыяктуу бир нече тапшырманы аткарышы керек.

“Тяньгун” станциясынын негизги бөлүктөрү быйыл апрель айында космоско учурулган. Анда космонавттар жашай турган бөлмө, станциянын ишин камсыз кылуучу жабдыктар жана башкаруучу система бар. Алдыдагы эки жыл ичинде станцияга эки лаборатория жөнөтүлөт. Анда Кытайдын космостук станциясынын жалпы салмагы 100 тоннага жетет.

Эгер Кытайдын бул дымактуу долбоору ишке ашса, анда “Тяньгун” “Мир” жана Эл аралык космостук станциядан кийинки космостогу үчүнчү туруктуу станция болуп калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню