Menu

КРнын Чикагодогу Башкы консулдугу

Чикаголук кыргыздар «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурушту

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жана Кыргыз коомчулук борбору «Kyrgyz Community Center» менен биргеликте АКШнын Чикаго шаарында турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурду.

Бул флешмоб манас эпостун уламыштарын айтуу, кыргыз көчү, бешик ыры, кара жорго бийи, топ таш, чүкө оюндары жана башка кыргыз элинин ар-түрдүү улуттук каада-салт, үрп-адат жана маданиятын көрсөтүү менен коштолду.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун 1999-жылдагы чечими менен 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү болуп бекитилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 2023-жылдын 21-январынан 21-февралына чейин Кыргызстанда «Эне тил күнүнө карата бир айлык» жарыяланган.

Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу экономикалык дипломатия боюнча тапшырмаларды аткаруу аракетинде

Чикаго шаарынын мэриясы, Чикаго шаарынын бизнес чөйрөлөрү, Чикагодогу чет мамлекеттеринин консулдук мекемелери менен кызматташууну кеңейтүү максатында, ошондой эле экономикалык дипломатия маселелери боюнча тиешелүү тапшырмаларды аткаруунун алкагында, Башкы консулдук Чикаго шаарынын мэриясынын «Chicago Sister Cities International» программасы жана «World Business Chicago» бизнес коомчулугу тарабынан уюштурулган Чикаго – 2022 эл аралык гала-концертине катышты.
Аталган иш-чарага Чикаго шаарынын мэри Лори Лайтфут айым, чет мамлекеттердин консулдук мекемелери, ишкерлер, бизнесмендер, ошондой эле банк секторунун өкүлдөрү катышты.
Чикаго-2022 эл аралык гала-концертинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелерин талкуулоо, ошондой эле экономикалык дипломатия боюнча маселелерди илгерилетүү үчүн Чикаго шаарынын мэриясынын «Chicago Sister Cities International» программасынын жетекчилери, Глобалдык стратегиялык демилгелер корпорациясынын аткаруучу директору Адриен Тонгат мырза, жана ошондой эле Чикаго шаарынын мэри Лори Лайтфут айым менен жакынкы аралыкта жолугушууларды өткөрүү жөнүндө маселелер макулдашылды.
Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган:
100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.
Телефон: 312 994 2416
312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)
Email: [email protected]

КРнын Чикагодогу консулу Болот Борбиев кыргыз жарандарын АКШда ишке орноштуруу үчүн эмгек квоталарын жогорулатуу маселелери боюнча иштөөдө

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.И. Борбиев Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарынын Жарандык жана миграция кызматынын кеңсесинин директору Кевин Риддл мырза менен жолугушту.
Бул жолугушуу Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарынын Жарандык жана миграция кызматынын кеңсесин жаңыдан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдуктун ишмердүүлүгү менентааныштыруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жарандык, КР жарандарынын АКШ аймагында ишке орношуусу үчүн эмгек квоталарын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулоо максатында уюштурулган. Жолугушуу ачык, конструктивдүү маанайда жана достук кырдаалда өттү.
Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган:
100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.
Телефон: 312 994 2416
312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)
Email: [email protected]

АКШнын Чикаго шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Болотбек Борбиев Чикагодогу кыргыз диаспорасы менен жолукту

12-августта КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.И.Борбиевдин «Kyrgyz Community Center» аттуу кыргыз коомдук борборунун базасында Чикагодогу кыргызстандык коомдук диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуу жарандарды жаңыдан түзүлгөн Башкы консулдуктун иши менен тааныштыруу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, экономикалык дипломатия, маданият, туризм, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу жаатындагы маселелерди талкуулоо, ошондой эле тыгыз байланыштарды мындан ары да улантуу жана биргелешкен келечек пландарды талкуулоо максатында уюштурулду.

КР Башкы консулу Б.И.Борбиев белгилегендей, КРнын Президентинин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги үчүн чет өлкөлөрдө жүргөн КРнын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону активдештирүү өзгөчө мааниге ээ милдеттер болуп саналат.

Ошондой эле Башкы консул Чикагодогу кыргыз коомдук диаспора бирикмелеринин өкүлдөрүнө COVID-19 пандемиясынын учурунда көрсөткөн активдүүлүгү жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуу ачык, конструктивдүү маанайда жана достук кырдаалда өттү.

Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.

Телефон: 312 994 2416

Ишеним телефону: 312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)

Email: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

Меню