Menu

КР алтын-валюта резерви

Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которгон

Улуттук банк Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которуп бергенин банктын кызматтан кетип жаткан төрагасы Толкунбек Абдыгулов ырастады.

Ал бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга мыйзам жол берет деди.

“Ооба, бул маалымат чын. Мыйзам боюнча жана эл аралык талаптарга ылайык, биз кирешенин бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда которууга укугубуз бар. Бирок бул сумма кирешенин үчтөн бир бөлүгүнөн ашпоого тийиш. Эл аралык аудитор менен макулдашып, 2,5 млрд. сомду котордук. Бул сумма ансыз деле жыл аягында бюджетке түшмөк. Мында мыйзам бузуу жок”,-деди Абдыгулов.

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылы Улуттук банктын жалпы кирешеси 5 млрд. 395 млн сом болгонун, ал эми 2020-жылы жалпы киреше 8,5 млрд сом болгонун маалымдады. Анын айтуусунда, Улуттук банктын быйыл, сентябрга карата кирешеси 9 млрд. сомдон ашуун, ал эми алтын-валюта резерви – 3,2 млрд. долларды түзөт.

Жогорку Кеңеш ушул тапта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын карап жатат. Ал президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп кетип жатканын байланыштуу арыз жазганын, эч кандай саясий басым-кысым жоктугун билдирди.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери жетектеп келет. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан.

Меню