Menu

КР Коопсуздук кеңеши

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

– Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
– Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары;
– Коопсуздук кеңешинин катчысы;
– Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
– Жогорку Кеңештин Төрагасы;
– Министрлер Кабинетинин Төрагасы;
– Президенттин Администрация башчысы;
– мамлекеттик катчы;
– башкы прокурор;
– коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
– тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
– өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
– ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.

2021-жыл 25-август

КР Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Аталган Жарлык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылды.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Меню