Menu

КР Маданият жана маалымат министрлиги

КР Маданият жана маалымат министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотту

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотту. Өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлдү.
Министрлик тарабынан 2022-жылдын 16-сентябрында “Учурдагы убакыт” ресурсунда («Азаттык Медиасынын» ведомстволук түзүмү) “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш | ASIA” аттуу видеоматериалы (https://www.youtube.com/watch?v=zGU3o1Y4p4w) жана (https://rus.azattyk.org/a/32037683.html) эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган.
Буга байланыштуу министрлик 2022-жылдын 17-сентябрында “Азаттык Медиа” мекемесине ММК чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн.
Бирок бул кайрылууга көңүл кош мамиле кылынып, “Азаттык Медиа” тараптан жооп кайтарылбай, тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.
Ошондуктан министрлик Кыргыз Республикасынын “Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2022-жылдын 24-октябрындагы № 12-3/6873 (талап кылынгандан кийин 24 сааттын ичинде) көрсөтүлгөн материалды өчүрүп салуу тууралуу катын “Азаттык Медиа” мекемесине жөнөткөн.
Министрликтин катына жооп катары “Азаттык Медиа” мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок, ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелинде 204-токтому менен бекитилген “Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин” жетекчиликке алып, министрлик хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу, “Азаттык Медиа” сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды.
Меню