Menu

Кубатбек Жусубалиев

Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдык мааракеси “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартылбай” эле белгиленүүдө

Дүйнөлүк көркөм адабиятта өз үнү, өз стили бар кыргыз жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдык мааракеси кыргыз коомчулугу тарабынан кеңири белгиленүүдө.

Эртең, 29-октябрдан тартып, 18-ноябрга чейин “Жолдо” (“Идущий”) деп аталган чыгармачылык жолугушуулардын программасы башталат.

29-октябрда саат 15:00дө “Жолдо” аталган сүрөт көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде  ачылып, 15-ноябрга чейин созулат. Анда белгилүү скульптор жана сүрөтчүлөр Заур Хабибулин, Сатар Айтиев, Асакен Бейшенов, Софи Имрен, Шайлоо Жекшенбаев, Жамбул Жумабаев, Туман Жумабаев, Белек Кошоев, Дмитирий Лившиц, Кубанычбек Мамараимов, Бахромжан Темиров жана Эмил Токталиевдин жазуучу Кубат Жусубалиев тууралу эмгектери коюлат.

Бул сүрөт көргөзмө көзү өтүп кеткен скульптор Заур Хабибулиндин 85 жылдыгына да арналат.

Атайын гиддер кыргыз, орус англис тилдеринде күнүмдүк көргөзмө сапарын күн сайын өткөрүп турушат.

Көргөзмөнүн ачылыш алдында, саат 12:00дө музейдин кинозалында пресс-вернисаж маалымат жыйыны өткөрүлөт.

1-ноябрь күнү саат 17:00дө Бишкектеги Франциянын Борбор Азияны изилдөө институнун кинозалында жазуучунун жубайы, кинорежиссёр, маркум Клара Юсупжанова менен Кубатбек Жусубалиевдин документалдуу фильмдери көрсөтүлөт.

4-ноябрь күнү саат 18:00дө Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын 1-кабатындагы АЛЬЯНС ФРАНСЭЗ бурчунда Франциялык сүрөтчү-саякатчы Софи Имрендин “Жолдо. Кыргызстандагы саякатчынын күндөлүгү” аттуу көргөзмөсү өтөт.

10-ноябрда саат 14:00дөн 16:00гө чейин Кыргыз Улуттук китепканасында Кубатбек Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” романынын 2-басылышынын бет ачары болуп, андан кийин жазуучунун чыгармачылыгына арналган тегерек стол өтөт.

17-ноябрда саат 09:30дан 14:00гө чейин Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын 2-кабатынын кичи залында “Кубатбек Жусубалиевдин философиялык дүйнөсү” аттуу илимий-практикалык конференция өтөт.

1964-жылы кыргыздын алп жазуучуларынын бири Түгөлбай Сыдыкбеков ошол кездеги жаш жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин “Күн автопортретин тартып бүтө элек” повестин окуп чыгып, “Кадимки эле чоң эне, кадимки эле боз үй, кадимки эле ой-тоо, кадимки эле эшек жүрөт. Бирок ошолорду өзүнчө бир байкоо, өзүнчө бир көрүү менен жазган. Кыскасы, кыргыз адабиятында мурда жолукпаган ык бар экен. Бул жаңылык мага да жакты” деп жазган эле.

1970-жылы дүйнөлүк адабияттын дагы бир алпы Чыңгыз Айтматов Кубатбек Жусубалиевдин  “Муздак дубалдар” романын окуп чыгып “Кубат, сен гениалдуу жазуучусуң, бирок бул доордо сенин чыгармаларыңды басып чыгарышпайт” деген экен. Айтканындай эле совет доору өткөндөн кийин гана жазуучунун романдары китеп болуп жарыялана баштады.

Мына ошол, “кыргыз адабиятында мурда жолукпаган ыктын” автору Кубатбек Жусубалиев бүгүн 80 жаштын кырын ашып олтурат.

Кубат аке, торколуу тоюңуз кут болсун! Өлбөстүн мүрөк суусу сизге да буюрусун!

Меню