Menu

Кумар оюндары

УКМК: Жалал-Абад облусунда жашыруун казино иштеткендер кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин (Мыйзамсыз ишкердик) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад шаарында жана облустун Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2023-жылдын 17-мартында бул көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору кармалды, бул жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк мыйзамсыз аракеттерден түшкөн 200 (эки жүз) миң сомдон ашык акча каражаты табылган. Ошондой эле, оюн автоматтарынын ролун аткарган тиешелүү программалык камсыздоосу менен камтылган жалпысынан 40ка жакын компьютер алынды. 

Муну менен катар ал жайлардын 30 кардары да ал жерде болуу жагдайларын тактоо үчүн кармалды. Кармалган жарандар менен аталган мекемелердин иштери мыйзамсыз экени боюнча профилактикалык түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

 Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү салыктык текшерүүлөр жана экспертизалар дайындалды.

Ошол эле учурда, облустун айрым укук коргоо кызматкерлери жашыруун мекемелерге колдоо кылууга тиешеси бар деп шектелип, буга байланыштуу алардын өздүгүн тактоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

УКМК: Мыйзамсыз көмүскө кумар оюндарынын иштерине бөгөт коюлду

Кечээ, 14-июлда КР УКМК тарабынан  КР Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүгүндө (кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Жалал-Абад облусундагы мыйзамсыз көмүскө кумар оюндары аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду.

Такталгандай,Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын ичинен адамдардын тобу компьютердик оюн клубдарынын атын жамынып, мыйзамсыз көмүскө кумар оюн жайларды уюштуруп, кумар оюундарын өткөрүү жайларды ойнотуп жаткандыгы аныкталды. Аталган мекемеге күн сайын 50гө жакын адам барып турат.

2021-жылдын 15-июлунда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМК кызматкерлери “К.Т.К” мекемесинин администраторун, жана ошондой эле көрсөтүлгөн мекемеде жүрүү шарттарын билүү үчүн 5 адамдан турган кардарларды жеринен кармашкан. Ошондой эле, аталган мекеменин уюштуруучулары  КР жарандары “К.Ж.” жана “О.Н.” экендиги аныкталган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Меню