Menu

Кумтөрдөгү коррупция

Финансы министрлиги Тенгиз Бөлтүрүктүн 100 миң доллар айлыгына байланыштуу түшүндүрмө берди

Финансы министрлиги “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүктүн айлык акысына байланыштуу маалыматка түшүндүрмө берди.

Буга чейин Kaktus.media басылмасы Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу катары “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинен айына 45 миң доллар айлык алып турганын жазган. Мындан сырткары “Кумтөрдөгү” айлыгы 55 миң доллар экени, жалпысынан айына 100 миң доллар алып турганы жазылган. Аталган басылма бул тууралуу өз булактарына таянып жазган.

Финансы министрлиги мамлекет башчынын 2021-жылдын 29-январындагы “Тоо-кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгы жана Министрлер кабинетинин бул реформаларды ишке ашыруу максатында ушул эле жылдын 10-декабрындагы токтому менен “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги түзүлүп, Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу анын президенти болуп дайындалганын, анын уставдык капиталын түзүү үчүн республикалык бюджеттен 3 400,0 млн сом бөлүнгөнүн кабарлады.
“Ушул күнгө чейин Тенгиз Бөлтүрүккө республикалык бюджеттен жана “Улуу көчмөндөр мурасынын” бюджетинен айлык акы берилген жок. Ар бир чыгашалар бухгалтердик отчёттор менен тастыкталган. Учурда Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинг компаниясын жоюу иштери жүрүп жатат. Финансы министрлиги каржы маселелеринде ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин карманып келет.”, – деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.
Kaktus.media басылмасынын жазганына караганда, Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, 2021-жылдын август айында Тенгиз Бөлтүрүккө “Кумтөр голд копанияден” айлык акысынын өлчөмүн 40 миң долларга чейин өзгөрткөнү, ошол эле учурда анын эмгек акысын жогорулатуу чечимине эч кандай далилдүү документтери жок экенин аныктаган. 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин Бөлтүрүктүн сый акысынын жалпы суммасы 473,2 миң долларды түзгөн. 2021-жылдын 21-декабрында Бөлтүрүк өзүнө 55 миң доллар өлчөмүндө сый акы белгилеген.
Өлкөнүн Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компанини” Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча жүз барактан турган отчётун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердиги ийне-жибине чейин эсептеп жазылган.
Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 миллион 45 миң сом короп, бул боюнча отчёт берилген эмес.
Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулган.
Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү, “Кумтөрдүн” ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган. Ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.
Башкы прокуратура үй камагына чыккан “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергенин билдирген. Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыгарылганын Октябрь райондук соту билдирген.

УКМК: Экология экс-министри Динара Кутманова элдин миллиондогон акчаларын уурдагандыгы үчүн камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылардын негизги буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында шыктандыруучусу жана башкы уюштуруучусу болгон экс-министр Д.А.Кутманова кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, чогултулган далилдердин, анын ичинде коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды.

Д.А.Кутманова, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен, ага жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген ишенимге карабастан, өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурган.

Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана карындашы), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу ж.б.) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.

Эскерте кетсек, 3 жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген. 

Ошондой эле, каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Д.А.Кутманова тарабынан Комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды.  

Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Д.А.Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

Кутманова Д.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда КР УКМК башка ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.

Генпрокуратура: Тенгиз Бөлтүрүктүн тобу "Кумтөрдөн" уурдалган 1 млрд сомдун 845 млн сомун казынага төлөп беришип, үй камагына чыгарылды

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке  1 млрд. 146 млн. 449 мин 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Учурда келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн. 512 мин 858 сому Т.Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды.
Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына  Т.Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн.
Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Т.Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй-камагына өзгөртүлдү.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президенттен аны үй камагына чыгарууну өтүндү

“Kумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарууну өтүнүп, жубайы Илмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Анын кайрылуусу Теңгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасына жарыяланды.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин сүйүктүү жолдошум, жашы жете элек балдардын атасы Теңиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, ырайым кылышыңызды тизелеп туруп, суранам. Мен күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздү өтүнөм. Анын ден соолугу азыр абдан начар. Аны мындай абалда камакта кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан абдан корком. Ал үчүн мен жанымды берүүгө даярмын. Анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качууну ойлогон да эмес. Анын катуу жүрөк оорусу бар, кан басымы да жогору”, – деп жазылган Илмира Алпысбаеванын кайрылуусунда.

Президент Жапаров соңку маегинде Бөлтүрүк таза иштегенге убада берип, чечимдерди өзү кабыл алып келгенин, эми анын ишине сот гана чекит коёрун айткан болчу.

Теңгиз Бөлтүрүк тергөө менен кызматташууга даяр экенин октябрь айынын башында абактан жазган катында да билдирген.

Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөн” акча кымырган коррупциялык ишке байланыштуу камалганын 13-сентябрда билдирген. Аны менен кошо жабдуу бөлүмүн башчысы Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган. Башкы көзөмөл органы бул иш боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган. Ага байланыштуу үч кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда аны 10-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. 3-октябрда доо-арыздын негизинде анын бөгөт чарасы шаардык сотто каралып, буга чейинки чечим күчүндө калтырылган. Бөлтүрүк учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Бөгөт чарасын тандоо үчүн сотко алып келгенде Теңгиз Бөлтүрүк бул ишке тиешеси жок экенин, бирок кол астындагыларды көзөмөлдөй албаганын айткан.

“Мен макул эмесмин, бардык айыптар жалган, акылга сыйгыс. Мен эки ири компаниянын менеджери болгом, ошондой эле юридикалык маселелерди да чечип жүргөм. Менин жумушум абдан көп эле. Ошондуктан бардык жумушчу жараянды көзөмөлдөгөнгө үлгүрө албадым. Менин кол астымда көп адам иштеди. Алардын айрымдары чынында эле коррупциялык схемаларга аралашкан, алардын кээ бирлери өлкөдөн чыгып кетти. Бирок мага жок жерден эле айып коюлуп жатат. Мени эмне үчүн айыптап жатканын өзүм да түшүнбөйм. Мен өлкө үчүн колумдан келгендин баарын жасадым, ак иштедим. Мен бир гана маянага иштедим. Башка эч кандай пара алган жокмун. Ошол үчүн бул кырдаалда нес болуп калдым. Мен тазамын. Мейли, бардык документтерди, катышуучуларды аягына чейин териштирсин. Анткени менин кол астымда көп адам иштеди. Камсыздоо бөлүмүнүн директору бар, ошол маалда камсыз кылуу жагын аткаруучу директор карап жаткан. Финансы директору да бар эле”.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Генпрокуратура: "Кумтөрдөгү" коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча Теңиз Бөлтүрүк камакка алынды

Бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышты, тергөө улантылууда.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча бир катар кылмыш иштери козголгон.
Мында алдын ала эсептөө боюнча аталган коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган.

"Кумтөр" компаниясындагы финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан алынды

Бүгүн «Кумтөр» кенин иштеткен ишкананын ишмердигинде чоң өзгөрүүлөр болду. Бул тууралу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

«Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы аныкталды.

Буга байланыштуу, «Кумтөр» компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды.

Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жалпы көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет.

Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат.

Сот "Ата-Мекенчи" экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди Кумтөрдөгү коррупция боюнча 30-сентябрга чейин камакка алды

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр” алтын кениндеги коррупция фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-сентябрда кармалган “Ата-Мекен” партиясыныны мүчөсү, экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди 30-сентябрга чейин тергөө абагына камакка алды.

Жоомарт Оторбаев “Ата-Мекен” партиясынын Саясый кеңешинин мүчөсү катары 2010-жылдагы парламенттик шайлоого аталган партиянын тизмесинин курамында катышкан. Шайлоодон соң  жеңүүчү партиялардын бири катары “Ата-Мекен” партиясына бир нече министрлик жана вице-премьер-министрлик кызматтары бөлүнгөндө Жоомарт Оторбаев 2011-2012-жылдарда вице-премьер, биринчи вице-премьер кызматтарын аркалаган.

2014-2015-жылдары Жоомарт Оторбаев Ата-Мекен” партиясынын атынан КР Премьер-министри болуп шайланып, кыргыз өкмөтүн башкарган.

Ошол жылдары КСДП жана “Ата-Мекен” партияларынын тымызын колдоосу менен Канадалыктарга Кумтөрдөгү Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалоого парламент аркылуу мыйзам өткөрүп, жол ачып беришкен.

Меню