Menu

Кумтөр Голд Компани”

"Кумтөр Голд Компанинин" издөөдө жүргөн мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалды

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалып, камакка алынды.

Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы журналисттерге ырастады.

Курманов 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына жеткирилген. Учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) киргизилгени айтылды.
Былтыр сентябрда Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” ишканасындагы коррупциялык кылмыштар боюнча козголгон иштин алкагында анын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (“Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу”) менен шек саналып жатканын кабарлаган.
Башкы көзөмөл органы Курмановго карата камакка алуу бөгөт чарасы тандалып, издөө жарыяланганын билдирген.
Интернеттеги маалыматта Канат Курманов “Кумтөр Голд Компани” ишканасына аткаруучу директор болуп 2022-жылдын январында дайындалганы айтылат.
Азырынча Курмановдун өзү же жакындары үн ката элек.
Буга чейин Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк дагы камалган. Бөлтүрүк сот залында журналисттерге учкай комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйбаган иш” деп атап, коррупциялык иштерди ага шылтоо негизсиз экенин билдирген.
Буга чейин Башкы прокуратура “Кумтөрдү” текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.
Башкы прокуратура “Кумтөрдү” августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

"Кумтөр Голд Компани" бюджетке рекорддук суммадагы төлөм - 11 млрд 389,9 млн сом которду

2022-жылдын январь-апрель айларында “Кумтөр Голд Компани” ишканасы өлкө бюджетине рекорддук суммдагы акча которду.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул убакыт аралыгында ишкана мамлекеттин казынасына 11 млрд 389,9 млн сом которгон. Бул сумманын 3 млрд 604,3 млн сому – дүң киреше салыгы. Бир жыл мурун бул сумма ушул эле мөөнөттө 1 млрд 928,1 млн сом болгон. 2021-жылдын жыйынтыгы менен “Кумтөр Голд Компани” дүң киреше салыгы катары 8 млрд 30,3 млн сом төккөн.

Быйыл жылдын биринчи төрт айында 7 млрд 785,9 млн сом өлкөнүн минералдык-чийки базасын өнүктүрүүгө багытталган. Жылына бул базаны өнүктүрүүгө тапкан пайданын 4% жумшалышы керек.

“2021-жылы тарыхта биринчи жолу кендин жаңы жетекчилиги түшкөн пайдадан пландан жогорку бюджеттик салык үчүн 32,9 млн доллар төлөдү же бул кошумча салык үчүн 2 млрд сом которду” – деп белгиленген билдирүүдө.

Апрелдин башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл бийлик Кумтөрдөн салыктан тышкары 500 млн доллар таза киреше алууну пландап жатканын айткан.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2021-жылы 14 тонна 561 килограмм алтын казылып алынганын, аны сатуудан түшкөн киреше 865 млн долларды түзгөнүн билдирген. Бирок бул алтын кайда сакталары тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Акылбек Жапаров Кумтөрдүн продукциясы өлкөдө каларын айтып, бирок кеңири түшүндүрмө берген эмес.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКсынын өткөн айда сом менен алынган дүң кирешесинин 0,6%ы “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсебине которулат

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомуна ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталсын. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушууда Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жылдык дүң пайдасынын 0,6%ы бөлүнүп турарын билдирген.

Президент Садыр Жапаров: Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, өлкөнүн элине кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Кутмандуу кечиңиздер менен, урматтуу кыргызстандыктар!

Кымбаттуу калайык калкым!

Ардактуу Ата Журт!

Сиздерге түз эфирден бүгүнкү кайрылуумдун себеби — Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын кыргыз элине жана жалпы дүйнөлүк коомчулукка жарыялаймын!

»Центерра« менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге жаңы эле кол коюлду.

Биз эң чоң улуттук байлыгыбыз – Кумтөр кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшүн камсыздай алдык.

Ошентип, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү!

Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп атасам аша чапкандык болбостур. Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек!

Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Эмесе, мен сиздерге макулдашуунун негизги жоболору жөнүндө айтып берейин.

Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, „Кумтөр Голд Компани“ ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү.

Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык.

Мындан тышкары, „Центерра“ бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду — анын көлөмү болжол менен 11 млн АКШ долларын түзөт.

Дагы бир жетишкендик – „Центерра“ кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Буга да жетиштик.

Биз „Кумтөр“ кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык — бизге 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген.

»Центерра« 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты.

»Центерра« АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду.

Ал эми „Кыргызалтын“ ачык акционердик коому „Центеррадагы“ 26% үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда „Центерра“ аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.

Биз, кыргыз тарап дагы Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотобуз.

Ушундай шарттарды макулдашууга жетишүү оңой-олтоң болгон жок, анын ар бир пункту боюнча чечим кабыл алуу бир жылга жакын убактыбызды алды.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Азыркы дүйнөлүк курч кырдаалды жана өзүбүздүн абалыбызды эске алсак жетишилген келишимдин шарттары бирден бир оптималдуу жана биздин пайдабызга, Кыргызстандын мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыгына чечилгендигине ишендире алам.

Соттук процесстер жана эл аралык арбитраж узак жылдарга созулуп кетерин билесиздер. Мындан да жакшы шарттарга жетишүү үчүн — биз  бери дегенде дагы 5 жыл убактыбызды, он миллиондогон доллар каражатыбызды коротмокпуз, же болбосо, жети-сегиз жылга созулуп тура бермек.

Биздин пайдабызга мындан да оң чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле. Бирок биз ал арада көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз.

Созулуп кетсе, ири инвестдолбоорлордон куру калмакпыз, арбитраждык соттук процесстер бүтмөйүнчө инвесторлордун ишеними солгундап, республикага сырттан финансылык каражаттарды тартуу оорломок, өлкөгө тыйын дагы, товар дагы келбей кала турган коркунучка кептелмекпиз.

Бул талаш-тартыштын башынан аягына чейин биз улутташтыруу жөнүндө таптакыр сөз жок экендигин айтып, ишендирип келдик.

Бул маселеде Кыргызстан чет өлкөлүк компанияга каршы чыккан жери жок.

Кептин баары конкреттүү „Кумтөр“ кенин башкаруу  маселеси жөнүндө болуп жатат.

Биз баарыбыз: „Кыргызстан бизнес үчүн дайыма ачык“ деп айтып келебиз.

Биздин мыйзамдардын үстөмдүгүн жогору койгон, биздин улуттук активдерге жана улуттук кызыкчылыктарыбызды сыйлаган инвесторлорго  ар дайым ачыкпыз жана кучак жайып тосуп алабыз.

Бул макулдашуу  дал мына ушуну айгинелеп турат.

Кымбаттуу Кыргызстандыктар!

Сүйлөшүүлөр абдан оор болду.

Ошого карабастан, биз эң башынан тартып мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын коргоо үчүн бекем турдук, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргодук.

Башында бизди эл аралык коомчулукка „жапайы, баскынчы“ катары көрсөтүүгө аракеттер болду. Андан кийин да бизге  өтө келишкис талаптарды коюшту. Биз баарына чыдадык, бекем турдук.

Биз үчүн маанилүүсү — Кыргызстандын жана кыргыз элинин кызыкчылыгы эле. Акырында эң баштапкы сүйлөшүп жаткан позицияларды түп-тамырынан өзгөртүүгө жетише алдык. Өлкөбүз үчүн бүгүнкү учурга ылайыктуу, максималдуу түрдөгү пайдалуу жыйынтыктарга жетише алдык деп дагы бир ирет ишенимдүү түрдө айта алабыз.

Биздин чечим  эл аралык арбитраж боюнча дүйнөдөгү эң мыкты юристтердин колдоосуна негизделди жана алардын бизге берген кеңеши да ушундай болду.

Биздин пайдабыз дегенимди өзүңүздөр  баалап, таразалап көрүңүздөр.

Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде дивидент алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин алабыз деп турабыз.

Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда.

Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд долл киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин  алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган  эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр да бар. Азырынча ал жөнүндө кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат.

Учурда тышкы карыздарды кайтаруунун убактысы жетип, жылына ири өлчөмдөгү каражатты төлөөнүн мезгили келгенин билесиздер. Бүгүн белгилей кетчү жагдай, Кумтөрдү көзөмөлүбүзгө алган соң эми тышкы карызды төлөө маселесинде өзүбүздү ишенимдүү сезип, жеңилденип калдык.

Биз сырттан сатып алып жаткан товарлардын: буудай, шекер жана өсүмдүк майынан тартып, күйүүчү-майлоочу материалдар менен жер семирткичтерге чейин баалары қымбаттап жатканын эске алсак, жаңы эле жарыялаган шарттарда Кумтөр боюнча макулдашууга жетишүүнү кечиктирбөө —  учурдун талабы жана кабыл алынган чечимдерге негиз болгондугуна ынанабыз.

Мамлекет башчысы катары мен чечкиндүү жана кечиктирилгис кадамдардан баш тартпайм. Элдин жоопкерчилигин мойнума алгандан кийин создуктурууга жол бере албайм.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Эми Кумтөр толугу менен менчигибизге өттү. Мындан жыйырма жыл мурда эле болчу окуя — бүгүн гана жүзөгө ашты. Бул, албетте, кейиштүү жана өкүнүчтүү! Бирок өткөн ишке өкүнбөйт демекчи, эл-журтубузга жараткан Кудайым белек кылган байлыкты уурдагандар, тоногондор тууралуу сөз кылгым келбейт.

Мен кыргыз саясатындагы басып өткөн жолумда – Кумтөрдүн байлыгы жөнүндө такай айтып келдим. Ал үчүн санаалаштарым, үй-бүлөм менен бирге далай кыйынчылыктарды да башымдан өткөрдүм.

Азыр жөнү жок эсептешип, кимдики туура, же кимдики туура эмес деп акыйнек айтышып, күнөөлүүлөрдү издегенге убакыт жок.

Мен калкымды алдыга карай сүрөп, илгери баштагым келет.

Андыктан, өткөнгө кылчактабастан, алдыга карай чечкиндүү кадамдарды жасашыбыз керек. Мындай саясат өз мамлекеттүүлүгүнө ээ эркин элге жарашат деп эсептейм. Биздин тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда. Кумтөр боюнча бүгүнкү чечим — мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү жолундагы ири жетишкендиктердин башталышы гана.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, командама, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топко, ата мекендик жана эл аралык юристтерге жемибизди жедиртпей, сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзүшкөнү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздер өлкөбүз үчүн эбегейсиз чоң кызмат кылдыңыздар!

Алтын казуу ишин бир да мүнөткө үзгүлтүккө учуратпай, кенди иштетип кеткен Кумтөрдүн бүтүндөй эмгек жамааты дагы биздин жылуу сөздөрүбүзгө жана мактоого татыктуу.

Сунуштаган чечимдерибизди колдоп, бекитип бергени үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирем.

Жана албетте, Кумтөрдү элибизге кайтарып берүү ишинде эрки майтарылбай, кыйла жылдар бою күрөшүп келген бардык жарандарга, бардык кыргызстандыктарга — чын жүрөктөн алкыш айтам!

Бүгүн — биздин жалпы жеңишибиз!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бардыгыңыздарды башталган ыйык Орозо айы менен куттуктайм!

Ар бир үйдү ырыскы, береке-кут жана бакты-таалай ыроолосун.

Орозоңуздар кабыл болсун!

Жараткан Кыргызстаныбызды колдосун!».

"Кумтөр Голд Компани": "Канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын одоно бузган"

“Кумтөр Голд Компани” Кумтөр кенинде “канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузган фактылар аныкталганын” билдирди.

5-октябрда компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүлүп келгени, бул полигондор бир да отчетто көрсөтүлбөгөнү, аларды кызматкерлердин жардамы менен аныктоого мүмкүн болгону белгиленген.

“Казуу иштерине катышкандардын баары таң калып жатышат… Экологдордун айтымында, мындай калдыктар көмүлгөн жерлер кендин дээрлик бардык аймагында бар. Аларда тиричилик таштандылары менен аралаш уулуу калдыктар да чогуу көмүлгөн – химиялык реагенттердин таңгактары, май фильтрлери, эски дөңгөлөктөр, тоо-кен техникасынын тетиктери жана бүтүндөй унаалар бар”, — деп жазылган билдирүүдө.

Экологдордун маалыматына караганда, кендин ар кайсы жеринде төрт метр тереңдикте дагы бир нече ири калдык көмүлгөн жерлер бар. Бул маалыматтардын бардыгы юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Апта башында канадалык ишкана кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” мыйзамды жана экологиялык стандарттарды бузуу менен жетектеген”, “Центерра Голд” кенди пайдаланууда коопсуздук стандарттарын сактачу эмес”, “Мурда кыргыз өкмөтү менен келишим түзүүдө Centerra коррупциялык схемаларды пайдаланган” деген аңыздарды таратып жатканын билдирип, бул дооматтарды четке каккан.

“Кумтөр кенин биз жетектеп жатканда ал айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана инженердик камсыздоо жаатындагы эң жогорку эл аралык стандарттагы, дүйнөлүк деңгээлдеги объекти болуп саналып, Кыргызстандын экономикасына 4,48 миллиард доллардан ашуун каражат кошкон”, – деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин расмий Бишкек Кумтөр маселеси боюнча Швейцариянын Женева шаарында өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 1-раундунун жыйынтыгына кыргыз тарап канааттанды деген билдирүү тараткан. Бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат жок.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия “Центерра Голд” Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту “Центерра Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.

«Кумтөр Голд»: Коопсуз, туруктуу жана пландык режимде иштеп жатабыз

«Кумтөр Голд» компаниясы коопсуз, туруктуу жана пландык режимде иштеп жатканын билдирди.

16-августта ишкананын расмий сайтына жарыяланган маалыматта иш канадалык «Центерра Голд» («Центерра») компаниясы жасаган тоскоолдуктарга карабастан үзгүлтүккө учурабаганы, бардык маалыматтык системалар жана байланыш калыбына келтирилгени, азыр жумушчулар коопсуз шартта иштеп жатышканы айтылды.

Тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк жетектеген команда келечекке план түзүп, кенди иштетүүнүн жаңы стратегиясын жазып жатканы, анда алтынды жер астынан казып алуу ыкмасы каралганы белгиленди.

Кыргыз тарап май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Учурда Нью-Йоркто сот уланып жатат. Кыргыз тарап АКШдагы сот Кыргызстандагы кендин тагдырын чече албай турганын билдирип жатат.

Кумтөрдүн айланасындагы быйылкы окуялардан улам “Центерранын” Торонто жана Нью-Йорк биржаларындагы акцияларынын баасы төмөндөп кетти. Мындан улам Кыргызстандын “Центеррадагы” 26 пайыздык үлүшүнүн наркы да төмөндөдү.

Бөлтүрүк: Кумтөр кенин камсыздоо - азыркыга чейин чоң көйгөй бойдон калууда

Нью-Йорк соту чечим чыгаргандан кийин Кумтөр кенин жабдуулар менен камсыздоо көйгөй жаратууда. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу сырттан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк 21-июнда “Биринчи радионун” эфиринде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Нью-Йорктун банкрот боюнча соту чечим чыгаргандан кийин көптөгөн жеткирүүчүлөр муну туура эмес түшүнүп алып, жеткирүүлөрдү токтотушту. Азыр кепилдик каттарын жөнөтүүгө туура келип жатат. Нью-Йорктогу биздин юристтер бир да жеткирүүчү, сервис жана кызмат көрсөткөн бир да компания милдеттенмелерин токтотууга укугу жок экени жөнүндө кат жазышууда. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, – деди Бөлтүрүк.

Ал “Кумтөр Голд” компаниясынын эсептери мурдагыдай эле камакта экенин, ошондуктан кызматкерлердин маянасын төлөө үчүн “алтынды тез сатып жиберүүгө” туура келгенин кошумчалады.

“Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын алтын кенди иштетип келген “Центерра Голд” компаниясы 31-майда билдирген. Компания Нью-Йорктогу сот жараяны “Кумтөр Голд Компани” менен “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кыларын маалымдаган. Кумтөргө байланыштуу Нью-Йорктогу соттук отурум дагы улана турган болду.

8-июнда Нью-Йорктогу сотто бул иш карала баштаган. Судья Лиза Бекермандын макулдугуна ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартуу, алардан доо өндүрүү же ал ишканалардын мүлкүн тартып алуу аракеттерине убактылуу чектөө коюучу буйрук ишке кирген.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Кумтөр алтын кенинде 3500дөн ашык киши иштейт.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизилген.

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

 

Меню