Menu

«Кумтөр Голд» компаниясы

Министрлер Кабинети «Кумтор Голд» компаниясынын 2021-жыл үчүн отчетун бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын 2021-жылкы жана убактылуу тышкы башкаруу мезгилиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчет берди.

Белгиленгендей, отчеттук мезгилде жакшы жыйынтыктар орун алган. Атап айтканда, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 13,6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөн. Натыйжада, чегерүүлөр планы 150% ашкан.

2021-жыл үчүн алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 млн АКШ долларын түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн АКШ доллары түшкөн.

Алтындын бир унциясына карата жалпы акчалай чыгым планга салыштырмалуу 220 долларга, же 16% ашуун кыскарган.

«Бул негизги көрсөткүч – өндүрүлгөн алтындын унций наркынын төмөндөшү көрсөткүчү боюнча гана компаниянын мурдагы менеджментине салыштырмалуу убактылуу тышкы башкаруучунун ишинин натыйжалуулугу жана чарбачылдыгы тууралуу айтууга болот», – деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.

Отчеттун жыйынтыгында Тенгиз Бөлтүрүк келерки жылга пландары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жакынкы пландарга жогорку сорбциялык активдүү рудаларды кайра иштетүү технологиясын өркүндөтүүгө, алтындын алынышын жогорулатууга,  кенди жер астынан казууну жана калдыктарды көмүүнү баштоого мүмкүндүк берүүчү туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу кирет.

2022-жылга «Кумтор Голд Компани» өнүктүрүү планы боюнча, 17 тоннадан ашуун алтын өндүрүү күтүлүүдө.

«Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана «Centerra Gold Inc.» тарабынан келтирилген тоскоолдуктарга карабастан, «Кумтөр Голд Компани» эмгек жамааты алдыга коюлган милдеттерди аткара алды. Кумтөр кени стабилдүү, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүүдө», – деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Кумтөр кенинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгына оң баа беришти.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКта убактылуу тышкы башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-б буйругу менен киргизилген.

Бөлтүрүк Тенгиз Аяпберген уулу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-майындагы № 25 буйругу менен ишкананын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган. Учурда Кумтөрдү толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо алдында турат.

Тенгиз Бөлтүрүк: Кумтөрдөгү тышкы башкарууну узартабыз

«Кумтөр Голд» компаниясындагы тышкы башкаруу узартылат. Бул тууралуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, тышкы башкарууну узартуу жөнүндө Министрлер кабинетине сунуш берилди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров жакынкы күндөрү чечим кабал алынарын маалымдады.

Кыргыз тарап май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Учурда Нью-Йоркто сот уланып жатат. Кыргыз тарап АКШдагы сот Кыргызстандагы кендин тагдырын чече албай турганын билдирип жатат.

Кумтөрдүн айланасындагы быйылкы окуялардан улам “Центерранын” Торонто жана Нью-Йорк биржаларындагы акцияларынын баасы төмөндөп кетти. Мындан улам Кыргызстандын “Центеррадагы” 26% үлүшүнүн наркы да төмөндөдү.

Меню