Menu

Кумшекер аткезчилиги

УКМК: Кыргызстандан 6 тонна кумшекерди Казакстанга мыйзамсыз алып чыгып бараткан аткезчилер кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Казакстан Республикасы менен чектеш чек арадагы өткөрүү пункттарында коррупциялык схемаларды жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынан мыйзамсыз опузалоолорду аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына кумшекерди мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө  КР жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-бенц” үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда  болжол менен 6 тонна кумшекерди алып чыгууга аракет кылуу фактысы аныкталган. Коштоочу документтерге ылайык, кумшекер тизмеге кирген эмес. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы №140 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ага ылайык кумшекерди жана анын түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынган.

Меню