Menu

Курманкул Зулушев

Курманкул Зулушев, Генпрокурор: "Кыргыз мамлекетинин келечеги десек бөлүнгөндү, трайбализмди, жердешчиликти токтотолу"

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй районунун жана Токмок шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан жеке көйгөйлөрүн, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар тууралуу айтышып, тийиштүү чара көрүп берүүнү сурашты.

Башкы прокурор ар бир кайрылуу жоопсуз калбастыгын белгилеп, мыйзам чегинде чукул арада чаралар көрүлөөрүн убадалады.

“Кыргыз мамлекетинин келечеги десеңер бөлүнгөндү, трайбализмди, жердешчиликти токтотолу”, – деп чакырды КР Генпрокурору Курманкул Зулушев.

Жолугушууга Чүй районун жана Токмок шаарынын 500гө жакын тургуну катышты.

 

Бакыт Төрөбаев: Элдин көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечүүгө жана аткарууга алабыз. Бул Президенттин бизге койгон талабы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Токтогул районунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту. Жолугушууга райондун ар кыл айылдарынан келген 400гө чукул адам катышты.

Бакыт Төрөбаев Президенттин тапшырмасы менен жеринде элдин үнүн угуп,  көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө аракет көрүү үчүн аймактарды кыдырууга чыкканын билдирди.

«Жакында эле Президентибиздин катышуусунда Токтогул районунун эли менен жолугушуу өткөң. Анда эл тарабынан 87 суроо-талап айтылып, анын негизинде 167 иш чаралар аткарууга алынган. Бүгүн да ал маселелер четинен ишке ашып жатат. Бүгүн да сиздер көтөргөн көйгөйлөр жеринде чечилип, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга аткарууга тапшырмаларды коебуз»- деди Бакыт Төрөбаев.

Жолугушууга катышкан тургундар негизинен жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, жеке маселелерине байланыштуу укук коргоо органдарына, соттун чечимдерине болгон нааразычылыктар көтөрүлдү. Ошондой эле кескин көтөрүлгөн маяна үчүн маданият кызматкерлери ыраазычылыктарын билдиришти. Мындан сырткары алыскы айылдагы медицина кызматкерлеринин таңкыстыгы, социалдык имараттардын жоктугу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.  Тургундардын кайрылуулары арыз түрүндө да кабыл алынып, алардын ар бирине жооп болору айтылды.

Президент Садыр Жапаровдун өлкөбүздүн аймактарына жумушчу сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, алардын басымдуу бөлүгүн соттордун чечимдерине,укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразычылыктар айтылган. Ошол себептен улам мамлекет башчысы тиешелүү жетекчилерди жер-жерлерге чыгып,   элдин маселелеринен кабар алууну тапшырмасын койгон.

Ушул сыяктуу эл менен жолугушуулар өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Зулушев Курманкул Токторалыевич үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти.

Ошондой эле, аталган тескеме менен Мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.

Эдил Байсалов Генпрокуратуранын министр А.Бейшеналиевге каршы козгогон бир кылмыш ишиндеги одоно калпты ачыкка чыгарды

4-июнь күнү КР Башкы прокуратурасы КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшшеналиевге каршы козголгон дагы бир кылмыш иши тууралу кеңири маалымат таратып, аны өлкөдөн 55.000.000 сомду мыйзамсыз Түркияга которуп чыгарып кетип, өлкөгө ири өлчөмдө – 55.000.000 сом зыян келтирген деп айыптаган болчу.

Төмөндө прокуратуранын ал пресс-релизинин толук текстин жарыялайбыз:

“Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги кээбир кызмат адамдары менен биргеликте өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке каршы контракт түзгөндүгү аныкталды.
2021-жылдын 08-июлунда “M.V.ch” Бахрейн компаниясы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда Саламаттык сактоо министрлигинде дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик мекемелерге акысыз негизде кызмат көрсөтүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Бирок, ага карабастан Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын “TC. I. T.” Компаниясы менен келишим түзүп, 54 млн. 836 миң 316 сом которгон.
Ал эми Бахрейн компаниясы менен түзүлгөн меморандумга ылайык долбоорду эч кандай мамлекеттик чыгымдарсыз бекер ишке ашмак. Бирок, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жеке кызыкчылыктардын негизинде дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын орнотууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн.
Натыйжада, мамлекетке 54 млн. 836 миң 316 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренелери (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.”
Бул маалыматты жарыялаган ЖМКлардын биринин Твиттердеги баракчасына КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Гммм. Которуп чыгарып кеткен? Жаңылыштык. Акча өз ордунда эле турат. Тескерисинче биз министрди ошол дары-мафияга каршы күрөшкө бөлүнгөн акчаны өздөштүрбөй ордунда калтырганы үчүн урушканбыз“, деп таң калуу менен комментарий жазды.

Курманкул Зулушев өзүнүн кызматтан убактылуу четтетилиши боюнча коомчулукка кайрылды

Урматтуу мекендештер!
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздердин кайрылууңуздарга өзүмдүн баракчам аркылуу жооп берүүнү туура көрдүм.
Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени, өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш.
Калыстык бул ар бир адамдын абийир соту. Мен дагы эч качан калыстыктын таразасын, акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келемин. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим – мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев жана генпрокурор Курманкул Зулушев тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, Кыргыз Республикасынын 66, 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып:

— Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу ал тергөө мезгилине ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсин,

— Зулушев Курманкул Токторалыевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматынан тергөө мезгилине убактылуу четтетилсин.

Ички иштер министри менен баш прокурорду кызматтан алуу талабы коюлду

Жарандык активисттер телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылууда.

Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева жана башка он чакты активист тараткан билдирүүгө ылайык, Биринчи Май райондук соту 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Буга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин өтүнүчү негиз берген.

Тергөө кызматы жүздөн ашуун адамдын иши былтыр 5-октябрдагы Ак үйдү басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынганын сотко маалымдаган. Тергөө кызматы сотко берген жүздөн ашуун оппозициялык маанайдагы адамдардын ичинде октябрь окуяларына эч кандай тиешеси жок жарандар да катталганы белгиленген.

Кайрылууну активисттер “Фейсбукка” жарыялап, токтом конституциялык укукту бузуп, адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү болорун белгилешкен.

“Биздин телефондор 6-январдан бери тыңшалып келе жатат. Тизмедеги жарандардын көпчүлүгү бийликтин саясатын сындаган активисттер. Бул жарандардын жеке жашоосу тууралуу маалымат алуу максатында тыңшоо – куугунтук болуп саналат. Токтом чыгарган судья Ч. Бердимуратов тергөөчү тарабынан сунушталган тизмедеги адамдардын иликтенип жаткан ишке тиешеси бары-жогун териштирбей туруп бул кадамга барган”, – деп белгилеген активисттер президент Садыр Жапаровдон бул фактыга тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылышты.

Алардын ичинде ИИМ министри Улан Ниязбековду жана баш прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алуу, ал эми тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаев менен Биринчи Май районунун судьясы Ч. Бердимуратовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу талап кылынган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, калайман тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган.

Бул окуядан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) массалык калайманды уюштуруу, мамлекеттик мекемелерди басып алуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон. Бир катар жарандык активисттер суракка чакырылып, саясатчы Жеңиш Молдакматов жана башка адамдар кармалып, камалган.

Меню