Menu

Кушубек Сабыров

ИИМ милиционерге бычак такап, колуна кишен салып, камактан качып чыккан Кушубек Сабыровго издөө жарыялады

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 5-июнга караган түндө, саат 1ден өткөндө Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен адам тууралуу маалымат берди.

Анда 1994-жылы туулган Кушубек Сабыровго издөө жарыяланганы, ага “адам өлтүрүү” өңдүү бир катар оор беренелер менен кылмыш иши козголгону, мурда соттолгону айтылат.

“Ал Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо), 207-беренеси (каракчылык), 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-майда күнү өткөн. Издөөдө жүргөн жаран Балыкчы шаарында туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон. Кылмышка шектүү саламаттыгы жакшы болбой жатканын айтып нөөмөткер-милиция кызматкерлерине кайрылып, жардам сураган. Милициянын сержанты кармоочу жайдын камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген. Ошол маалда Сабыров жүрөгү ооруганын, дары берүүнү өтүнгөн. Милиция кызматкери дары алып келген учурда Сабыров ага бычак такап, колуна кишен салып, бутун байлап, оозун таңып качып кеткен”,- деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.

Учурда кылмыш иши козголуп, аны издөө уланып жатат.

Меню