Menu

Кыз ала качуу

Ош: Ала качууга кабылган кыз куткарылды

Ошто 23 жаштагы кыз уурдалып бараткан жеринен куткарылганын 4-январда журналисттерге облустук милициядан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 31-декабрда Кара-Суу районунун аймагында болгон.

Милиционерлер жол эрежесин бузуп, машинасын карама-каршы тилкеге чыгып айдап бараткан айдоочуну токтотууга аракет кылышканы менен ал Өзгөн тарапты көздөй катуу ылдамдыкта айдап кетип калган.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери машинанын артынан көзөмөл жүргүзүп, аны Кыргыз-Чек айылына жеткенде токтото алышкан. Ичинде 25 жаштагы эки бала жана 23 жаштагы кыз баратканы аныкталган. Кыз милиционерлерди көргөндө аны никеге туруу максатында Ош шаарынан Кара-Кулжа районуна күчтөп уурдап алып баратышканын айтып, жардам сураган.

Тийиштүү материалдар чогултулуп, териштирүү жүрүп жатканы маалымдалды.

Кыргызстанда кыз ала качуу – оор кылмыш. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандар жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган.

Ысык-Көлдө кыз алып качып бараткандар кармалып, адам уурдоо беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Кечээ, 10-ноябрь күнү болжол менен саат 23:20 чамасында Ысык-Көл ОИИБы боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине, бир кызды бир канча жигиттер күч колдонуп унаага салып белгисиз тарапка кеткендиги тууралу багыттама алышкан.

Издөө иштеринин жыйынтыгында изи сууй электе ЖККК кызматкерлери тарабынан «Тойота Виш» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан Ак-Суу районунун тургуну 1996-ж.т. К уулу Б токтотулган. Текшерүү учурунда жогорудагы унаа каражаты менен айдоочу бир канча жигиттер, жогорудагы кызды  А. к. Н. мажбурлап никеге тургузуу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна кетип жатышканы такталды.

Авто унаа жана кармалган жарандар Балыкчы ШИИБө жеткирилип тергөо кызматына тапшырылып берилди.

Бул факты адам уурдоо беренеси менен Балыкчы ШИИБде кылмыш жана жооруктардын бирдиктүү реестиринде катталып тергөө иштери жүрүүдө.

Меню