Menu

Кыйноо

Тажик милициясы сурак учурунда 16 жаштагы өспүрүмдөн шымын чечүүнү талап кылып, "зордуктайбыз" деп коркутушкан

Тажикстандын Рашт районунун тургуну милиция кызматкерлери сурак маалында уулун “зордуктайбыз” деп коркутканын билдирүүдө. Жергиликтүү ички иштер башкармалыгы бул айыптоону четке кагууда.

16 жаштагы өспүрүм 30-мартта Навобод айылындагы уурулук ишин тергөөнүн алкагында суракка алынган.

“Озоди” радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, учурда Рашт райондук прокуратурасы аталган айылдагы уурулук фактысы менен катар милиция кызматкерлеринин сурак маалындагы аракеттери боюнча да тергөө иштерин жүргүзүүдө.

“Милиция кызматкерлеринин прокуратурадагы сурагы төрт күнгө созулду. Тергөө иштери уланып жатат, азырынча аларга каршы кылмыш иши козголо элек”, – деди аты-жөнүн айткысы келбеген прокуратура кызматкери.

Өспүрүмдүн атасы өткөн жумада уулу прокуратура имаратында милиция кызматкерлери менен беттештирилгенин билдирди.

“Уулум милиция кызматкерлери аны соода жайындагы уурулукту мойнуна алууга мажбурлашканын айтып берди. Ал макул болбой койгондон кийин милиция кызматкерлеринин бири анын кулагын чоюп, дубалды сүздүргөн. Андан соң шымын чечүүнү талап кылышкан. Уулум баш тартканда шымы менен ич кийимин күч менен чечип, зордуктайбыз деп коркутушкан. Беттештирүү маалында эки милиция кызматкери тең бул айтылгандарды четке кагышты”, – деди өспүрүмдүн атасы.

29-мартта Рашт районунудагы соода жайлардын биринен 6 миң сомониге (550 доллар) бааланган азык-түлүк уурдалган.

Тажикстанда кыйноо фактылары боюнча кылмыш иштери өтө сейрек козголот. Жергиликтүү укук коргоочулар менен жарандык активисттер өлкөдө күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн кыйноолор жана катаал мамиленин башка түрлөрү көп колдонуларын айтып келишет.

Кыйноолорду алдын алуу борбору: Ноокенде шектүү кыйноого кабылган

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө шектүү милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынып, кыйноого кабылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү райондук милицияга 10-ноябрда алып келинип ал адам өлтүрүү фактысы боюнча коюлган айыпты моюнуна алган. Укук коргоо кызматкерлери башка да кылмыш иштерин жасаганы тууралуу көрсөтмө алыш үчүн аны эки күн сабап, зордук-зомбулук көрсөтүп 12-ноябрда убактылуу кармоочу жайга киргизген.

15-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго шектүү кыйноого кабылганы боюнча маалымат түшүп борбордун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга барышкан. Ал жерде киши колдуу болгон кыздын жакындары борбордун кызматкерлерин коркутуп ишине тоскоолдук кылган.

Окуяны териштирүү үчүн 17-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө барган. Бирок милиция аны жана “Тез жардамдын” кызматкерлерин шектүүгө жолуктурган эмес.

Бул тууралуу Ноокен райондук ички иштер бөлүмү азырынча комментарий бере элек.

8-ноябрда Ноокен районунда суу аккан сайдан киши колдуу болгон кыздын сөөгү табылган. Райондук милиция бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, экспертиза дайындалган. Көп өтпөй кыздын өлүмүнө шек саналып, 58 жаштагы адам кармалганы кабарланган.

Орусияда тоноого айыпталган кыргызстандыктар кыйноого кабылганын билдиришти

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында тоноого айыпталган кыргызстандык жарандар соттон акталган соң кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Алар полиция кызматкерлери кылмыш ишин илүү үчүн сабап, кыйнаганын билдиришүүдө.

Санкт-Петербург шаарынын тургунун тоногон деп шектелген кыргызстандык үч жаранды июль айынын башында райондук сот актады. Фрунзе райондук соту аларды кылмыш ишине тиешеси жоктугуна байланыштуу сот залынан бошоткон.

Кыргызстандык үч жаран: Заирбек Дүйшө, Бекболот Меңишбай жана Нургазы Сарыков Санкт-Петербург шаарынын тургуну Нина Гусенкону тоногон деп шектелип, 2020-жылдын январында камакка алынган. Полиция Заир, Бекболот жана Нургазыны туугандары менен чогуу жашаган батиринен кармап кетишкен.

Акталган мигранттардын сөзүнө караганда, жаңы кармалган учурда полицияда аларды баштарына желим баштык кийгизип, электрошокер менен кыйнашкан. Желим союл менен ичке, белине урушкан. Кыйноого чыдабаган Заирбек Дүйшө менен Бекболот Меңишбай кылбаган кылмышты моюнуна алышка аргасыз болушкан.

Ал эми Нургазы Сарыков кыйноолорго карабай эч бир кагазга кол коюп берген эмес. Ал полиция кызматкерлери кылмыш ишин моюнуна илүү үчүн кыйнаганын билдирди:

“Бизди бөлүмгө алып барып, эки жарым суткадай кармашты. Кыйноо ошол жерде болду. Мени тынымсыз эки саат сабашты. Колумдагы кишенден кармап туруп, желим союл менен, жоокерлердин курунун темир жагы менен урушту. Акыры мен тура албай калганда токтотушту. Бизди убактылуу кармоочу жайда 12 күн атайын менин денемдеги көгала кетсин деген себеп менен кармашты. Ошо 12 күндөн кийин тергөө абагына алып барганда да денемдеги тактар кетпей, карайып турган”.

Нургазыны убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына алып барышканда, ал жердин жетекчилиги денесиндеги көгала тактан улам аны кабыл алуудан баш тарткан.

Булардын адвокаты Павел Литвинов айтымында, тергөөнүн башында жабырлануучу Гусенко тоногон адамдарды жакшы таанып кала албаганын, алар беткапчан болгонун айткан. Бирок кийинчерээк көрсөтмөсүн өзгөртүп, өзүн тоногондон кыргызстандык Нургазы, Заир жана Бекболот экенин билдирген.

“Кыргызстандыктардын бул ишке тиешеси жоктугун далилдөөгө – алар иштеген ишканалардагы видеокамералардын да жардамы тийген. Андагы тасмадан Заирбек иштеген жеринен 27-декбарда, саат 21:58де чыгып кеткени аныкталган. Тагыраагы, окуя болгон учурда Заирбек шаардын башка тарабындагы ишканасында болгон”, — деди адвокат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню