Menu

Кылмыштуулук

Нарын шаарында өспүрүмдөрдү коркутуп, уруп-сабап, опузалап акчасын, телефондорун, буюмдарын тоноп жүргөн рэкетир кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрь күнү  Нарын шаарынын тургуну М.К. милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал  2006-жылы туулган М.Н. аттуу инисин  “С” деген жигит коркутуп, уруп сабап,  денесине жаракат келтирип, 35 000 (отуз беш) миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылып жатканын билдирген.
Аталган факт Нарын ШИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле Нарын шаарынын 2003-жылы туулган жашоочусу И.Б. милицияга кайрылып, 11-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында “С”  аттуу бала ага таандык “Айфон XS”  үлгүсүндөгү  уюлдук телефонун коркутуп, опузалап тартып алганын билдирип, шектүүгө карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.  Нарын шаарынын 1977-жылы туулган тургуну  М.Г. дагы милицияга арыз менен кайрылып, анын 2006-жылы туулган  М.Н.  аттуу уулунун баасы 3000 сомдук өңү күрөң түстөгү барсеткасын “С”  деген бала 2022-жылдын 31-август күнү эч себепсиз уруп сабап, тартып алгандыгын билдирген.
Аталган фактылар Нарын ШИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүмү (Тоноо) менен  кылмыш иштери козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2006-жылы туулган М.Н. аттуу жабырлануучудан алган 12000 сом акча каражаты менен Нарын шаарынын тургуну 2004-жылы туулган М.С. кармалган. Шектүүнү тинтүү учурунда жогорудагы 12000 миң сом акча каражаты,  ал көтөрүп жүргөн өңү күрөң түстөгү барсеткасынан бир даана “Айфон XS”  үлгүсүндөгү өңү ак түстөгү уюлдук телефон жана сабы кара түстөгү бир даана бычак табылып алынган.
Бүгүнкү күндө арыз ээлери шектүү М.С. уруп сабап коркуткандыгын  билдиришкендиктен, аларга карата соттук-медициналык,  мындан тышкары М.С. жанынан чыккан бычакка соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалган.
Шектүү М.С. жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип Нарын шаардык сотунун токтому менен 2 айга камакка алынды.
Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.

Меню